# 106-статья. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана тилмечтерге төлөнүүчү суммалар

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 106-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-106

---

1. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана тилмечтерге алар сотко келишине байланыштуу жол-кире жана турак-жайды жалдоо боюнча чыгымдарынын орду толтурулат, ошондой эле суткалык акы төлөнөт.

2. Эгерде эксперттер жана адистер өзүнүн кызматтык милдеттеринин чөйрөсүнө кирбеген ишти соттун тапшырмасы боюнча аткарса, ал иш үчүн сыйлык акы алат. Сыйлык акынын өлчөмү эксперттердин жана адистердин пикирин эске алуу менен тараптардын макулдашуусу боюнча сот тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.

3. Тилмечтерге эмгек акы төлөө жана сотко келишине байланыштуу алар тарткан чыгымдарды төлөө тиешелүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

4. Сотко күбө катарында чакырылган иштеп жаткан адамдарга алар сотко келишине байланыштуу иште болбогон убакыт үчүн иштеген жериндеги орточо эмгек акысы сакталат. Эмгек мамилелеринде турбаган күбөлөр аларды демейки ишинен алагды кылгандыгы үчүн эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмүнө таянып, иш жүзүндө чыгымдалган убакытты эске алуу менен сыйлык акы алышат.

---

Мурунку берене: [105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-105)  
Кийинки берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-107)
