# КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"

- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси" (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12

---

КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ

1999-жылдын 29-декабры № 146 (КР 2001-жылдын 12-майындагы № 43, 2003-жылдын 30-июлундагы № 162, 2004-жылдын 26-июлундагы № 97, 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2004-жылдын 29-декабрындагы № 195, 2005-жылдын 18-июлундагы № 106, 2007-жылдын 1-июнундагы № 76, 2007-жылдын 25-июнундагы № 93, 2007-жылдын 10-августундагы № 145, 2008-жылдын 2-июнундагы № 103, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2009-жылдын 17-июлундагы № 225, 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 268, 2010-жылдын 19-январындагы № 5, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 210, 2012-жылдын 1-мартындагы № 10, 2012-жылдын 17-мартындагы № 21, 2012-жылдын 10-июлундагы № 101, 2013-жылдын 11-декабрындагы № 217, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48, 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2016-жылдын 18-майындагы № 63, 2016-жылдын 1-июлундагы № 97, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 147 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

## I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

## 1-Глава. Негизги жоболор

## 2-Глава. Соттун курамы. Баш тартуу

## 3-Глава. Сотко таандуулук

## 4-Глава. Сотко караштуулук

## 5-Глава. Ишке катышкан жактар

## 6-Глава. Соттогу өкүлчүлүк

## 7-Глава. Далилдер

## 8-Глава. Соттук чыгымдар

## 9-Глава. Жарандык сот ишин жүргүзүүдө администрациялык жаза берүү

## 10-Глава. Процесстик мөөнөттөр

## 11-Глава. Соттук кабарлоо жана чакыруулар

## 12-Глава. Сот актыларын аткаруу

## II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТО ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ

I. ДОО ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ

## 13-Глава. Доо коюу

## 14-Глава. Доону камсыз кылуу

## 15-Глава. Соттук териштирүүгө ишти даярдоо

## 16-Глава. Соттук териштирүү

## 17-Глава. Соттун чечими

## 18-Глава. Сот ишин жүргүзүүнү токтото туруу

## 19-Глава. Сот ишин жүргүзүүнү токтотуу

## 20-Глава. Арызды кароосуз калтыруу

## 21-Глава. Соттун аныктамасы

## 22-Глава. Протоколдор

## 23-Глава. Сырттан жүргүзүү жана сырттан чыгарылган чечим

II. БУЙРУК ИРЕТИНДЕГИ ИШ

## 24-Глава. Буйрук иретиндеги иш

III. АЙРЫМ КАТЕГОРИЯДАГЫ ИШТЕР БОЮНЧА СОТ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

## 25-Глава

. Жарандардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө иштер боюнча сот ишин жүргүзүү

## 26-Глава

. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо ыйгарым укугу берилген мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун талашуу жөнүндөгү арыздар боюнча сот иши

## 27-Глава

. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштер боюнча сот ишин жүргүзүү

## 28-Глава. Жарандар, юридикалык жактар, прокурорлор тарабынан ченемдик укуктук актылар талашылгандагы сот ишин жүргүзүү

ӨЗГӨЧӨ СОТ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ

## 29-Глава. Жалпы жоболор

## 30-Глава. Юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо

## 31-Глава. Жаранды дайынсыз жок деп табуу жана жаранды өлгөн деп жарыялоо

## 32-Глава. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп табуу

## 33-Глава. Жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация)

## 34-Глава. Кыймылдуу мүлктү ээси жок деп табуу жана ээси жок кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу

## 35-Глава

. Талап кылуучунун баалуу кагаздарына жана ордердик баалуу кагаздарга карата жоголгон менчик укугун калыбына келтирүү (кайра чакыртуу ишин жүргүзүү)

## 36-Глава. Психиатриялык стационарга жаранды мажбурлап жаткыруу

## 37-Глава. Жарандык абал актысындагы туура эмес жазууларды белгилөө

## 38-Глава. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө арыздарды карап чыгуу же аларды жүзөгө ашыруудан баш тартуу

## III БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОРДУН МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЖАНА КИРБЕГЕН АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА СОТ ИШИ

## 39-Глава. Соттун чечимине апелляциялык даттануу

39-1-Глава. Соттун чечимин кассациялык тартипте кайра кароо

## 40-Глава. Соттун аныктамасына апелляциялык даттануу

## IV БӨЛҮМ. МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН СОТ АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРАП ЧЫГУУ БОЮНЧА ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ

## 41-Глава. Көзөмөл инстанциясындагы сотто иш жүргүзүү

## 42-Глава. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жањы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо

## V БӨЛҮМ. ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАКТАР КАТЫШКАН ИШ БОЮНЧА СОТ ИШИ

## 43-Глава. Чет өлкөлүк жактардын жарандык процесстик укуктуулугу жана укукка кудуретсиздиги

## 44-Глава. Чет өлкөлөк жактар катышкан жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын соттору карап чыгышы

## VI БӨЛҮМ. ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА ЖАРАНДЫК СОТ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

## VII БӨЛҮМ. СОТ АКТЫЛАРЫН ЖАНА ДАГЫ БАШКА ОРГАНДАРДЫН АКТЫЛАРЫН АТКАРУУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ӨНДҮРҮШ

## 45-Глава. Жалпы жоболор

## 46-Глава. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчысын берүү боюнча иштердин өндүрүшү

## 47-Глава

. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүш 48-Глава. Эларалык соттордун, чет өлкөлүк соттордун, эларалык бейтарап соттордун (арбитраждардын), чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерин таануу жана аткаруу тууралуу иштер боюнча өндүрүш

## I БӨЛҮМ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

## 1-Глава

Негизги жоболор

### [1-статья. Жарандык сот ишин жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-1)

1. Кыргыз Республикасынын сотторунда жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

2. Башка мыйзамдарда жана ченемдик укуктук актыларында каралган жарандык процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.

3. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Жарандык иштер боюнча сот иши, аны кароо жана чечүү, айрым процесстик аракеттерди аткаруу жана сот актыларын ишке ашыруу мезгилинде күчүндө болгон мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-2)

(1) Адвокат - жеке жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын жүзөгө ашырууда аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн адам. (2) Апелляциялык даттануу - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан областтык соттун коллегиясына берилүүчү даттануу же талап. (3) Апелляциялык инстанция (экинчи инстанциядагы сот) - жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегияларынын жана биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек актыларына карата апелляциялык даттанууларды жана талаптарды карай турган областтык жана аларга теңештирилген соттор. (3-1) Жарандык иштер (ушул Кодекстин мааниси боюнча) - жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу таламдаш жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо боюнча иштер, анын ичинде администрациялык жана экономикалык иштер. (4) Мыйзамдуу өкүлдөр - ишке катышкан адамдын ата-энеси, багып алган ата-энеси, камкорчусу, тарбиялоочусу, ошондой эле ишке катышкан адам камкордугунда турган уюмдун жана адамдардын өкүлдөрү. (5) Доо коюу арызы - өзүнүн бузулган же талашылып жаткан субъективдүү укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоого таламдаш адамдын сотко берген процесстик документи. (5-1) Кассациялык даттануу - биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышкан жактар тарабынан областтык соттун сот коллегиясына берилүүчү даттануусу же талабы. (5-2) Кассациялык инстанция - биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата кассациялык даттанууларды жана талаптарды карай турган областтык соттун сот коллегиясы. (6) Ишке катышкан жактар - тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, үчүнчү жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылган же корутунду берүү үчүн процесске кирген жактар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө сот ишин жүргүзүүдөгү таламдаш жактар. (6-1) Көзөмөл даттануусу - мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышкан жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларына берилүүчү даттануусу же талабы. (7) Көзөмөл инстанциясы - процесске катышуучулардын даттануулары жана талаптары боюнча жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын карай турган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиялары. (8) Аныктама, чечим, токтом, буйрук - сот отурумдарында сот тарабынан чыгарылган сот актысы. (81) Областтык сот - областтык жана аларга теңештирилген сот (Бишкек шаардык соту). (9) Төрагалык кылуучу - ишти коллегиялык кароодо төрагалык кылуучу же жеке өзү кароочу судья. (10) Талап кылуу - прокурордун сот актысына карата даттануусу. (11) Прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, областтардын прокурорлору, Бишкек шаарынын прокурору, райондук жана шаардык прокурорлор, областтык, райондук, шаардык прокурорлорго теңештирилген аскер, транспорттук жана башка прокурорлор, алардын орун басарлары жана жардамчылары, прокуратуранын башкармаларынын жана бөлүмдөрүнүн өз компетенциясынын чектеринде аракеттенген прокурорлору. (12) Протокол - сот жыйналышында болгон аракеттер катталган процесстик документ. (121) Райондук сот - райондук жана аларга теңештирилген соттор (эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, шаардагы райондук сот, шаардык сот, областтардын жана Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту). (13) Тараптар - жарандык сот ишин жүргүзүүдө тең укуктуулук жана атаандашуучулук башталышында чыгуучу органдар жана адамдар. (14) Сот - жарандык иштер боюнча кандай гана болбосун сот, судья, сот коллегиясынын же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын соттук курамы, биринчи инстанция боюнча, апелляциялык тартипте, кассациялык тартипте, сот көзөмөлү тартибинде жарандык ишти карай турган. (15) Судья - ишти кароочу кандай гана болбосун соттун кесипкөй судьясы, төрагасы, соттун төрагасынын орун басары. (16) Биринчи инстанциядагы сот - сот отурумунда иштин жагдайын түздөн-түз аныктоого жана ал боюнча сот актыларын кабыл алууга карата ыйгарым укугу бар сот. (17) Жеке даттануу - процесске катышуучулардын биринин сот отурумунда чыгарылган сот аныктамасына же судьянын токтомуна карата даттануусу. (18) Жекече аныктама - сот мамлекеттик органдардын, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын мыйзамдын бузулушунун аныкталган фактыларына, аларды жасоого өбөлгө болгон себептерге жана шарттарга жана тийиштүү чараларды кабыл алууну талап кыла тургандыгына көңүл бура турган аныктама. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [3-статья. Жарандык сот ишин жүргүзүүнүн милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-3)

1. Жарандык сот ишин жүргүзүүнүн милдеттери жарандардын жана менчигинин формасына карабастан Кыргыз Республикасынын укуктарын жана таламдарын юридикалык жактардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык, эмгектик, администрациялык жана башка укуктук мамилелердин субъектиси болгон башка жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу талаптарын коргоо, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды коргоо болуп эсептелет.

2. Жарандык сот ишин жүргүзүүнүн мыйзам тарабынан белгиленген тартиби иштердин туура жана өз убагында каралашын жана чечилишин, мыйзамдуу сот актыларынын чыгарылышын, алардын анык аткарылышын камсыз кылууга, мыйзамдуулуктун, укук тартибинин бекемделишине өбөлгө түзүүгө жана укук бузуулардын алдын алууга өбөлгө түзүүгө тийиш.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [4-статья. Коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-4)

1. Таламы бар ар кандай адам мыйзам тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз.

2. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар мамлекеттик же коомдук таламдарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

3. Эгерде мыйзам тарабынан айрым категориядагы иштер үчүн сотко чейин жөнгө салуу тартиби белгиленгенсе же ал келишимде каралса, анда мындай иштер ушундай тартип сакталгандан кийин гана сотко берилиши мүмкүн.

### [5-статья. Сотто жарандык ишти козгоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-5)

1. Сот жарандык ишти өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоого таламы бар адамдын арызы боюнча козгойт.

2. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда, жарандык иш башка жактын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын, ошондой эле адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнүн таламдарын, же болбосо мамлекеттик же коомдук таламдарды коргоого киришип жаткан адамдын арызы боюнча козголушу мүмкүн.

### [6-статья. Соттун сот адилеттигин жүзөгө ашырышы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-6)

1. Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги соттор тарабынан гана жарандык сот ишин жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарда каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [7-статья. Мыйзам жана сот алдында бардыгынын тең укуктуулугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-7)

Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги жынысына, расасына, улутуна, тилине, диний ынанымдарына, саясий жана диний көз караштарына, ата-тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жашаган жерине жана жекече же коомдук жагдайдагы башка шарттарга жана жагдайларга карабастан бардык жарандардын, ошондой эле менчигинин формасына, жайгашкан жерине, баш ийүүчүлүгүнө жана башка жагдайларга карабастан, бардык юридикалык жактардын мыйзам жана сот алдында тең укуктуулугунун башталышында ишке ашырылат.

### [8-статья. Жарандык иштерди жеке бир киши тарабынан жана коллегиалдуу кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-8)

1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, райондук соттордо биринчи инстанция боюнча жарандык иштерди судья жеке өзү карайт.

2. Жарандык иштер областтык соттун сот коллегиясында апелляциялык жана кассациялык тартипте үч судьядан турган соттук курам тарабынан коллегиалдуу түрдө каралат.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык, администрациялык жана экономикалык иштерди көзөмөл тартибинде кароо соттук коллегиялардын үч судьядан турган соттук курамдары тарабынан ишке ашырылат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [9-статья. Судьялардын көз карандысыздыгы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-9)

1. Сот адилеттигин ишке ашырууда судьялар көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамга гана баш ийет.

2. Судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиги Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдар менен белгиленет.

3. Судьялар жарандык иштерди башкалардын таасири жокко чыгарылган шарттарда карашат. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка органдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын, юридикалык жактардын ар кандай кийлигишүүсүнө жол берилбейт жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

### [10-статья. Сот адилеттигинин атаандашуучулуктун жана тең укуктуулуктун негизинде ишке ашырылышы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-10)

1. Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги тараптардын атаандашуусунун жана тең укуктуулугунун негизинде ишке ашырылат.

2. Объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо менен сот процесске жетекчилик кылат, ишке катышкан жактарга алардын укуктары менен милдеттерин түшүндүрөт, жарандык иштерди чечүүдө далилдерди ар тараптан жана толук иликтөө, жагдайларды белгилөө жана мыйзамдарды туура колдонуу үчүн шарттарды түзөт.

### [11-статья. Сот ишин жүргүзүүдө колдонулуучу тил](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-11)

1. Жарандык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү мамлекеттик жана расмий тилдеринде ишке ашырылат.

2. Сот иши жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышып чыгуу, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүү, өз эне тилинде сүйлөө жана өтүнүч билдирүү, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте тилмечтин кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.

3. Соттун документтери ишке катышкан жактарга алар билген тилге которулуп тапшырылат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [12-статья. Соттук териштирүүнүн маалымдуулугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-12)

1. Ишти териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Эгерде алар ишке катышкан жактар же күбөлөр болбосо, соттун жыйналышына кирүүгө он алтыга толо элек жарандарга жол берилбейт.

2. Соттун ачык жыйналышындагы ишке катышкан же ар кандай таламдаш жактар жазуу жүзүндө же үн жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук териштирүүнүн жүрүшүн каттап алууга укуктуу. Соттун отурумун киного, сүрөткө, көрмө тасмага тартып алуу, түздөн-түз радио- жана телеберүү соттун уруксаты менен жүргүзүлөт.

Жабык сот жыйынынын кино- жана сүрөткө, көрмөтасмага тартуу, үн жазгычка жазуу соттун уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Жабык сот жыйынын радио жана телекөрсөтүү аркылуу түз алып берүүгө жол берилбейт.

3. Мамлекеттик жашыруун сыр болгон маалыматтарды камтыган иштер, ошондой эле мыйзамда белгиленген башка иштер соттун жабык отурумунда каралат жана чечимдер жарыяланат. Соттук жабык териштирүүгө сотко катышкан жактын коммерциялык же мыйзам аркылуу корголуучу башка сырды сактоо, жарандардын жекече турмушу жөнүндөгү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо зарылчылыгына таянуу өтүнүчү канааттандырылганда жана ачык талкуулоо иштин туура каралышына жолтоо болуучу башка жагдайларга жараша жол берилет.

4. Соттун жабык отурумунда ишти кароо жана чечимди жарыялоо жөнүндө сот жүйөсүн көрсөтүү менен аныктама чыгарат. Бул аныктамада жабык сот жыйналышына катышып жаткан адамдардын ишти кароодо ага белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилиги жөнүндө сот тарабынан эскертилгендиги тууралу көрсөтүлөт.

5. Ишти соттун жабык отурумунда териштирүүдө ага иштин катышуучулары, алардын өкүлдөрү, ал эми зарыл учурда ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер, тилмечтер катышат.

6. Соттун жабык отурумунда иш жарандык сот ишин жүргүзүүнүн бардык эрежелерин сактоо менен каралат жана чечилет.

7. Бардык учурларда соттун чечими элге ачык жарыяланат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2010-жылдын 19-январындагы № 5 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [13-статья. Жарандык ишти чечүүдө сот тарабынан колдонулуучу ченемдик укуктук актылар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-13)

1. Сот жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чечүүгө милдеттүү.

2. Соттун Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууга укугу жок.

3. Талаш маселелерди жөнгө салуу үчүн укук ченемдери жок болгон учурда, сот буга шайкеш мамилелерди (мыйзамдардын окшоштугу) жөнгө салуучу укук ченемдерин колдонот, ал эми андай ченемдер жок болгон учурда, ишти жана жарандык-процесстик мыйзамдардын жалпы башталыштарына маңызына (укуктардын окшоштугу) жана ак ниеттүүлүктүн, аң-сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына негизденүү менен чечет.

4. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо сот колдонулууга тийиш мыйзам же башка ченемдик укуктук акт Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген адамдын укуктары менен эркиндиктерине шек келтирсе жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келсе, анда ал ишти жүргүзүүнү токтотуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык палатасына бул актыны конституциялык эмес деп таануу жөнүндөгү өтүнүч менен кайрыла алат. Сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими алынгандан кийин ишти жүргүзүү улантылат.

5. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Ишти кароодо жана чечүүдө сот Мыйзамга же эл аралык келишимге ылайык эл аралык укуктун ченемдерин же башка мамлекеттин укук ченемдерин колдонот.

7. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын макулдашуусунда тиешелүү маселени чечүү сотко калтырыла тургандыгы белгиленсе, анда сот бул маселелерди адилеттүүлүктүн жана акыл-эстүүлүктүн критерийлерине негизденип чечүүгө милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [14-статья. Сот актыларынын милдеттүүлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-14)

1. Сот жарандык иштер боюнча соттук актыларды чечим, буйрук, аныктама жана токтом түрүндө кабыл алат.

2. Кыргыз Республикасынын сотторунун жарандык иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген актылары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар, кызмат адамдары жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар тарабынан кыйшаюсуз аткарылууга тийиш.

3. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын аткарбоо, ошого - тете сотко карата ар кандай урмат көрсөтпөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

4. Сот актыларынын милдеттүүлүгү ишке катышпаган таламдаш тараптарды өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## 2-Глава

Соттун курамы. Баш тартуу

### [15-статья. Соттун курамы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-15)

1. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 8-статьясына ылайык биринчи инстанциядагы иштерди судьялар өздөрү жекече карашат. Ишти жеке өзү карап жаткан судья соттун атынан аракеттенет.

2. Областтык соттордогу жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер апелляциялык жана кассациялык тартипте жарандык иштер боюнча же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын үч судьясынын курамында каралат.

3. Жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык иштер боюнча же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын үч судьясынан турган соттук курамы болгон учурда каралат.

4. Ишти караган учурда бардык судьялар бирдей укуктардан пайдаланышат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [16-статья. Соттун коллегиялык курамда маселе чечүүсүнүн тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-16)

1. Соттун коллегиялык курамда иштерди кароосунда пайда болгон бардык маселелер судьялар тарабынан көпчүлүк добуш менен чечилет. Судьялардын бирөө да добуш бербей коюуга укугу жок. Отурумда төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет.

2. Көпчүлүктүн чечими менен макул болбогон судья бул чечимге кол коюуга милдеттүү жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө жазууга укугу бар, ал ишке тиркелет, бирок жарыя кылынбайт. Ишке катышкан жактарга өзгөчө пикир тааныштырылбайт.

### [17-статья. Судьядан баш тартуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-17)

1. Судья:

1) эгерде ал ишке катышкан жактардын же алардын өкүлдөрүнүн биринин тууганы болсо;

2) эгерде ал жеке өзү, түздөн-түз же кыйыр түрдө иштин натыйжасына таламдаш болсо же анын калыс экендигине күмөн туудурган башка жагдайлар болсо;

3) эгерде ал иштин мурдагы каралышында прокурор, эксперт, адис, тилмеч, өкүл, сот отурумунун катчысы катары катышса, ишти карай албайт жана андан баш тартылууга тийиш.

2. Ишти карап жаткан соттун курамына өз ара тууганчылыгы бар адамдардын кириши мүмкүн эмес.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [18-статья. Судьянын ишти экинчи жолу кайра кароого катышуусуна жол берилбестиги](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-18)

1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти кароого катышкан судья ушул эле ишти башка инстанциялардагы кароого катыша албайт.

2. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайрадан караган учурларды кошпогондо, биринчи же апелляциялык, кассациялык инстанцияда каралган ишке катышкан судья ушул эле иш ушундай эле инстанцияда кайра каралганда катыша албайт.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти көзөмөл тартибинде кароого катышуусу анын ушул ишти көзөмөл тартибинде кайрадан кароого катышуусуна тоскоол болбойт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [19-статья. Прокурордон, эксперттен, адистен, тилмечтен, сот отурумунун катчысынан баш тартуу үчүн негиздер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-19)

1. Ушул Кодекстин 17-статьясында көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер экспертке, адиске, тилмечке, сот отурумунун катчысына карата да колдонулат.

Мындан тышкары эксперт же адис:

1) эгерде алар ишке катышкан жактардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бирөөнө кызмат жагынан же башкача түрдө мурда же азыр көз каранды болсо;

2) эгерде алар материалдары сотко кайрылуу үчүн негиз болууга же бул ишти кароодо колдонулууга кызмат кыла тургандай текшерүү жүргүзүшсө;

3) алардын компетенттүү эместиги аныкталган учурда, ишти кароого катыша албайт.

2. Эксперттин, адистин, тилмечтин жана сот отурумунун катчысынын ушул эле иштин мурдагы каралашында тиешелүү түрдө эксперт, адис, тилмеч, сот отурумунун катчысы катары катышышы алардан баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт.

3. Ушул кодекстин 17-статьясынын 1-пунктунун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер прокурорго да жайылтылат. Мында бул ишти прокурор катары мурдагы кароого прокурордун катышканы баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [20-статья. Баш тартуу же өз алдынча баш тартуу жөнүндө арыз](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-20)

1. Ушул Кодекстин 17, 18 жана 19-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда судья өзалдынча баш тартуу билдирүүгө милдеттүү.

Ушул Кодекстин 17-статьясында жана 19-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот отурумунун катчысы өзалдынча баш тартуу билдирүүгө милдеттүү. Ишке катышкан башка жактар да ушундай эле негиздер боюнча баш тартуу билдириши мүмкүн.

2. Баш тартуу же өз алдынча жүйөлүү болууга жана иш маңызы боюнча каралганга чейин билдирилүүгө тийиш. Иштин маңызы боюнча каралышынын жүрүшүндө баш тартуунун же өз алдынча баш тартуунун негизи сотко же өз алдынча баш тартуу же баш тартуу жөнүндө билдирип жаткан адамга иш карала башталгандан кийин белгилүү болгон учурда гана жол берилет.

3. Сот адилеттигин ишке ашыруудан негизсиз баш тартууга жол берилбейт.

4. Судьядан жүйөлүү себепсиз баш тартуу жөнүндөгү арыз канааттандырылууга тийиш эмес.

КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [21-статья. Билдирилген баш тартууну кароонун тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-21)

1. Баш тартуу билдирилген учурда, сот ишке катышкан жактардын пикирин, ошондой эле баш тартылган адам түшүндүрмө берүүнү кааласа, баш тартуу билдирилген адамды да угат.

2. Баш тартуу жөнүндө маселе соттун кеңешүүчү бөлмөдө чыгарылган соттун аныктамасы түрүндө чечилет.

3. Судьяга карата билдирилген баш тартуу же ишти жекече караган судьянын өз алдынча баш тартуусу ошол эле судья тарабынан чечилет.

4. Ишти соттун коллегиялуу курамында кароодо бир судьядан баш тартуу жөнүндөгү маселе калган судьялар тарабынан баш тартылып жаткан судья жок болгон учурда чечилет. Баш тартуу жана баш тартууга каршы добуштар бирдей болуп калган учурда, судья чыгарылды деп эсептелет. Бир нече судьяга же соттун бүтүндөй курамына карата билдирилген баш тартуу ушул эле сот тарабынан анын толук курамында добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен чечилет.

5. Прокурордон, эксперттен, адистен, тилмечтен, сот жыйналышынын катчысынан баш тартуу жөнүндөгү маселе ишти карап жаткан сот тарабынан чечилет.

6. Эгерде бир эле учурда судьяга жана прокурорго, экспертке, адиске, тилмечке, сот отурумунун катчысына карата баш тартуу билдирилсе, анда биринчи кезекте судьядан баш тартуу жөнүндөгү маселе чечилет.

7. Баш тартуу же өзалдынча баш тартуу жөнүндөгү маселени кароонун натыйжасы боюнча сот тарабынан жүйөлүү аныктама чыгарылат. Ишти жеке өзү карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу, же судьянын өз алдынча баш тартуусу жөнүндө сот тарабынан чыгарылган аныктамага жекече даттануу берилиши мүмкүн. Баш тартуу же судьянын өзүнүн баш тартуусу жөнүндө сотту аныктоого жеке даттануу аппеляциялык даттануу менен бир убакта каралган иш боюнча соттун чечимине берилет.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 29-октябрындагы N 52-р чечими

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2007-жылдын 25-июнундагы № 93, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 268, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [22-статья. Баш тартуу жөнүндөгү билдирүүнү канааттандыруунун натыйжалары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-22)

1. Райондук (шаардык) сотто ишти караган судьядан баш тартылган учурда, бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Иш каралып жаткан сотто судьяны алмаштыруу мүмкүн болбосо, иш башка райондук (шаардык) сотко жогору турган сот аркылуу берилет.

2. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, областтык сотто, Бишкек шаардык сотунда кароодо судьядан баш тартылганда бул иш ошол эле сотто, бирок судьялардын башка курамы тарабынан каралат.

3. Эгерде баш тартууну канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 18-статьясында көрсөтүлгөн себептер боюнча областтык сотто, Бишкек шаардык сотто жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, анда иш жогору турган сот аркылуу ошол эле деңгээлдеги башка сотко берилүүгө тийиш.

(КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## 3-Глава

Таандуулук

### [23-статья. Жарандык иштердин сотторго таандуулугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-23)

1. Эгерде аларды коргоо соттук башкача тартипте жүзөгө ашырылбаса, соттор жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде таламдаш жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо боюнча бардык иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карайт.

2. Соттор жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде, атап айтканда:

1) үй-бүлөлүк же эмгектик укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар боюнча иштерди;

2) эгерде тараптардын бир жагы эле жаран болсо, башка жарандык, турак-жай, жер мамилелеринен, табигый ресурстарды пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар боюнча иштерди;

3) эгерде тараптардын жок дегенде бири жаран болсо, башка тараптардын биринин экинчисине бийлик жагынан жагынан баш ийүүсүнө негизделген мамлекеттик-укуктук, администрациялык-укуктук, салыктык жана башка мамилелерден келип чыккан иштерди;

4) эгерде аларды коргоо башкача сот тартипте ишке ашырылбаса, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлердин, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын бузган чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) жарандар тарабынан талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү болгондон башка учурларда жарандар тарабынан ченемдик укуктук актылардын талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди;

6) белгисиз жактардын чөйрөсүнө тиешелүү жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузган ченемдик укуктук актылардын прокурорлор тарабынан өз компетенциясынын чектеринде талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди;

7) юридикалык жактардын уюштуруучулары менен мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосундагы юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселелери боюнча, ошондой эле кызыкдар жактардын юридикалык жакты жоюу жөнүндө арызы боюнча талаштар жөнүндө иштер;

8) юридикалык жактардын жана аларды уюштуруучулардын, катышуучулардын, акционерлердин ортосундагы талаштар боюнча иштер;

9) ушул Кодекстин 270-статьясында саналып өткөн соттук өзгөчө ишти жүргүзүүдөгү иштерди карайт.

10) юридикалык жактардын жана/же жеке ишкерлердин ортосундагы жарандык, администрациялык жана дагы башка укуктук мамилелерде келип чыккан экономикалык талаштар боюнча иштерди.

Ушул пункттун 9-пунктчасында каралган жарандык иштер ушул Кодексте каралган өзгөчөлүктөр менен жарандык сот иши тартибинде каралат. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштер доо боюнча сот ишин жүргүзүү тартибинде каралат. Эгерде мыйзам тарабынан аларды коргоонун башка тартиби белгиленбесе, соттор жарандык, саясий, социалдык, маданий жана башка укуктарды жана жарандын мыйзам тарабынан корголуучу эркиндиктерин коргоо жөнүндөгү башка иштерди да карайт.

3. Эгерде ал мыйзамда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде, же тараптардын макулдашуусунда каралса, соттор чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын катышуусу менен болгон иштерди карайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [24-статья. Талаш-тартышты аксакалдар сотунун чечүүсүнө өткөрүп берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-24)

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурда, жарандык иш тараптардын макулдашуусу боюнча аксакалдар сотунун чечүүсүнө өткөрүп берилиши мүмкүн.

### [25-статья. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын ведомствого караштуулугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-25)

1. Бири жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелери боюнча каралган, башкалары - экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүнүн эрежелери боюнча каралган бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптарды бириктирүүдө бардык талаптар, эгерде аларды ажыратып бөлүү мүмкүн болбосо, ушул Кодекстин VI бөлүмүндө каралган экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерине ылайык каралууга тийиш.

2. Эгерде биринчи инстанциядагы сотто ишти кароодо ушул иш ушул Кодекстин VI бөлүмүнүн эрежелери менен каралууга тийиш экендиги аныкталса, анда сот ишти экономикалык иштер боюнча жарандык сот иши жүргүзүү тартибинде кароо жөнүндө аныктама чыгарат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## 4-Глава

Сотко караштуулук

### [26-статья. Жарандык иштердин соттордо каралууга тийиштүүлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-26)

1. Райондор аралык сотто каралууга тийиш болгон иштерди кошпогондо, райондук сотто (шаардагы райондук сотто, шаардык сотто) бардык жарандык иштер каралууга тийиш.

2. (КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Райондор аралык сот төмөндөгү иштерди карайт.

- юридикалык жактарды уюштуруучулардын арасындагы, юридикалык жактардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосундагы юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселелери боюнча, кызыкдар жактардын юридикалык жакты жоюу жөнүндө арызы боюнча талаштар жөнүндө;

- уюштуруучулардын, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактардын уюштуруучуларынын ортосундагы өз ара талаш-тартыштар боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын компетенциясына гана кирген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, дагы башка органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамга ылайык келбеген жана жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан коргоого алынган таламдарын бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү;

- прокурорлор тарабынан өздөрүнүн компетенциясынын чегинде чектелбеген чөйрөдөгү жактарга тиешелүү болгон жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү;

- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, алардын кызмат адамдарынын жана мамлекеттик кызматчылардын ченемдик эмес актыларын, чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуулары жөнүндөгү;

- соттордун токтомдорунан бөлөк администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун талашуу жөнүндөгү;

- менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарын юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенген жана жекече ишкер статусуна ээ болгон жарандардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосунда процесстик мыйзамга ылайык жарандык, администрациялык, салыктык, бажы жана башка укук мамилелеринен келип чыккан экономикалык талаштар боюнча;

- банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө;

- администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерден, жарандардын жана шайлоо процесстерине катышкан дагы башка катышуучулардын шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө иштерден, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштерден, жарандык абалдын актыларына каттоо китебиндеги жазуулардын туура эместигин белгилөө жөнүндөгү иштерден, нотариус иштерин жасоого же аларды жасоодон баш тартууга карата арыздар боюнча иштерден бөлөк мыйзамда каралган дагы башка иштер.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [27-статья. Гарнизондук аскер сотуна караштуу жарандык иштер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-27)

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

### [27-1-статья. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын сотко караштуулугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-27-1)

1. Бири райондор аралык сотко караштуу болгон, ал эми башкалары райондук сотко караштуу болгон өзара байланышкан бир нече доо талаптары бириктирилгенде иш райондор аралык сотто каралууга тийиш.

2. Эгерде ишти райондук сотто териштирүүдө ал райондор аралык соттун кароосуна тийиштүү болуп чыкса, сот ишти райондор аралык соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

2-1. Эгерде райондор аралык сотто иштерди териштирүүдө ал райондук соттун соттук иши болуп калса, сот ишти райондук соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

3. Эгерде сумманы өндүрүп алуу жөнүндөгү ишти кароонун жүрүшүндө доогер өзүнүн талаптарын өзгөртсө жана карызкорду (жоопкерди) банкрот (кудуретсиз) деп таанууну өтүнсө, иш сотко караштуулугу боюнча райондор аралык сотко жөнөтүлөт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [28-статья. Жашаган жери же жоопкердин жайгашкан жери боюнча доо коюу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-28)

Доо жоопкердин жашаган жериндеги сотко берилет. Юридикалык жакка карата доо юридикалык жактын жайгашкан жери же анын мүлкү турган жери боюнча коюлат. Юридикалык жакка карата уюштуруучунун (катышуучунун, акционердин) доосу ушул юридикалык жактын жайгашкан жери боюнча коюлат. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [29-статья. Доогердин тандоосу боюнча сотко караштуулук](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-29)

1. Жашаган жери, жүргөн жери белгисиз болгон же Кыргыз Республикасында жашаган жери жок болгон жоопкерге карата доолор Кыргыз Республикасындагы анын мүлкүнүн жайгашкан жери боюнча же акыркы белгилүү болгон жашаган жери, же жүргөн жери боюнча коюлушу мүмкүн.

2. Юридикалык жактын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн иш-аракетинен келип чыккан доо доогер тарабынан филиалдын же өкүлчүлүктүн жайгашкан жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

3. Алиментти өндүрүү жөнүндө же атасы экендигин аныктоо жөнүндө доогер жашаган жер боюнча да коюлушу мүмкүн.

4. Мертинүү же ден соолугун башкача түрдө бузуу, ошондой эле баккан адамынын өлүмү менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доо доогер тарабынан жашаган жери боюнча жана зыяндын келтирилген жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

5. Белгиленген тартипте дайыны жок, психикасы бузулгандан улам аракетке жөндөмсүз деп табылган, ошондой эле кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан узак мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар менен никени бузуу жөнүндөгү доо доогердин жашаган жери боюнча коюлушу мүмкүн.

6. Никени бузуу жөнүндөгү доо доогердин колунда бойго жете элек балдары болгон, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу доогер жоопкердин жашаган жерине баруу кыйынчылык туудурган учурда, доогердин жашаган жери боюнча коюлушу мүмкүн.

7. Мыйзамсыз соттоого, мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартууга, бөгөт коюу катары мыйзамсыз камакка алууга, эки жакка барбоо жөнүндө колкат алууга же камакка алуу түрүндө мыйзамсыз администрациялык жаза чарасын көрүүгө байланыштуу жаранга келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу эмгектик, пенсиялык жана турак-жай укуктарын калыбына келтирүү, мүлктү же анын наркын кайтарып берүү жөнүндөгү доо доогердин жашаган жери боюнча коюлушу мүмкүн.

8. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген администрациялык органдардын жана кызмат адамдарынын жазапулдарды салуу же башка жазаларды берүү тууралу токтомдорун талашуу жөнүндөгү арыз доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

9. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү доо доогердин жашаган жери боюнча же келишим түзүлгөн же аткарылган жер боюнча да коюлушу мүмкүн.

10. Аткарыла турган жери көрсөтүлгөн келишимден келип чыккан доо келишимдин аткарыла турган жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

11. Ушул Кодекстин 30-статьясында белгиленген сотко караштуулуктан башка учурларда, ушул статьяга ылайык иш караштуу болгон бир нече соттун бирөөнү тандап алуу доогерге таандык болот.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [30-статья. Сотко өзгөчө караштуулук](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-30)

1. Жер участокторуна, жер кенчтеринин участокторуна, обочолонгон суу объекттерине, токойго, көп жылдык бак-дарактарга, имараттарга, курулуштарга жана жерге бекем байланышкан башка объекттерге кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө, ошондой эле мүлктү камактан чыгаруу жөнүндөгү доо бул объекттердин жайгашкан жери боюнча коюлат.

2. Мурас берүүчүнүн кредиторлорунун мураскорлор мурасты алганга чейинки доолору мурасталып жаткан мүлк же анын негизги бөлүгү жайгашкан жер боюнча коюлат.

3. Жүктү же жүргүнчүлөрдү ташуу келишимдеринен келип чыккан ташуучуга карата доо транспорт ишканасынын органы жайгашкан жер боюнча коюлат.

### [31-статья. Өз ара байланыштуу бир нече иштердин сотко караштуулугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-31)

1. Ар кайсы жерлерде жашаган же жайгашкан бир нече жоопкерлерге карата доо доогердин тандоосу боюнча жоопкерлердин бири жашаган же жайгашкан жери боюнча коюлат.

2. Карама-каршы доо, анын кайсы сотто караштуулугуна карабастан, алгачкы доо каралган жердеги сотто коюлат.

3. Эгерде ал билдирилбесе же жазык ишин жүргүзүүдө чечилбесе, кылмыш ишинен келип чыккан жарандык доо, ушул Кодексте сотко караштуулугуна карата белгиленген эрежелер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде кароо үчүн коюлат.

### [32-статья. Келишим боюнча сотко караштуулук](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-32)

Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ошол иш үчүн сотко аймактык караштуулукту өзгөртүшү мүмкүн. Ушул Кодекстин 30-статьясында белгиленген сотко караштуулук тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

### [32-1-статья. Талаштарды бейтарап соттун чечишине өткөрүп берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-32-1)

Сотко таандык талаш тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чечим кабыл алынганга чейин биринчи инстанциядагы сот тарабынан бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [33-статья. Сот тарабынан өзү жүргүзүү үчүн кабыл алынган иштин башка сотко өткөрүлүп берилиши](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-33)

1. (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

2. Сот ишти:

1) жашаган жери же жүргөн жери мурда белгисиз болгон жоопкерге ишти анын жашаган жери же жүргөн жери боюнча сотко өткөрүп берүүнү өтүнсө, анда ушул өтүнмө сот тарабынан канааттандырылат.

2) эгерде бир же бир нече судьядан баш тартылгандан кийин же башка себептер менен ишти бул сотто кароо мүмкүн болбой калса, ишти башка соттун кароосуна өткөрүп берет. Мындай учурда ишти өткөрүп берүү жогору турган сот тарабынан ишке ашырылат;

3) эгерде ишти бул сотто кароодо ал сотко караштуулук эрежелерин бузуу менен жүргүзүүгө кабыл алынгандыгы аныкталса, башка соттун кароосуна өткөрүп берет;

4) ушул Кодекстин 27-1-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда.

3. Ишти башка соттун кароосуна өткөрүп берүү маселеси боюнча аныктама чыгарылат, ага карата жекече даттануу берилиши мүмкүн. Ишти бир соттон башка соттун кароосуна өткөрүп берүү бул аныктамага карата даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин, ал эми даттануу берилген учурда - даттануунун канааттандырылбастан калтырылгандыгы жөнүндөгү аныктама чыгарылгандан кийин ишке ашырылат.

4. Бир соттон башка сотко жиберилген иш ал жиберилген сот тарабынан кабыл алынууга тийиш. Соттордун ортосундагы сотко караштуулук жөнүндөгү талаш-тартышка жол берилбейт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## 5-Глава

Ишке катышкан жактар

### [34-статья. Ишке катышкан жактардын курамы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-34)

Тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, башка жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жактар, же ушул Кодекстин 5, 46, 47-статьяларында каралган негиздер боюнча корутунду берүү үчүн ишке киришип жаткан адамдар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө сот процесске жүргүзүүдөгү таламдаш жактар ишке катышкан жактар деп таанылат.

### [35-статья. Ишке катышкан жактардын укуктары менен милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-35)

1. Ишке катышкан жактар иштин материалдары менен таанышууга, алардан көчүрүп жазып алууга, көчүрмөсүн алууга, баш тартуу билдирүүгө, далилдерди келтирүүгө, ишке катышкан башка жактарга, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге суроо берүүгө, өтүнүч билдирүүгө, сотко оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндөмөлөрдү берүүгө, сот процессинин жүрүшүндө пайда болгон бардык маселелер боюнча өзүнүн жүйөөлөрүн келтирүүгө, ишке катышкан башка жактардын өтүнүчтөрүнө жана жүйөөлөрүнө каршы чыгууга, сот актыларына даттанууга жана ушул Кодекс тарабынан өзүнө берилген башка процесстик укуктардан пайдаланууга укуктуу.

2. Ишке катышкан жактар өзүнчө таандык болгон бардык процесстик укуктардан ак ниеттүүлүк менен пайдаланууга жана өзүнүн процесстик милдеттерин аткарууга милдеттүү. Процесстик милдеттерин аткарбаганда, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген кесепеттер келип чыгат.

### [36-статья. Жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүк](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-36)

Жарандык процесстик укуктарга жана милдеттерге ээ болуу жөндөмү (жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүк) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын сот аркылуу коргоп алуу укугуна ээ болгон бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бирдей таандык экендиги таанылат. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [37-статья. Жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүк](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-37)

1. Өз иш-аракеттери менен өзүнүн процесстик укуктарын ишке ашыруу, сотто өзүнүн процесстик милдеттерин аткаруу жана өз иштерин жүргүзүүнү өкүлүнө тапшыруу жөндөмдүүлүгү (жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүк) толук даражада эрезеге жеткен, башкача айтканда, жашы он сегизге толгон жарандарга жана юридикалык жактарга таандык.

2. Он сегиз жашка толгонго чейин никеге турууга мыйзам тарабынан жол берилген учурда - никеге турган убактан тартып, ошондой эле ал мыйзамда белгиленген тартипте толук аракетке жөндөмдүү деп (эмансипация) жарыяланган учурда, жашы жете элек бала өзүнүн процесстик укуктарын жана процесстик милдеттерин ишке ашыра алат.

3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете электердин, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган жарандардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдары сотто алардын ата-энеси, асырап алгандар же камкорчулары тарабынан корголот, бирок сот мындай иштерге жашы жете электердин жана аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылгандардын өздөрүн катыштырууга укуктуу.

4. Мыйзамда белгиленген учурларда, атап айтканда, үй-бүлөлүк, эмгектик, администрациялык жана башка укук мамилелеринен, ошондой эле алынган эмгек акыны же ишкердиктен түшкөн кирешени тескөөгө байланыштуу бүтүмдөрдөн келип чыккан иштер боюнча укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын жашы жете электер жеке өздөрү коргоого укуктуу. Бирок сот мындай иштерге катышуу үчүн жашы жете электердин мыйзамдуу өкүлдөрүн тартууга укуктуу.

5. Он төрт жашка чыга элек бойго жете электердин, ошондой эле психикасы бузулгандан улам аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдары сотто алардын мыйзамдуу өкүлдөрү - ата-энеси, асырап алгандар, камкорчусу, көзөмөлдөөсү, дарылоо, тарбиялоо мекемелеринин, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринин жана ушул сыяктуу мекемелердин администрациясы тарабынан корголот.

### [38-статья. Тараптар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-38)

1. Жарандык процессте тараптар - доогер жана жоопкер-жарандар, кызмат адамдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар боло алат.

2. Мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жак болуп эсептелбеген уюмдар да тараптар болушу мүмкүн.

3. Башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу бар органдардын жана жактардын арызы боюнча өзүнүн таламында иш козголгон жакка пайда болгон процесс жөнүндө сот тарабынан билдирилет жана ал иште доогер катары катышат.

4. Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу чыккан Кыргыз Республикасы, жергиликтүү жамааттар жарандык процессте тарап боло алат.

5. Тараптар бирдей процесстик укуктардан пайдаланышат жана бирдей процесстик милдетти аткарат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [39-статья. Иште бир нече доогердин жана жоопкердин катышуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-39)

1. Доо бир нече доогер тарабынан биргелешип же бир нече жоопкерге коюлушу мүмкүн. Доогерлердин же жоопкерлердин ар бири экинчи тарапка карата процессте өз алдынча чыгат, биргелешип катышуучулар ишти алып барууну катышуучулардын бирине тапшырышы мүмкүн.

2. Мыйзамда белгиленген учурларда, сот өз демилгеси боюнча биргелешип доогерлерди жана биргелешкен жоопкерлерди тартышы мүмкүн.

### [40-статья. Тиешеси жок жоопкерди алмаштыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-40)

1. Сот ишти даярдоодо же териштирүү убагында доо ал боюнча жооп берүүгө тийиш эмес, башка жакка коюлуп калгандыгын аныктаган учурда, ишти токтотпостон доогердин макулдугу менен тиешеси жок жоопкерди тийиштүү жоопкер менен алмаштыра алат. Тиешеси жок жоопкерди алмаштыргандан кийин ишти даярдоо жана кароо башынан баштап жүргүзүлөт.

2. Эгерде доогер тиешеси жок жоопкерди башка жак менен алмыштырууга макул болбосо, анда сот же коюлган доо боюнча ишти карайт же ушул Кодекстин 39-статьясынын 2-пунктунун эрежелерин колдонуп, өз демилгеси менен тиешелүү жоопкерди ишке катышууга тартат.

### [41-статья. Доону өзгөртүү, доодон баш тартуу, доону моюнга алуу, жарашуу макулдашуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-41)

1. Доогер доонун негизин же буюмзатын өзгөртүүгө, доо талабынын өлчөмүн көбөйтүүгө же азайтууга же болбосо доодон баш тартууга укуктуу.

2. Жоопкер доону моюнга алууга же каршы доо коюуга укуктуу.

3. Тараптар ишти процесстин кайсы стадиясында болбосун элдешүү макулдашуусу менен бүтүрө алышат.

4. Эгерде доогердин доодон баш тартуусу, жоопкердин доону моюнга алуусу жана тараптардын жарашуу макулдашуусу мыйзамдарга карама-каршы келсе, же башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузса, анда сот андай доолорду кабыл албайт жана макулдашууну бекитпейт.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [42-статья. Талаш-тартыштын буюмзатына карата өз алдынча талап койгон үчүнчү жактар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-42)

Талаш-тартыштын буюмзатына карата өз алдынча талап койгон үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим чыгарылганга чейин бир тарапка же эки тарапка тең доо коюу менен процесске кириши мүмкүн. Алар доогердин бардык укуктарынан пайдаланышат жана бардык милдеттерин аткарат. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [43-статья. Талаш-тартыштын буюмзатына карата өз алдынча талап койбогон үчүнчү жактар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-43)

1. Эгерде алар тараптардын бири-бирине карата укуктары менен милдеттерине таасир эте алышса, талаш-тартыштын буюмзатына карата өз алдынча талап койбогон үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин доогердин же жоопкердин тарабында процесске кире алышат. Алар ишке катышкан жактардын өтүнүчү же соттун демилгеси менен ишке катышууга тартылышы мүмкүн.

2. Өз алдынча талап койбогон үчүнчү жактар, доонун негизин жана буюмзатын өзгөртүүгө, доо талабынын өлчөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, доодон баш тартууга, доону моюнга алууга, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, каршы доо коюуга, соттун чечимин мажбурлап аткарууну талап кылууга карата укуктан тышкаркы процесстик укуктардан пайдаланышат жана процесстик жоопкерчиликти көтөрүшөт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул статьянын орус редакциясына киргизилген)

### [44-статья. Процесстик укук улантуучулук](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-44)

1. Талаш же чечим менен аныкталган укук мамилелерден тараптардын бири чыгып калган учурда (жарандын өлүмү, юридикалык жактын өзгөртүп кайра түзүлүшү, талапты бирөөгө берүү, карызды которуу жана материалдык укук мамилелериндеги жактардын башкача алмашышы) сот бул тарапты анын укук улантуучусу менен алмаштыруусуна жол берет. Укук улантуучулук процесстин ар кандай стадиясында ишке ашырылышы мүмкүн.

2. Укук улантуучунун процесске киришинен мурда аткарылган бардык иштер укук мурасчысы алмаштырган жак үчүн кандайча милдеттүү болсо, укук мурасчысы үчүн да ошондой эле милдеттүү.

### [45-статья. Прокурордун процесске катышуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-45)

1. Прокурор башка жактардын жана белгисиз чөйрөдөгү жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылууга, ошондой эле мамлекеттик же коомдук таламдарды жана (же) эгерде муну жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын, мамлекеттик жана коомдук таламдарды коргоо талап кылса, сотто каралып жаткан ишке кирүүгө укуктуу.

2. Эгерде ал өзү жүйөөлүү себептер менен сотко кайрыла албаса (ден соолугуна, жаш курагына, аракетке жөндөмсүздүгүнө байланыштуу же башка себептер менен), жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук таламдарды коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан таламы бар жактын өтүнүчү боюнча гана коюлат. Аракетке жөндөмсүз адамдын таламдарын коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан таламы бар жактын өтүнүчү болгон-болбогондугуна карабастан коюлат.

3. Арыз менен кайрылган прокурор жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан башка, бардык процесстик укуктарды пайдаланат жана доогердин процесстик милдеттерин аткарат. Эгерде ал жак же анын мыйзамдуу өкүлү доодон баш тартуу жөнүндө билдирбесе (ушул Кодекстин 41-статьясы), башка жактын таламдарын коргоо боюнча коюлган талапты колдоодон прокурор баш тарткан учурда, ишти маңызы боюнча кароо улантыла берет. Эгерде бул мыйзамдарга карама-каршы келбесе, же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузбаса, прокурор тарабынан билдирилген доодон доогер баш тарткан учурда сот, сот ишин жүргүзүүнү токтотот.

4. Прокурор ишке катышкан жактар тууралуу, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү, мамлекеттик мүлктү камакка алуудан бошотуу, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган уулду (кызды) асырап алуу жөнүндөгү иштерде, ошондой эле башка учурларда өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында чыгып сүйлөйт. Иш карала турган жер жана убактысы жөнүндө кабардар болгон прокурордун келбей калышы ишти териштирүүгө жолтоо болуп саналбайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 210, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [46-статья. Башка жактардын укуктарын, мамлекеттик же коомдук таламдарды коргоо үчүн сотко кайрылуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-46)

1. Мыйзамда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айрым жарандар жана юридикалык жактар башка жактардын же белгисиз чөйрөдөгү жактардын өтүнүчү боюнча алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо боюнча доо менен кайрыла алышат. Аракетке жөндөмсүз жарандын таламдарын коргоо боюнча доо ал адамдын же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү болгон-болбогондугуна карабастан коюлушу мүмкүн.

2. Башка жактардын таламдарын коргоо боюнча доо койгон жактар жарашуу макулдашуусун түзүүдөн башка доогердин бардык процесстик укуктарынан пайдаланышат жана бардык процесстик милдеттерин аткарат. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган жактар доодон баш тарткан учурда, ушул Кодекстин 45-статьясынын 3-пунктунда каралган процесстик кесепеттер келип чыгат.

### [47-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш боюнча корутунду берүү үчүн процесске катышуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-47)

Зарыл болгон учурларда сот тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органды же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын иш боюнча корутунду берүү үчүн ишке катышууга тарта алат.

### [48-статья. Жарандык процесстин башка катышуучулары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-48)

Ишке катышкан жарандардан тышкары жарандык процесске эксперттер (адистер), тилмечтер, өкүлдөр жана күбөлөр катыша алат.

### [49-статья. Эксперт (адис)](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-49)

1. Жарандык сот ишин жүргүзүүдө эксперт (адис) катары корутунду берүү үчүн зарыл болгон атайын билими бар жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган жак чыга алат.

2. Атайын жалган корутунду берген эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылышат.

### [50-статья. Тилмеч](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-50)

1. Ушул Кодексте каралган учурларда которуу үчүн талап кылынган тилдерди билген жана сот тарабынан дайындалган адам тилмеч болуп эсептелет.

2. Тилмеч жарандык процесстин катышуучулары тарабынан сунуш кылынгандардын ичинен дайындалышы мүмкүн.

Поцесстин башка катышуучулары которуу үчүн талап кылынган тилдерди билсе да, тилмечтин милдетин өзүнө алууга укугу жок.

3. Тилмеч соттун чакыруусу менен келип, которууну толук, туура жана өз убагында ишке ашырууга милдеттүү.

4. Тилмеч билип туруп туура эмес которгон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат.

### [51-статья. Күбө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-51)

1. Соттун талаш-тартышты чечиши үчүн маанилүү болгон маалыматтарды жана жагдайларды билген адам күбө боло алат.

2. Күбө соттун чакыруусу менен ага келүүгө жана өзүнө белгилүү болгон маалыматтар жана жагдайлар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

3. Күбө билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги жана көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат.

## 6-Глава

Соттогу өкүлчүлүк

### [52-статья. Ишти өкүлдөр аркылуу жүргүзүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-52)

1. Жарандар өз иштерин жекече же өкүлдөрү аркылуу жүргүзүүгө укуктуу. Жарандын ишке жеке катышуусу анын ушул иш боюнча өкүлгө ээ болуу укугунан ажыратпайт.

2. Юридикалык жактардын жана юридикалык жактын статусу жок башка уюмдардын иштерин сотто алардын өздөрүнө мыйзамдар, уюштуруу документтери тарабынан берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде аракеттенген алардын органдары же тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон өкүлдөрү жүргүзөт. Уюмдардын жетекчилери сотко алардын кызматтык абалын жана ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документтерди берет.

### [53-статья. Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү жамааттардын иштерин жүргүзүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-53)

1. Кыргыз Республикасынын атынан сотто ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ал эми жергиликтүү жамааттардын атынан - бул органдардын статусун аныктаган, ал органдар жөнүндөгү жоболордо же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген өз компетенциясынын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгат.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар жөнүндөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурда жана тартипте, атайын тапшырма боюнча жана алардын атынан тийиштүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар жана жарандар чыга алышат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [54-статья. Сотто өкүл боло алуучу адамдар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-54)

Сотто ишти алып барууга карата тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулган ыйгарым укугу бар жана ушул Кодекстин 55-статьясында саналып өткөндөрдөн башка, ар кандай аракетке жөндөмдүү адам сотто өкүл боло алат.

### [55-статья. Сотто өкүл боло албай турган адамдар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-55)

1. Алар тийиштүү уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү же мыйзамдуу өкүлү катары процесске катышкандан башка учурларда, судья, тергөөчү, прокурор жана өкүлчүлүктүү органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын депутаттары сотто өкүл боло алышпайт.

2. Адвокатура жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген эрежелерди бузуу менен юридикалык жардам көрсөтүү үчүн тапшырма алган адвокат сотто өкүл боло албайт.

3. Адам таламдары өзү өкүлчүлүк кылуучу жактарга карама-каршы келген жактарга юридикалык жардам көрсөтүп жатса же мурда көргөзсө, же болбосо судья, прокурор, эксперт, адис, тилмеч, күбө же күбө-калыс катары катышса, ошондой эле, эгерде ал ишти кароого катышып жаткан кызмат адамы менен тууганчылык мамиледе болсо, анда ал өкүл боло албайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [56-статья. Мыйзамдуу өкүлдөр](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-56)

1. Аракетке жөндөмсүз, аракетке толук жөндөмдүү эмес же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган жарандардын укуктары менен мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын сотко өздөрүнүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документтерди берген алардын ата-энеси, асырап алгандар, камкорчулар же көзөмөлчүлөр коргошот.

2. Мыйзамдуу өкүлдөр өздөрү өкүлчүлүк кылып жаткандардын атынан аткаруу укугу өкүлчүлүк кылып жаткан жакка таандык болгон процесстик аракеттерди мыйзамда белгиленген чектөөлөр менен аткарышат.

3. Белгиленген тартипте дайынсыз жок болду деп таанылган жаран катышууга тийиш болгон иш боюнча анын өкүлү катары дайынсыз жок болгон адамдын мүлкү башкарууга берилген адам чыгат.

4. Өлгөн же белгиленген тартипте өлгөн деп таанылган адамдын мураскору катышууга тийиш болгон иш боюнча мураскордун өкүлү катары, эгерде мурас эч ким тарабынан кабыл алына элек болсо, мураска калган мүлктү кайтарууга жана башкарууга дайындалган сактоочу же камкорчу чыгат.

5. Мыйзамдуу өкүл сотто ишти алып барууну өзү өкүл катары тандап алган башка адамга тапшыра алат.

### [57-статья. Өкүлдүн ыйгарым укуктарын жол-жоболоштуруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-57)

1. Өкүлдүн мыйзамдан тышкаркы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык берилген жана жол-жоболоштурулган күбөлүк аркылуу билдирилет.

2. Адвокаттын ыйгарым укуктары адвокаттык иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген, юридикалык практиканы ишке ашырып жаткан жактын (юридикалык консультациянын) ордери менен күбөлөндүрүлөт.

Прокурордун ыйгарым укуктары анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документ менен тастыкталат.

3. Бирге катышуучунун ыйгарым укуктары ишеним берүүчүнүн сотто оозеки айтылган жана сот отурумунун протоколуна киргизилген арызы түрүндө билдирилет.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [58-статья. Өкүлдүн ыйгарым укуктары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-58)

1. Сотто ишти алып баруунун ыйгарым укугу өкүлчүлүк кылуучунун атынан өкүлгө бардык процесстик иш-аракеттерди аткаруу укук берет.

2. Өкүлдүн мыйзамдан тышкаркы укуктары, доо арызына же доо арызына каршы пикирге, доону камсыз кылуу жөнүндөгү арызга кол коюу, ишти бейтарап сотко өткөрүп берүүгө, иштин болгон жагдайы боюнча макулдашуу түзүүгө, жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндөгү арызга кол коюу укугу, ошондой эле өкүлдүн ишти аксакалдар сотуна өткөрүп берүү укугу, доо талаптарынан толук же жарым-жартылай баш тартууга, доону таанууга, доонун жүйөсүн жана негиздерин өзгөртүүгө, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, ыйгарым укуктарын башка жакка өткөрүп берүүгө (кайра ишенип берүүгө), сот актысына карата даттанууга, аткаруу документин өндүрүп алуу үчүн берүүгө, сот аркылуу бөлүнгөн мүлктү же акчаны алууга карата укуктары өкүлү болуп жаткан жак тарабынан берилген ишеним катта атайын айтылууга тийиш.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## 7-Глава

Далилдер

### [59-статья. Далилдер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-59)

1. Мыйзамда белгиленген тартипте алынган жана алардын негизинде сот мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын талаптарына же каршы пикирлерине негиз болуучу жагдайдын, ошондой эле иштин туура чечилиши үчүн мааниси бар башка жагдайлардын болгондугун же болбогондугун аныктай турган ар кандай фактылай маалыматтар далил деп эсептелет.

2. Бул маалыматтар тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, жазуу жана буюм түрүндөгү далилдер, үн жана көрмө жазуулар, эксперттин (адистердин) корутундулары менен аныкталат.

3. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер юридикалык күчкө ээ эмес жана соттун чечими үчүн негиз болбойт.

### [60-статья. Далилдөөнүн милдети](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-60)

1. Ишке катышкан жактар өзүнүн талаптарынын же каршы пикирлеринин негизи катары көрсөткөн жагдайларды далилдөөгө милдеттүү.

2. Сот колдонулууга тийиш болгон укук ченемин эске алуу менен ишке катышкан жактардын талаптарынын же каршы пикирлеринин негизинде ишти туура чечүү үчүн кайсы жагдайлардын мааниси бар экендигин аныктайт.

3. Сот тараптарга жана ишке катышкан башка жактарга кошумча далилдерди берүүнү сунуш кылууга укуктуу.

### [61-статья. Далилдерди берүү жана талап кылуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-61)

1. Далилдер тараптар жана ишке катышкан башка жактар тарабынан берилет.

2. Далилди талап кылуу өтүнүчүндө далил белгиленүүгө, ошондой эле иш үчүн мааниси бар кайсы кырдаалды өзү ырастай же жокко чыгара ала тургандыгы тууралу, далилди алууга тоскоолдук кылып жаткан себептер жана анын турган жери көрсөтүлүүгө тийиш. Максатка ылайыктуулугун эске алуу менен сот тарапка далилди алуу үчүн сурам берет. Сот тарабынан талап кылынып жаткан далил колунда болгон жак, аны сотко же сотко берүү үчүн тиешелүү сурамы бар жактын колуна берет.

3. Талап кылынып жаткан далилди бере албаган же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган кызмат адамы же жарандар бул жөнүндө сурам алгандан кийин бир жуманын ичинде себебин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө тийиш. Далил билдирилбеген учурда, ошондой эле далилди берүү жөнүндөгү соттун талабы жүйөөлүү эмес деп табылган себептер менен аткарылбаганда, буга күнөөлүү жана сот ишине катышкан жактар болбогон кызмат адамы же жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген администрациялык жоопкерчиликти тартышат. Администрациялык жазанын колдонулушу колунда талап кылынган далил болгон тиешелүү кызмат адамын же жарандарды аны сотко берүү милдетинен бошотпойт.

### [62-статья. Далилди табылган жеринде карап чыгуу жана иликтөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-62)

1. Жазуу же буюм далилди сотко алып келүү мүмкүн эмес жана кыйынчылык туударган учурда, сот аны сакталган же жайгашкан жеринде карап чыгышы жана иликтеши мүмкүн.

2. Сот далилди тараптарга билдирүү менен жайгашкан жеринде карап чыгат жана иликтейт, бирок тараптардын келбей коюушу карап чыгуу жана иликтөө үчүн тоскоолдук кылбайт.

3. Зарыл болгон учурда карап чыгууга жана иликтөөгө эксперттер (адистер), күбөлөр жана процесстин башка катышуучулары чакырылышы мүмкүн.

4. Карап чыгуу жана иликтөө учурунда ошол эле жерде протокол түзүлөт.

### [63-статья. Далилдин тиешелүүлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-63)

1. Сот берилген далилдердин иш үчүн мааниси барларын гана кабыл алат.

2. Эгерде күбөнү чакырууга, башка далилдерди талап кылууга өтүнүч кылса же аларды берсе, ал бул далилдер менен иш үчүн мааниге ээ болгон кайсы жагдайлар аныктала тургандыгын көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Ишке катышып жаткан жак тарабынан берилүүчү далилдер сот тарабынан иштин материалдарына тиркелет.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [64-статья. Далилдерге жол берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-64)

Мыйзам боюнча иштин белгилүү бир жагдайлары далилдөө каражаттары менен ырасталууга тийиш болсо, башка эч кандай далилдөө каражаттары менен анын ырасталышы мүмкүн эмес.

### [65-статья. Далилдөөдөн бошотуу үчүн негиз](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-65)

1. Сот тарабынан жалпыга белгилүү деп табылган кырдаал далилдөөнү талап кылбайт.

2. Мурда каралган жарандык иш боюнча соттун чечими менен мыйзамдуу күчүнө кирген деп белгиленген кырдаал сот үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана ал кайрадан далилдөөнү талап кылбайт, ошол эле жактар катышкан башка жарандык ишти кароодо талашылууга тийиш эмес.

3. Соттун өкүмү өзүнө карата чыгарылган адамдын ушул иш-аракеттер болгонбу жана алар ушул адам тарабынан жасалганбы деген маселе боюнча жарандык-укуктук натыйжаларын карап жаткан ал кылмыш иши боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими сот үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

4. Арбитраждык соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде белгиленген жана сотто каралып жаткан жарандык иш үчүн мааниси бар жагдай кайрадан далилденбейт жана жарандык процесске катышып жаткан жактар тарабынан талашылууга тийиш.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 29-октябрындагы N 52-р чечими

### [66-статья. Соттун тапшырмалары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-66)

1. Ишти карап жаткан сот, далилдерди башка шаардан же райондон чогултуу зарыл болгон учурда, тиешелүү сотко айрым процесстик аракеттерди аткарууну тапшырат.

2. Соттун тапшырмасы боюнча аныктамада каралып жаткан иштин мазмуну кыскача жазылып, тапшырманы аткаруучу, сот тарабынан аныктала турган жагдайлар, чогултула турган далилдер көрсөтүлөт. Бул аныктама ал жиберилип жаткан сот үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана бир айлык мөөнөткө чейин аткарылууга тийиш.

### [67-статья. Соттун тапшырмасын аткаруу тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-67)

1. Соттун тапшырмасы ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча соттун отурумунда аткарылат. Ишке катышып жаткан жактарга сот отурумунун өткөрүлө турган жери жана убактысы жөнүндө билдирилет, бирок алардын келбей койгондугу тапшырманы аткарууга тоскоол болбойт. Протоколдор жана тапшырманы аткарууда чогултулган бардык материалдар токтоосуз ишти карап жаткан сотко жиберилет.

2. Эгерде ишке катышып жаткан жактар же тапшырманы аткарып жаткан сотко түшүндүрмө же көрсөтүү берген күбөлөр ишти карап жаткан сотко келсе, анда алар жалпы тартипте түшүндүрмө жана көрсөтүү беришет.

### [68-статья. Далилдерди камсыз кылуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-68)

1. Ишке катышып жаткан жактар кийин зарыл болгон далилдерди берүү мүмкүн болбой же кыйын болуп калат деп чочулоого негизи болгон учурда, соттон бул далилдердерди камсыз кылууну сурана алышат.

2. Сотто иш пайда болгонго чейин далилдер нотариус же консулдук мекеменин кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылынат.

### [69-статья. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндөгү арыз](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-69)

1. Далилди камсыз кылуу жөнүндөгү арыз далилди камсыз кылуу боюнча процесстик аракеттер жасала турган жердеги сотко берилет. Далилди камсыз кылуу жөнүндөгү арызда камсыз кылуу зарыл болгон далил, бул далилдер ырастоого тийиш болгон жагдайлар, арыздануучуга камсыз кылуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайрылууга түрткү берген себептер, ошондой эле камсыз кылынып жаткан далил зарыл болгон иш көрсөтүлөт.

2. Арызды кабыл алуудан баш тарткан судьянын аныктамасына карата жекече даттануу берилиши мүмкүн.

### [70-статья. Далилди камсыз кылуунун тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-70)

1. Далилди камсыз кылуу судья тарабынан ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

2. Протоколдор жана далилди камсыз кылуу тартибинде чогултулган бардык материалдар ишке катышып жаткан жакка билдирүү менен ишти карап жаткан сотко жиберилет.

3. Эгерде далилди камсыз кылуу иш каралып жаткан сотто эмес башка жерде аткарылса, анда ушул Кодекстин 66- жана 67-статьялары колдонулууга тийиш.

### [71-статья. Далилди баалоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-71)

Сот иште болгон далилдерди калыс, ар тараптан жана толугу менен карап чыгууга негизделген ички ишеними боюнча, мыйзамды жетекчиликке алуу менен баалайт. Сот үчүн эч кандай далил алдын ала белгиленген күчкө ээ болбойт.

### [72-статья. Ишке катышып жаткан тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-72)

1. Тараптардын жана үчүнчү жактардын аларга белгилүү болгон иш үчүн мааниси бар жагдайлар жөнүндөгү түшүндүрмөлөрү иш боюнча чогултулган башка далилдер менен бирге текшерилүүгө жана бааланууга тийиш. Эгерде экинчи тарап далилин өзүндө кармаса жана соттун талабы боюнча бербесе, сот иш үчүн мааниси бар жагдайларды бир тарап билдирген түшүндүрмөлөрдүн негизинде аныкталды деп эсептеши мүмкүн.

2. Бир тараптын өз талаптарын жана каршы пикирлерин негиздеген фактыларды экинчи тараптын моюнга алышы, биринчисин ал жагдайларды андан ары далилдөө зарылчылыгынан бошотот. Фактынын моюнга алынышы сот жыйналышынын протоколуна жазылат жана моюнга алган тараптын колу коюлат. Эгерде моюнга алуу жазуу жүзүндөгү арызда жазылса, анда ал ишке тиркелет.

3. Эгерде иштин анык жагдайын жашырып коюу максатында же алдоонун, күч колдонуунун же жаңылыштыктын таасири астында моюнга алынды деп сот күмөн санаса, анда ал моюнга алууну кабыл албайт. Мындай учурда фактылар жалпы негизде далилденүүгө тийиш.

### [73-статья. Күбөнүн көрсөтүүлөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-73)

1. Төмөндөгүлөр:

1) жарандык иш боюнча өкүлдөр же кылмыш иши боюнча коргоочулар өкүл же коргоочу катары милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө;

2) судья - чечим кабыл алууда кеңешүүчү бөлмөдө пайда болгон маселени талкуулоонун жагдайы жөнүндө;

3) жаш болгондугуна же дене боюнун же психикасынын кемчилдигинен улам фактыларды туура кабыл алууга жана алар жөнүндө туура көрсөтмө берүүгө жөндөмсүз адамдар;

4) дин кызматчылары - ички сырларын айтууда аларга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө күбө катары сурактан өтүүгө тийиш эмес.

2. Төмөндөгүлөр:

1) жаран - өзүнө каршы;

2) жубай - жубайга каршы;

3) балдар - ата-энесине жана ата-эне - балдарына каршы;

4) ага-ини жана эже-сиңди - бири-бирине каршы;

5) чоң ата, чоң эне, таята, таяэне - неберелерине, неберелер - чоң атасына, чоң энесине, таятасына, таяэнесине каршы;

6) бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттары - депутаттык милдеттерин аткарууда аларга белгилүү болгон маалыматтар жаатында күбө катары көрсөтүү берүүдөн баш тартууга укуктуу.

3. Сот төмөндөгү:

1) тизмеси мыйзамда аныкталган мамлекеттик жашыруун сыр болгон маалыматтарга;

2) мыйзамда белгиленген учурларда коммерциялык же башкача жашыруун сыр болгон маалыматтарга карата күбө катары көрсөтүү берүүдөн бошото алат.

4. Күбөнү чакыруу жөнүндө өтүнүп жаткан жак күбө иш үчүн мааниси бар кайсы кырдаалды ырастап бере тургандыгын жана анын аты-жөнүн, жашаган жерин билдирүүгө милдеттүү.

5. Күбө сотко өзүнө белгилүү болгон маалыматты жана кырдаалды оозеки билдирет. Соттун сунушу менен күбө өз көрсөтүүлөрүн жазуу жүзүндө бере алат.

6. Өзүнүн маалыматты кайдан билгендигин көрсөтө албаган учурда күбөнүн билдирүүлөрү далил деп эсептелбейт.

### [74-статья. Күбөнүн милдеттери жана укуктары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-74)

1. Күбө катары сотко чакырылган адам белгиленген убакытта сотко келүүгө жана туура көрсөтүү берүүгө, судьянын, ишке катышып жаткан жактардын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.

2. Сурак жүргүзүлгөнгө чейин сот күбөнүн ким экендигин аныктайт, көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы же билип туруп жалган көрсөтүү бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертет жана ага анын милдеттери менен жоопкерчилиги түшүндүрүлгөндүгү тууралуу колкат алат. Колкат соттун отурумунун протоколуна кошулат.

3. Эгерде күбө оорунун, карылыктын, майыптыктын айынан же башка себептерден улам соттун чакыруусу боюнча келе албаса, өзү турган жерде соттун сурагынан өтө алат.

4. Күбө сотко чакырууга байланыштуу чыгымдарынын ордун толтуртуп алууга жана убакытысын кетиргендиги байланыштуу акчалай компенсация алууга укуктуу. Төлөөнүн тартиби жана берилүүгө тийиш болгон сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.

### [75-статья. Жазуу жүзүндөгү далилдер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-75)

1. Иш үчүн мааниси бар жагдайлар жөнүндөгү маалыматтарды камтыган актылар, документтер, келишимдер, маалымдамалар, иш боюнча кат алышуу, башка документтер жана материалдар, анын ичинде факсимилдик, электрондук байланыш жана алардын анык экендигин аныктоого мүмкүндүк берүүчү башкача ыкма менен алынгандар жазуу жүзүндөгү далил болуп эсептелет.

2. Жазуу жүзүндөгү далилдер түп нускасында же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет. Эгерде каралып жаткан ишке документтин бир бөлүгүнүн гана тиешеси болсо, анда анын ошол бөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет. Түп нускадагы документтер качан гана мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштин жагдайы мына ушундай гана документтер менен ырасталууга тийиш болгондо, ошондой эле башка зарыл учурларда соттун талабы боюнча берилет.

3. Ишке катышып жаткан жактын сотко берилген жазуу жүзүндөгү далилдеринин көчүрмөлөрү ишке катышкан, андай көчүрмөлөр жок болгон башка катышуучуларга жиберилет (тапшырылат).

4. Чет мамлекетте алынган документ, эгерде ал белгиленген тартипте мыйзамдаштырылган болсо, сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.

Чет өлкөлүк расмий документтер Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган учурларда мыйзамдаштыруусуз эле мыйзамда белгиленген тартипте сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [76-статья. Жазуу жүзүндөгү далилдерди чогултуунун тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-76)

1. Ишке катышкан же катышпаган жактардан жазуу жүзүндөгү далилдерди талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жак ал далилдерди белгилеп, аны өз алдынча алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерди, жана эмненин негизинде далил ушул адамда же уюмда деп эсептеп жаткандыгын көрсөтүүгө тийиш.

2. Сот тарабынан жарандардан жана уюмдардан талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилдер түздөн-түз сотко жиберилет.

3. Сот жазуу жүзүндөгү далилди талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жакка ал далилди кийин сотко алып келүү үчүн алууга укук берген сурам бере алат.

### [77-статья. Жазуу жүзүндөгү далилдерди сотко берүү милдети](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-77)

1. Сот талап кылып жаткан далил колунда болгон жана соттун талабы боюнча аны бербеген жактагы маалыматтар ушул тарапка каршы багытталган деп болжолдонуп, ал аны моюнга алган катары эсептелет.

2. Талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилди берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган жактар бул жөнүндө себептерин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө милдеттүү.

3. Билдирилбеген учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү далилди берүү жөнүндөгү соттун талабы сот жүйөөлүү эмес деп эсептеген себептер менен аткарылбаган учурда, буга күнөөлүү кызмат адамдары же жарандар сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

4. Администрациялык жазага тартуу тиешелүү кызмат адамдарын же жарандарды сотко кат жүзүндөгү далилди берүү милдетинен бошотпойт.

5. Жазуу жүзүндөгү далилдер, эреже катары, түп нускасында берилет. Эгерде документтин көчүрмөсү берилсе, анда сот зарыл болгон учурда түп нускасын талап кылууга укуктуу.

### [78-статья. Жазуу жүзүндөгү далилдерди алар сакталган жеринде карап көрүү жана изилдөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-78)

Документтерди сотко берүү кыйынчылык туудурган учурда сот тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү берүүнү же жазуу жүзүндөгү далилдерди сакталган жеринде карап көрүүнү жана изилдөөнү талап кыла алат.

### [79-статья. Жазуу жүзүндөгү далилдерди кайтарып берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-79)

1. Иште болгон жазуу жүзүндөгү далилдер, бул далилдерди келтирген жактардын өтүнүчү боюнча соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кайтарылышы мүмкүн. Мында жазуу жүзүндөгү далилдин судья тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү калтырылат.

2. Эгерде сот алардын кайтарылышы талаштын туура чечилишине зыян келтирбейт деген тыянакка келсе, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жазуу жүзүндөгү далилдер бул далилдерди келтирген жактарга кайтарылышы мүмкүн.

### [80-статья. Буюм далилдери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-80)

1. Сырткы көрүнүшү, өзгөчө белгилери же турган турпаты, жайгашкан жери же башка белгилери менен иш үчүн мааниси бар жагдайды аныктоо каражаты болуп бере алган нерселер буюм далили деп эсептелет.

2. Буюм далилди берген же аны талап кылууну өтүнгөн жак бул далил менен иш үчүн мааниси бар кайсы жагдай аныктала тургандыгын көрсөтүүгө тийиш.

### [81-статья. Буюм далилдерин талап кылуу жана берүү тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-81)

1. Кандайдыр бир затты далил катары ишке катышкан же катышпаган жактардан талап кылууну соттон өтүнгөн жак аны өзү алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерди жана кайсы негизде ал зат бул жакта же уюмда деп эсептеп жаткандыгын көрсөтүүгө тийиш.

2. Жарандардан же уюмдардан сот талап кылган буюм далил түздөн-түз сотко берилет.

3. Сот буюм далилдерин талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жакка ал далилди кийин сотко алып келүү үчүн алууга укук берген сурам бере алат.

### [82-статья. Буюм далилдерин берүү милдети](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-82)

1. Сот талап кылып жаткан буюм далили колунда болгон жана соттун талабы боюнча аны бербеген жак жөнүндө андагы далилдер ушул тараптын таламдарына каршы багытталган деп болжолдонуп, ал аны моюнга алган катары эсептелет.

2. Талап кылынып жаткан буюм далилин берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган жактар бул жөнүндө себептерин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө милдеттүү.

3. Билдирилбеген учурда, ошондой эле буюмду берүү жөнүндөгү соттун талабы сот жүйөөлүү эмес деп эсептеген себептер менен аткарылбаган учурда, буга күнөөлүү, сот ишине катышкан же катышпаган кызмат адамдары же жарандар сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

4. Администрациялык жазага тартуу тиешелүү кызмат адамдарын же жарандарды сот талап кылып жаткан буюмду берүү милдетинен бошотпойт.

### [83-статья. Буюм далилдерин сактоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-83)

1. Буюм далилдери иште сакталат же өзүнчө сүрөттөп жазуу менен соттун буюм далилдерин сактоо камерасына өткөрүп берилет.

2. Сотко алып келип берүүгө мүмкүн болбогон буюмдар жайгашкан жеринде сакталат. Алар тыкандык менен сүрөттөлүп жазылууга, ал эми зарыл болгон учурда сүрөткө тартылып, мөөр басылып коюлууга тийиш.

3. Сот жана сактоочу буюмдарды өзгөрбөс абалда сактоо чараларын көрүшөт. Сактоочу буюмдардын сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Буюм далилдерин сактоо чыгымдары тараптардын ортосунда ушул Кодекстин 109-статьясына ылайык аныкталат.

### [84-статья. Тез бузулуучу буюм далилдерин карап көрүү жана изилдөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-84)

1. Тез бузулуучу буюм далилдери, алардын жайгашкан жеринде сот тарабынан токтоосуз түрдө каралат жана изилденет, андан кийин алар алынган жактарга же арналышына жараша пайдалануу үчүн уюмдарга же жактарга берилет. Акырында алардын ээсине кийин ошондой эле түрдөгү жана сапаттагы нерселер же алардын наркы кайтарылып берилип жаткан учурдагы баалар боюнча кайтарылып берилүүгө тийиш.

2. Мындай буюмдун карала жана изилдене турган жери жана убактысы жөнүндө ишке катышып жаткан жактарга билдирилет. Билдирилген жактардын келбегендиги буюм далилин карап чыгуу жана изилдөө үчүн тоскоолдук кылбайт.

3. Тез бузула турган буюм далилдерин карап көрүү жана изилдөө жөнүндө протокол жазылат.

### [85-статья. Буюм далилдерин кайтарып берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-85)

1. Буюм далилдер, соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, алар алынган жактарга кайтарып берилет же сот бул буюмга карата укугу бар деп тапкан жактарга берилет же сот аныктаган тартипте сатылат.

2. Мыйзам боюнча жарандардын ээлигинде болууга мүмкүн болбогон нерселер тийиштүү уюмдарга берилет.

3. Айрым учурда, буюм далилдери сот карап көргөндөн жана изилдегенден кийин, эгерде алар алынган жактар аны кайтарып берүүнү өтүнүшсө жана мындай өтүнүчтү канааттандыруу ишти кароого зыян келтирилбестен мүмкүн болсо, иш аяктаганга чейин сот аларга кайтарып бериши мүмкүн.

### [86-статья. Үн жазуу жана көргөзмө жазуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-86)

1. Электрондук же башка негизде үн жазуу же көргөзмө жазуусун сунуш кылып жаткан жак же андайларды талап кылууну өтүнүп жаткан жак качан, кандай шартта жана ким тарабынан мындай жазуу жүргүзүлгөндүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Үндү же көргөзмө жазмасын талап кылууну өтүнүп жаткан жак жазылган үндү же видео жазууну өз алдынча алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерди жана эмненин негизинде ушул адамда же уюмда далил бар деп эсептеп жаткандыгын көрсөтүүгө тийиш.

3. Сот тарабынан жарандардан жана уюмдардан талап кылынып жаткан үн жазуусу же видео жазуусу түздөн-түз сотко жиберилет.

4. Сот жазылган үндү же көргөзмө жазуусун талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жакка ал далилди кийин сотко алып келүү боюнча алуу укугун берген сурам бере алат.

5. Жазылган үндү же көргөзмө жазууну берүү жөнүндөгү соттун талабы сот жүйөөлүү эмес деп эсептеген себептер менен аткарылбаган учурда, буга күнөөлүү, сот ишине катышкан же катышпаган кызмат адамдары же жарандар сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

6. Жашырын түрдө жазылып алынган үн же көргөзмө жазуу мындай жазууга мыйзам тарабынан жол берилгенден башка учурда, далил катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.

### [87-статья. Үн жазууну же көргөзмө жазууну сактоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-87)

1. Үн жазуу же көргөзмө жазуу соттун буюм далилдерин сактоо камерасында сакталат.

2. Үн жазуу же көргөзмө жазуу соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алар алынган жактарга же уюмдарга кайтарылат. Эгерде сот алардын кайтарылышы талаштын туура чечилишине зыян келтирбейт деген тыянакка келсе, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин үн жазуу же көргөзмө жазуу аларды берген жактарга, кайтарылышы мүмкүн.

3. Үн жазуу же көргөзмө жазууну алып жүрүүчүнү кайтарып берүү маселеси боюнча сот аныктама чыгарат.

### [88-статья. Экспертиза дайындоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-88)

1. Ишти кароодо атайын билимди талап кылган маселелер пайда болгон учурда, сот ишке катышкан жактардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертиза дайындайт. Зарыл болгон учурда бир нече эксперт дайындалат.

2. Эксперт катары иштин кандайча чечилишине таламдаш эмес, корутунду берүү үчүн зарыл билими бар ар кандай адам тартылышы мүмкүн. Ишке катышып жаткан жактар эксперт катары конкреттүү компетенттүү айкын адамды дайындоону соттон өтүнүүгө укуктуу.

3. Ишке катышып жаткан ар бир жак эксперт түшүндүрүүгө тийиш болгон суроону соттон суроого укуктуу. Эксперт корутунду берүүгө тийиш болгон маселелер чөйрөсүн сот аныктайт. Сот сунуш кылынган маселелердин четке кагылышынын жүйөөлөштүрүүгө милдеттүү.

4. Тарап экспертизадан өтүүдөн качкан учурда (экспертизага келбөө, эксперттерге изилдөө үчүн зарыл болгон буюмдарды бербөө ж. б.) жана иштин жагдайы боюнча ушул тарап катышпаса экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбосо, сот кайсы тарап экспертизадан качып жаткандыгына, ошондой эле ал үчүн кандай мааниге ээ экендигине жараша аныктоо үчүн экспертиза дайындалган фактыны аныкталды же жокко чыгарылды деп табууга укуктуу.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [89-статья. Экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-89)

1. Экспертизаны дайындоо жөнүндө сот аныктама чыгарат.

2. Сот экспертизаны дайындоо жөнүндөгү аныктамада соттун аталышын, экспертизанын дайындалган жерин, убакытын, ырастоо же жалганга чыгаруу үчүн экспертиза дайындалып жаткан фактыларды, экспертизанын аталышын, эксперт алдына коюлган маселелерди, эксперттин аты-жөнүн же экспертиза жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышын, экспертке жиберилип жаткан материалдарды, экспертиза жүргүзүлүүчү мөөнөттү көрсөтөт.

3. Аныктамада корутунду берүүдөн баш тарткандыгы үчүн да, ошондой эле билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн да эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигин тарта тургандыгы тууралуу судья же экспертизаны эксперттик мекеменин кызматкери өткөрүп жаткан учурда, анын жетекчиси тарабынан эскертилери көрсөтүлөт.

Эскертүү. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо иштери боюнча товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү он жумушчу күндөн, ал эми техникалык татаал товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн - иш экспертизага келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш. (КР 2015-жылдын 31-январындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [90-статья. Экспертизаны өткөрүү тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-90)

1. Экспертиза адистештирилген эксперттик мекеменин кызматкерлери же эксперт катары сот дайындаган башка адистер тарабынан өткөрүлөт.

2. Сот ар кайсы билим тармактарынан бир нече экспертти дайындай алат. Эксперттер бири бири менен өз ара кеңешүүгө укуктуу.

3. Эгерде эксперттер бир тыянакка келсе, анда алар бир корутундуга кол коет. Башка эксперттер менен макул эмес эксперттер өзүнчө корутунду берет. Эгерде изилдөөлөрдүн жагдайына жараша зарыл мүмкүн эмес болсо же изилдөө үчүн материалдарды сотко алып келүү мүмкүн болбосо, экспертиза сотто же соттон тышкары жерде жүргүзүлөт.

4. Экспертиза эксперттик мекемеде өткөрүлгөн учурда бул мекеменин жетекчиси тарабынан эксперттик изилдөөнү өткөрүү тапшырылган конкреттүү эксперт же эксперттер экспертиза үчүн жоопкерчиликте болушат.

### [91-статья. Эксперттин милдеттери менен укуктары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-91)

1. Эксперт болуп дайындалган адам соттук чакыруусу боюнча келүүгө жана ага коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду берүүгө милдеттүү.

2. Бул корутунду берүү үчүн зарыл болгондуктан эксперт иштин материалдары менен таанышууга, ишти соттук териштирүүгө катышууга, суроолорду берүүгө, өзүнө кошумча материалдарды берүү жөнүндө соттон өтүнүүгө укуктуу.

3. Эгерде өзүнө берилген материалдар жетишсиз болсо же өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жетиштүү билдирмеге ээ болсо, эксперт корутунду берүүдөн баш тарта алат.

### [92-статья. Эксперттин корутундусу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-92)

1. Эксперт корутундуну жазуу жүзүндө берет.

2. Эксперттин корутундусу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү жана алардын негизинде чыгарылган жыйынтыкты, сот алдыга койгон маселелерге негиздүү жоопторду дыкаттык менен жазылган сүрөттөп жазууларды камтууга тийиш. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө эксперттер алардын алдына коюлбаган, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайды аныктаса, анда ал бул жагдайлар жөнүндөгү жыйынтыктарын корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

3. Эксперттин корутундусу соттун жыйналышында иликтенет, сот тарабынан башка далилдер менен катар эле бааланат жана сот үчүн алдын ала белгиленген күчкө ээ эмес. Соттун эксперттин корутундусуна макул болбогондугунун жүйөөсү иш боюнча чечимде же аныктамада келтирилет.

### [93-статья. Кошумча жана кайтадан экспертиза](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-93)

1. Эксперттин корутундусунун ачыктыгы жетишсиз же толук болбогон учурда, сот ошол же башка экспертке кайтадан экспертиза өткөрүүнү дайындай алат.

2. Эгерде ал негизделбегендик жүйөсү боюнча эксперттин корутундусу менен макул болбосо, ошондой эле бир нече эксперттердин корутундуларынын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда, сот тарабынан кайтадан экспертиза дайындалат. Кайтадан экспертиза өткөрүү башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылат.

Кайтадан экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада мурдагы экспертизанын натыйжалары менен макул болбоонун жүйөлөрү көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Кошумча же кайтадан экспертиза ушул Кодекстин 90-92-статьяларынын талаптарын сактоо менен өткөрүлөт.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [94-статья. Комиссиялык экспертиза](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-94)

1. Комиссиялык экспертиза бир нече эксперт тарабынан аткарылат. Ал кыйла көлөмдөгү тажрыйба жана изилдөө иш-аракеттерин жүргүзүүнү талап кылган татаал эксперттик изидөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурда аткарылат.

2. Аны аткарууда эксперттер өз ара бири бири менен кеңешишет. Эгерде эксперттер жалпы жыйынтыкка келишсе, анда бир корутунду жазып, ага кол коюшат.

3. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, алардын ар бири пикир келишпестикти пайда кылган маселе боюнча өз-өзүнчө корутунду беришет. Мында сот эксперттерден кошумча түрдө түшүндүрмө талап кылууга же башка эксперттерди дайындоого укуктуу.

4. Эксперттердин курамына кирбеген адамдардын эксперттик изилдөөлөрдү толугу менен же жарым-жартылай жүргүзүшүнө жол берилбейт.

### [94-1-статья. Комплекстүү экспертиза](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-94-1)

1. Эгерде иш боюнча жагдайды аныктоо бир эле учурда билимдин ар кандай тармактарын пайдалануу менен же билимдин бир тармагынын алкагында ар кандай илимий багыттарды пайдалануу менен изилдөө жүргүзүүнү талап кылса, анда сот тарабынан комплекстүү экспертиза дайындалат. Комплекстүү экспертиза бир нече эксперттерге тапшырылат.

2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай жыйынтыкка келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өзүнүн изилдөөлөрүн камтыган бөлүгүнө жана жалпы жыйынтыкка кол коет. Эксперттердин арасында пикир келишпестиктер болгон учурда изилдөөлөрдүн натыйжалары ушул Кодекстин 94-статьясынын 3-пунктунун эрежелери боюнча жол-жоболоштурулат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [95-статья. Адистин сотко катышуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-95)

1. Адис соттук териштирүүгө сотко же сот отурумунун катышуучуларына далилдерди изилдөөдө илим, техника же кол өнөрчүлүк жагында атайын билим жана машыккандык талап кылынган учурда чакырылат.

2. Соттун адисти чакыруу жөнүндөгү талабы мамлекеттик, коммуналдык органдардын жана менчигинин формасына жана баш ийүүчүлүгүнө карабастан адис иштеген юридикалык жактардын жетекчилери жана кызмат адамдары үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

### [96-статья. Адистин укуктары менен милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-96)

1. Адис аны сотко чакыруунун максатын билүүгө жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон билимге жана көндүмдөргө ээ болбосо, андан баш тартууга укуктуу.

2. Адис катары чакырылган адам сотко келүүгө, ишти териштирүүгө катышууга, илим, техника, искусство жана кол өнөрчүлүк жаатындагы өзүнүн билимине жана көндүмдөргө таянуу менен өз пикирин айтууга, сотто берилген суроолорго жооп берүүгө, оозеки же жазуу жүзүндө консультация берүүгө, зарыл болгон учурда сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Адистин оозеки жооптору сот отурумунун протоколуна жазылат.

3. Адис катары чакырылган адамга жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет.

Эгерде сот жүйөөлүү эмес деп эсептеген себептер боюнча адис сотко келбесе, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

## 8-Глава

Соттук чыгымдар

### [97-статья. Соттук чыгымдар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-97)

Соттук чыгымдар мамлекеттик алымдан жана ишти жүргүзүүгө жана чечимдерди, аныктамаларды, токтомдорду аткарууга байланыштуу чыгымдардан турат.

### [98-статья. Мамлекеттик алым](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-98)

1. Мамлекеттик алымды төлөөчүлөр болуп тараптар, арыз берүүчүлөр, ишти соттун кароосунун жыйынтыгы боюнча талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды коюшкан үчүнчү жактар эсептелет.

2. Мамлекеттик алым сотко берилген иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча алынат:

1) доо арыздарынан;

2) талаш-тартыш предметине карата өз алдынча талап билдирген үчүнчү жак катары ишке киргендиги жөнүндөгү арыздан;

3) соттун буйругун берүү жөнүндөгү арыздан;

4) келишим алдындагы талаш-тартыштар боюнча арыздан;

5) өзгөчө жүргүзүлгөн иш боюнча арыздан;

6) апелляциялык жана кассациялык даттануулардан;

7) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздардан;

8) бейтарап соттун, эларалык соттун, чет өлкөлүк соттун, эларалык бейтарап (арбитраждык) соттун, чет өлкөлүк (арбитраждык) бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздардан;

9) бейтарап соттун, эларалык соттун, чет өлкөлүк соттун, эларалык бейтарап (арбитраждык) соттун, чет өлкөлүк (арбитраждык) бейтарап соттун, жарашуу макулдашуусунун жана аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык, кассациялык даттануулардан алынат.

3. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [99-статья. Мамлекеттик алым өлчөмдөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-99)

Мамлекеттик алым "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.

### [100-статья. Доонун баасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-100)

Доонун баасы:

1) акчалай сумманы төлөтүп алуу жөнүндөгү доолордо - төлөтүлүүчү сумма менен;

2) мүлктү талап кылуу жөнүндөгү доолордо - изделип жаткан мүлктүн наркы менен;

3) алиментти төлөтүп алуу жөнүндөгү доолордо - бир жыл үчүн төлөмдүн жыйынтыгы боюнча;

4) мөөнөттүү төлөмдөр жана берүүлөр жөнүндөгү доолордо - бардык төлөмдөрдүн жана берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөттө;

5) мөөнөтсүз же өмүр бою берилүүчү төлөмдөр жөнүндөгү доолордо - бардык төлөмдөрдүн жана берүүлөрдүн топтому, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөттө;

6) төлөмдөрдү же берүүлөрдү азайтуу же көбөйтүү жөнүндө доодо - төлөмдөр же берүүлөр азайтылган же көбөйтүлгөн сумма менен, бирок бир жылдан ашпайт;

7) төлөмдөрдү же берүүлөрдү токтотуу жөнүндө доодо - калган төлөмдөрдүн же берүүлөрдүн жыйындысы менен, бирок бир жылдан ашпайт;

8) мүлктүк жалдоо келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө доодо - келишим күчүндө болгон калган мөөнөттүн ичинде мүлктү пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн жыйындысы менен, бирок үч жылдан ашпайт;

9) менчик укугунда жарандарга таандык болгон курулуштарга менчик укугу жөнүндө доодо - курулуштун наркы менен, бирок инвентардык баасынан төмөн эмес, же ал жок болгон учурда - камсыздандыруу келишими боюнча баадан төмөн эмес, ал эми ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга таандык болгон курулуштар үчүн курулуштун баланстык баасынан төмөн эмес;

10) бир нече өз алдынча талаптардан турган доолордо - бардык талаптардын жалпы суммасы менен аныкталат.

11) өндүрүп алуу талашсыз (акцептсиз) тартипте жүргүзүлүүчү аткаруу баракчасынын же башка документтин тиешелүү эмес түрдө аткарылгандыгын таануу жөнүндө доолордо - талашылып жаткан суммадан келип чыгуу менен;

12) келишим түзүп жатканда, өзгөрткөндө же бузган учурда келип чыккан талаштар боюнча, ошондой эле мыйзамга ылайык бүтүмдү анык эмес деп таануу жөнүндөгү талаштар боюнча доолордо.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [101-статья. Доонун баасын аныктоо тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-101)

Доонун баасы доогер же арыз ээси тарабынан аныкталат. Доонун баасы таптакыр туура эмес көрсөтүлгөн учурда, ал сот тарабынан аныкталат.

### [102-статья. Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-102)

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып)

### [103-статья. Мамлекеттик алымды кошумча төлөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-103)

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

### [104-статья. Мамлекеттик алымды кайра кайтаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-104)

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

### [105-статья. Ишти карап чыгуу менен байланышкан чыгымдар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-105)

Ишти карап чыгуу менен байланышкан чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:

1) күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге төлөнүүчү суммалар;

2) жеринде карап көрүү боюнча чыгымдар;

3) жоопкерди издөө боюнча чыгымдар;

4) ишти жүргүзүү жана сот актыларын аткаруу боюнча чыгымдар;

5) иш боюнча макалалар жана жарыялар менен байланышкан чыгымдар;

6) ишти карап чыгуу менен байланышкан почта чыгымдары;

7) сот актыларын аткаруу менен байланышкан чыгымдар.

Сот актыларын жиберүүгө байланышкан болжолдуу почталык чыгымдардын суммасын Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аныктайт жана ал доогер тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун депозиттик эсебине төлөнүүгө тийиш. (КР 2008-жылдын 2-июнундагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [106-статья. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана тилмечтерге төлөнүүчү суммалар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-106)

1. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана тилмечтерге алар сотко келишине байланыштуу жол-кире жана турак-жайды жалдоо боюнча чыгымдарынын орду толтурулат, ошондой эле суткалык акы төлөнөт.

2. Эгерде эксперттер жана адистер өзүнүн кызматтык милдеттеринин чөйрөсүнө кирбеген ишти соттун тапшырмасы боюнча аткарса, ал иш үчүн сыйлык акы алат. Сыйлык акынын өлчөмү эксперттердин жана адистердин пикирин эске алуу менен тараптардын макулдашуусу боюнча сот тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.

3. Тилмечтерге эмгек акы төлөө жана сотко келишине байланыштуу алар тарткан чыгымдарды төлөө тиешелүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

4. Сотко күбө катарында чакырылган иштеп жаткан адамдарга алар сотко келишине байланыштуу иште болбогон убакыт үчүн иштеген жериндеги орточо эмгек акысы сакталат. Эмгек мамилелеринде турбаган күбөлөр аларды демейки ишинен алагды кылгандыгы үчүн эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмүнө таянып, иш жүзүндө чыгымдалган убакытты эске алуу менен сыйлык акы алышат.

### [107-статья. Күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге төлөнүүчү суммаларды тараптардын төлөшү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-107)

1. Иш боюнча чыгымдарды төлөө үчүн зарыл болгон, ошондой эле өтүнүчтү берген тарап күбөлөргө, эксперттерге, адистерге төлөнүүчү суммаларды тиешелүү соттун депозиттин эсебине төлөйт. Эгерде күбөлөрдү чакыруу, эксперттерди дайындоо, адистерди тартуу жана акы төлөнүүгө тийиш болгон башка иш-аракеттер соттун демилгеси боюнча жүргүзүлсө же көрсөтүлгөн өтүнүч эки тараптан тең билдирилсе, анда талап кылынган суммаларды тараптар соттун депозиттин эсебине теңдеш өлчөмдө төлөйт.

2. Бул статьяда көрсөтүлгөн суммаларды соттун чыгымдарын төлөөдөн бошотулган тарап төлөбөйт жана тиешелүү бюджеттин эсебинен алынат.

### [108-статья. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана тилмечтерге таандык болгон суммаларды төлөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-108)

Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана тилмечтерге таандык болгон суммалар булар өз милдеттерин аткаргандан кийин депозиттик эсептен сот тарабынан төлөнөт.

### [109-статья. Сот чыгымдарын тараптардын ортосунда бөлүштүрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-109)

1. Чечим пайдасына чыгарылган тарапка сот иш боюнча тарткан бардык сот чыгымдарын экинчи тараптан алып берет, мында бул тарап мамлекеттин кирешесине сот чыгымдарын төлөөдөн сот тарабынан бошотулгандыгы эске алынбайт. Эгерде доо жарым-жартылай канааттандырылса, анда бул статьяда көрсөтүлгөн суммалар доогерге сот тарабынан канааттандырылган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу, ал эми жоопкерге - доогерге баш тартылган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу төлөнөт.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда баяндалган эрежелер ишти апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанцияларында жүргүзүүгө байланыштуу тараптар тарткан сот чыгымдарын бөлүштүрүүгө да таандык.

3. Эгерде жогору турган сот ишти жаңы карап чыгууга бербестен чыгарылган чечимди өзгөртсө же жаңы чечим чыгарса, ал тиешелүү түрдө сот чыгымдарын бөлүштүрүүнү өзгөртөт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [110-статья. Убакытты алгандыгы үчүн компенсацияны өндүрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-110)

1. Доого каршы негизсиз доону же талашты ак ниетсиз түрдө билдирген же ишти туура жана өз учурунда карап чыгууга жана чечүүгө дайыма каршы аракет кылган тараптан сот башка тараптын пайдасына иш жүзүндө кеткен убакыт үчүн компенсацияны өндүрө алат.

2. Компенсациянын өлчөмү сот тарабынан иштин конкреттүү жагдайын эске алуу менен акылга сыярлык өлчөмдө аныкталат.

### [111-статья. Өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-111)

1. Чечим пайдасына чыгарылган тарапка сот ал өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча тарткан чыгымдарын акылга сыярлык өлчөмдө жана айкын жагдайды эске алуу менен экинчи тараптан төлөтүп берет.

2. Эгерде белгиленген тартипке ылайык адвокаттын жардамы чечим пайдасына чыгарылган тарапка акысыз берилген болсо, көрсөтүлгөн сумма экинчи тараптан юридикалык практиканы жүзөгө ашырган жактын пайдасына өндүрүлөт.

### [112-статья. Доодон жана жарашуу макулдашуусун түзүүдөн баш тарткан учурда сот чыгымдарын бөлүштүрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-112)

1. Доогер доодон баш тарткан учурда алар тарткан чыгымдардын ордун жоопкер толтурбайт. Эгерде доогер доосу коюлгандан кийин аларды жоопкер ыктыярдуу түрдө канааттандырышынан улам өз талаптарын колдобосо, анда сот доогердин өтүнүчү боюнча иш боюнча доогер тарткан сот чыгымдарын жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды жоопкерден алып берет.

2. Эгерде жарашуу макулдашуусун түзгөндө тараптар сот чыгымдарын жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү тартибин караса, чыгымдар алардын макулдашуусуна ылайык бөлүштүрүлөт. Эгерде мындай макулдашууга жетишилбеген болсо, сот соттук чыгымдарды жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү маселесин ушул статьянын жана ушул Кодекстин 109-111-статьяларынын жоболору боюнча чечет.

### [113-статья. Тараптардын сот чыгымдарынын ордун толтурушу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-113)

1. Башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо арызы менен мыйзамда каралган учурларда сотко кайрылган адамдардын доосунан толугу менен же жарым-жартылай баш тартылганда, жоопкер ишти карап чыгууга байланыштуу тарткан соттук чыгымдардын орду толугу менен же доогерге баш тартылган доо талаптарынын бөлүгүнө пропорциялуу түрдө ага тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.

2. Доогердин доосунан баш тартылган учурда сот тарабынан тартылган ушул Кодекстин 40-статьясынын жоопкер тарткан соттук чыгымдар 1-пунктунда каралган тартипте тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен орду толтурулат.

3. Мүлктү камактан бошотуу жөнүндө доо канааттандырылган учурда доогер тарткан соттук чыгымдардын орду ага тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.

### [114-статья. Ишти карап чыгууда сот тарткан соттук чыгымдардын ордун толтуруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-114)

1. Соттун ишти кароосуна байланыштуу тарткан соттук чыгымдары жана мамлекеттик алым чыгарылган чечимдин жыйынтыгына жараша доо талаптарды канааттандырууга же алардын бөлүгүн канааттандыруудан баш тартууга пропорционалдуу түрдө, соттук чыгымдарды жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулбаган доогерден жана жоопкерден тийиштүү бюджетке өндүрүлүп алынат.

2. Доодон баш тартылган учурда ишти карап чыгууга байланыштуу сот тарткан соттук чыгымдар тиешелүү бюджетке соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулбаган доогерден өндүрүлөт.

3. Эгерде доо жарым-жартылай канааттандырылса, ал эми жоопкер соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулса, ишти карап чыгууга байланыштуу сот тарткан чыгымдар тиешелүү бюджетке соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулбаган доогерден доо талаптарынын канааттандыруудан баш тартылган бөлүгүнө пропорциялуу түрдө өндүрүлөт.

4. Эгерде эки тарап тең соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулса, анда ишти карап чыгууга байланыштуу сот тарткан чыгымдар тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебине кошулат.

5. Төлөөгө тийиш болгон акыны төлөөдөн качкан адамдарды издөө жарыяланган учурда сот андан издөө жүргүзүү боюнча чыгымдарды тиешелүү бюджеттин кирешесине өндүрөт.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [115-статья. Соттук чыгымдар менен байланышкан маселелер боюнча аныктамаларга даттануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-115)

Соттук чыгымдар менен байланышкан маселелер боюнча аныктамаларга жекече даттануу берилиши мүмкүн.

## 9-Глава

Жарандык сот ишин жүргүзүүдө администрациялык жаза берүү

### [116-статья. Администрациялык жаза берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-116)

Жарандык процессте администрациялык жаза Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан берилет.

## 10-Глава

Процесстик мөөнөттөр

### [117-статья. Процесстик мөөнөттөрдү эсептөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-117)

1. Процесстик иш-аракеттер ушул Кодексте же башка мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. Процесстик мөөнөттөр мыйзамдарда белгиленбеген учурда аны сот дайындайт.

2. Процесстик иш-аракеттерди аяктоо үчүн мөөнөт сөзсүз боло турган окуя көрсөтүлүп, так календарлык дата же мезгил менен аныкталат. Мезгил болгон учурда иш-аракет бүткүл мезгилдин ичинде өтүүгө тийиш.

3. Жылдар, айлар же күндөр менен эсептелген процесстик мөөнөт окуянын башталышы аныкталган календарлык датадан же окуя болгон күндөн кийинки күнү башталат.

### [118-статья. Процесстик мөөнөттүн аякташы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-118)

1. Жылдар менен эсептелген мөөнөт ушул мөөнөттөгү акыркы жылдын тиешелүү айында жана күнүндө аяктайт. Айлар менен эсептелген мөөнөт ушул мөөнөттөгү тиешелүү айда жана айдын акыркы күнүндө аяктайт. Эгерде ай менен эсептелген мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү болбогон айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө аяктайт.

2. Мөөнөттүн акыркы күнү дем алыш күнгө туура келген учурда, андан кийинки жумуш күнү мөөнөт аяктаган күн деп эсептелет.

3. Өткөрүү үчүн мөөнөтү белгиленген процесстик иш-аракет мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин аткарылууга тийиш. Эгерде даттануу, документтер же акча суммасы байланыш органына мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин тапшырылган болсо, анда мөөнөтү өтүп кетти деп эсептелбейт.

4. Эгерде процесстик иш-аракет түздөн-түз сотто же башка уюмда өтө турган болсо, анда мөөнөт бул уюмдарда белгиленген эреже боюнча жумуш аяктаган же тиешелүү операциялар токтогон саатта бүтөт.

### [119-статья. Процесстик мөөнөттү өткөрүүнүн натыйжасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-119)

1. Процесстик иш-аракетти жүргүзүү укугу мыйзамда белгиленген же сот дайындаган мөөнөттүн аякташы менен токтойт.

2. Эгерде өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч билдирилбесе, процесстик мөөнөт аяктагандан кийин берилген даттануулар жана документтер сотто каралбайт жана аларды берген адамга кайра кайтарылбайт.

### [120-статья. Процесстик мөөнөттү токтотуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-120)

1. Өтө элек бардык процесстик мөөнөттөрдүн өтүшү иш боюнча өндүрүштүн токтотулушу менен бир учурда токтотулат.

2. Өндүрүш кайра башталган күндөн тартып процесстик мөөнөт өтө баштайт.

### [121-статья. Процесстик мөөнөттөрдү узартуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-121)

Сот тарабынан дайындалган мөөнөт ал аяктаганга чейин ушул Кодекстин 122-статьясында каралган тартипте сот тарабынан узартылышы мүмкүн. Сот дайындаган мөөнөттүн аякташы сот өндүрүшүнүн катышуучусун өзүнө жүктөлгөн процесстик милдетти аткаруудан бошотпойт.

### [122-статья. Процесстик мөөнөттөрдү кайрадан калыбына келтирүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-122)

1. Мыйзамда белгиленген мөөнөттү сот жүйөөлүү деп тапкан себептерден улам өткөрүп жиберген адамдарга өткөрүлгөн мөөнөт, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, кайрадан калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибиндеги иштерди кошпогондо, өтүп кеткен процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыз биринчи инстанциядагы сотко берилет жана соттун отурумунда каралат. Ишке катышкан адамдар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калышы соттун алдына коюлган маселени чечүү үчүн тоскоолдук болбойт.

3. Мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арызды берүү менен бир эле учурда өтүп кеткен мөөнөт жагынан зарыл процесстик иш-аракет жасалууга (даттануу берилүүгө, документтер жана башкалар талап кылынууга) тийиш.

4. Өтүп кеткен процесстик мөөнөттү калыбына келтирүүдөн же калыбына келтирүү жөнүндө баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу берилиши мүмкүн.

5. Ушул Кодекстин 344-статьясында каралган даттанууну же талапты киргизүү мөөнөтү, эгерде даттануу же талапта белгиленген мөөнөттү сактоо менен берилип, бирок ал боюнча иш маани-мазмуну боюнча каралбаган болсо, калыбына келтирилиши мүмкүн.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

## 11-Глава

Соттук кабарлоо жана чакыруулар

### [123-статья. Соттук чакыруу каты жана кабарлоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-123)

1. Ишке катышып жаткан адамдар соттук жыйналыштын же айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо убактысы жана орду жөнүндө соттун чакыруу

каты менен кабарландырылат. Соттун чакыруу каты менен сотко күбөлөр, эксперттер, адистер жана тилмечтер да чакырылат.

2. Ишке катышкан адамдарга чакыруу каты алар ишке даярданышы жана сотко өз учурунда келиши үчүн жетиштүү убактысы болгудай эсеп менен тапшырылууга тийиш.

3. Чакыруу тарап же ишке катышкан башка жак көрсөткөн дарекке жеткирилет. Эгерде жаран сотко билдирген даректе жашабаса, чакыруу каты анын иштеген жерине жөнөтүлүшү мүмкүн. Юридикалык жактарга багытталган чакыруу каты ал орган турган жерге жөнөтүлөт.

4. Зарыл учурларда ишке катышкан адамдар, ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер жана тилмечтер тапшыруу жөнүндө телеграф, телетайп боюнча билдирүү аркылуу заказдык кат менен, ошондой эле кабарлоону же чакыруу катты каттоону камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен кабарландырылышы же чакырылышы мүмкүн.

### [124-статья. Чакыруунун жана кабарлоонун мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-124)

1. Чакыруу жана кабарлоо:

1) соттун аталышын жана так дарегин;

2) келе турган жердин жана убактысынын көрсөтүлүшүн;

3) чакырууга тийиштүү иштин аталышын;

4) чакыруу каты (кабар) жөнөтүлгөн жактын, жана ал ким катарында чакырылып (кабарландырылып) жаткандыгынын көрсөтүлүшүн;

5) ишке катышып жаткан адамдарга иш боюнча аларда болгон далилдерди көрсөтүү сунушун;

6) дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу чакыруу катты (кабарды) кабыл алган адамдын милдетинин, биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо аны дарек ээсине тапшыруунун көрсөтүлүшүн;

7) келбей коюунун натыйжасын жана келбей коюунун себебин сотко билдирүү милдетин көрсөтүүнү камтууга тийиш.

2. Сот чакыруу катты (кабар) менен бир эле учурда жоопкерге доо арызынын көчүрмөсүн жана документтердин арызына тиркелген көчүрмөлөрдү жиберет. Доогерге багытталган чакыруу кат (кабар) менен бирге сот жоопкердин жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүнүн көчүрмөсүн жана эгерде алар сотко келип түшкөн болсо, ага тиркелүүчү документтердин көчүрмөсүн кошо жөнөтөт.

### [125-статья. Чакыруу катты жана кабарды жеткирүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-125)

1. Чакыруу кат жана кабар почта аркылуу же судья тапшырган адам аркылуу жеткирилет. Чакыруу катты жана кабарды дарек ээсине тапшырган убакыт чакыруу каттын дүмүрчөгүндө же сотко кайтарылууга тийиш болгон кабардын экинчи нускасында белгиленет.

2. Сот ишке катышкан адамдын макулдугу менен анын колуна иш боюнча кабарландырылып же чакырылып жаткан адамга тапшыруу үчүн чакырууну же кабарды бере алат. Судья чакыруу катты же кабарды жеткирүүнү тапшырган адам чакыруу каттын дүмүрчөгүн же дарек ээси алдым деп кол койгон кабардын экинчи нускасын сотко кайра кайтарууга милдеттүү.

### [126-статья. Чакыруу катты жана кабарды тапшыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-126)

1. Чакыруу кат жана кабар сотко кайра кайтарууга тийиш болгон чакыруу каттын дүмүрчөгүнө же кабардын экинчи нускасына кол койдуруу менен жарандын өзүнө тапшырылат. Уюмга багытталган чакыруу кат (кабар) тиешелүү кызмат адамына тапшырылат, ал чакыруу каттын дүмүрчөгүнө же кабардын экинчи нускасына кол коет.

2. Эгерде, чакыруу катты (кабарды) жеткирген адам иш боюнча кабарландырылуучу же чакырылуучу жаранды жашаган же иштеген жеринен таппаса, чакыруу кат (кабар) аны менен чогуу жашаган чоңоюп калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу менен аларга, ал эми алар жок болгон учурда - дарек ээси жашаган жери боюнча турак жай-эксплуатациялык уюмга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же иштеген жериндеги администрацияга тапшырылат. Көрсөтүлгөн учурларда чакыруу катты (кабарды) кабыл алган адам чакыруу каттын дүмүрчөгүнө же кабардын экинчи нускасына өзүнүн аты-жөнүн, ошондой эле дарек ээсине карата мамилесин (жубайы, атасы, апасы, уулу, кызы ж.б.) же ээлеген кызматын көрсөтүүгө милдеттүү. Чакырууну (кабарды) кабыл алган адам биринчи мүмкүнчүлүк болор замат аны кечиктирбестен дарек ээсине тапшырууга милдеттүү.

3. Дарек ээси убактылуу жок болгон учурда чакыруу катты же кабарды жеткирген адам чакыруу каттын дүмүрчөгүндө же кабардын экинчи нускасында дарек ээси кайда кеткенин жана анын келиши качан күтүлүп жаткандыгын белгилейт. Бул маалыматтар дарек ээси жашаган жери боюнча тиешелүү турак жай-эксплуатациялык уюм, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан же иштеген жериндеги администрация тарабынан ырасталууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

### [127-статья. Чакыруу катты (кабарды) кабыл алуудан баш тартуунун натыйжасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-127)

1. Дарек ээси чакыруу катты (кабарды) кабыл алуудан баш тарткан учурда аны жеткирген адам чакыруу катка (кабарга) тиешелүү белги коет, ал сотко кайра кайтарылат.

2. Дарек ээси чакыруу катты (кабарды) кабыл алуудан баш тарткандыгы жөнүндө белги дарек ээси жашаган жердеги тиешелүү турак-жай-эксплуатациялык уюм, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан же анын иштеген жериндеги администрация тарабынан күбөлөндүрүлөт.

3. Чакыруу катты (кабарды) кабыл алуудан баш тарткан адам соттук териштирүүнүн же айрым процесстик иш-аракетти жасоонун убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылды деп эсептелет.

### [128-статья. Иш жүргүзүү учурунда даректин өзгөрүшү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-128)

Ишке катышкан адамдар иш жүргүзүү учурунда өзүнүн дареги өзгөргөндүгү тууралу сотко билдирүүгө тийиш. Мындай билдирүү жок болгон учурда чакыруу кат (кабар) сотко белгилүү болгон акыркы дарек боюнча жиберилет жана дарек ээси бул даректе мындан ары жашабагандыгына же ал жерде жоктугуна карабастан, жеткирилди деп эсептелет.

### [129-статья. Жоопкердин турган жеринин белгисиздиги](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-129)

Жоопкердин иш жүзүндө турган жери белгисиз болгон учурда чакыруу катты (кабарды) жоопкер акыркы жолу жашаган маалымдуу орду боюнча турак-жай-эксплуатациялык уюм же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же анын акыркы иштеген маалымдуу жериндеги уюмдун администрациясы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жазуусу бар чакыруу кат (кабар) сотко келип түшкөндөн кийин сот ишти кароого киришет.

### [130-статья. Жоопкерди издөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-130)

1. Жоопкердин турган жери белгисиз болгон учурда мамлекеттин таламында коюлуучу талаптар, анын ичинде алиментти өндүрүп алуу, майыптыктан же ден соолуктун башкача бузулушунан, ошондой эле баккан адамдын дүйнөдөн кайтышынан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча сот ички иштер же салык инспекция органдары аркылуу жоопкерди издөөнү жарыялоого милдеттүү, бул жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Жоопкерди издөө боюнча чыгымдарды өндүрүү ички иштер же салык инспекция органдарынын арызы боюнча соттун буйругу аркылуу жүргүзүлөт.

## 12-Глава

Сот актыларын аткаруу

### [131-статья. Сот актыларын аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-131)

Жарандык иштер боюнча сот актылары Кыргыз Республикасынын аткаруу ишин жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарылат.

## II БӨЛҮМ

БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТО ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ

I. ДОО ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ

## 13-Глава

Доо коюу

### [132-статья. Доо арызынын формасы жана мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-132)

1. Доо арызы сотко жазуу жүзүндө берилет.

2. Арызда:

1) арыз берилген соттун аталышы;

2) доогердин аталышы, анын жашаган жери жана, эгерде доогер юридикалык жак болуп саналса, анын турган жери, ошондой эле, эгерде арызды анын өкүлү берсе, өкүлдүн аталышы жана анын дареги;

3) жоопкердин аталышы, анын жашаган жери же, эгерде жоопкер юридикалык жак болуп саналса, анын турган жери;

4) доогердин талабы;

5) доогер өз талаптарын негиздеген кырдаал жана бул кырдаалды ырастаган далилдер;

6) эгерде доо бааланууга тийиш болсо, доонун баасы;

7) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеси көрсөтүлүүгө тийиш.

Арызда талашты чечүү үчүн маңызы бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү, ошондой эле доогердин өтүнүчү баяндалышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик же коомдук таламдарда прокурор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар койгон арызда мамлекеттик же коомдук талам эмнеде экендигинин негиздемеси, кандай укук бузулгандыгы, ошондой эле мыйзамга же башка укуктук актыга шилтеме камтылууга тийиш. Арыз аракетке жөндөмсүз адамдын таламдарында берилгенден башка учурларда, прокурор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар жарандын таламында доо койгон учурда, анда доону жарандын өзү кое албастыгынын негиздемеси камтылууга тийиш жана сотко арыз берүүгө макулдукту ырастаган документ тиркелүүгө тийиш.

4. Арызга доогер же кол коюуга жана арыз берүүгө ыйгарым укугу бар анын өкүлү кол коет.

### [133-статья. Доо арызына тиркелүүчү документтер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-133)

Доо арызына:

1) доо арызынын көчүрмөсү, ошондой эле жоопкерлердин жана үчүнчү жактардын саны боюнча ушул статьянын 2-5-пунктчаларында саналган документтер;

2) (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

3) ишеним кат же доо арызына кол коюуга жана доо коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөгөн документ;

4) доогер өз талаптарын негиздеген жагдайды ырастаган документтер;

5) жарыяланган ченемдик укуктук акт талашка түшкөн учурда анын тексти;

6) сот чыгымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, мөөнөтүн бөлүп-бөлүп берүү, төлөөдөн бошотуу же алардын өлчөмүн азайтуу жөнүндө, доону камсыз кылуу, далилдерди талап кылуу жана эгерде арызда баяндалбаса башкаларды талап кылуу жөнүндө жазуу жүзүндө баяндалган өтүнүч тиркелет.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [134-статья. Доо арызын кабыл алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-134)

Сот арыз түшкөн учурдан баштап жети күндүк мөөнөттө, ал эми психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу менен байланышкан иштер боюнча арыз түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сот ишине кабыл алуу жөнүндөгү маселени кароого милдеттүү. Доо арызын кабыл алуу жөнүндө сот аныктама чыгарат. Ушул Кодекс менен арызды сот ишине кабыл алуунун башка мөөнөттөрү да каралышы мүмкүн. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [135-статья. Доо арызын кабыл алуудан баш тартуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-135)

1. Сот доо арызын төмөнкүдөй учурларда кабыл алуудан баш тартат:

1) арыз жарандык сот ишинин тартибинде каралып чыгууга же чечилүүгө тийиш болбогон учурда;

2) бир эле тараптардын ортосунда бир эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш жагынан соттун, бейтарап соттун чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же доогердин доосунан баш тартууга байланыштуу иш боюнча сот ишин токтотуу жөнүндө же тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө соттун аныктамасы бар болгондо.

3) эгерде тараптардын ортосунда талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн болсо, мындай макулдашуу жараксыз болгон, күчүн жоготкон же аны аткаруу мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо.

4) эгерде ишкердик иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жактардын (менчик формасынан көз карандысыз түрдө, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын), жарандардын бузулган укуктарын коргоо жөнүндө билдирилген талабы боюнча, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (ага катышуучунун, акционердин) же болбосо анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын, ошол эле учурда ишкердик иш-аракеттин объекттерине карата буюмдук, милдеттенмелик жана башка мүлктүк бузулган укуктарды коргоо жөнүндө сотко талап койгон башка жактардын билдирилген талабы боюнча мыйзамда белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе.

2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөөлүү аныктаманы чыгарат, ал сотко кайрылган учурдан тартып жети күндүк мөөнөттө чыгарылууга, арыз ээси берген документтерди кайра кайтаруу менен бир эле учурда ага тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.

3. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арыз ээси ошол эле жоопкерге ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча сотко доо менен кайталап кайрылышына жол бербейт. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына жекече доо же билдирүү берсе болот.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [136-статья. Доо арызын кайра кайтаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-136)

Сот:

1) эгерде доогер же талашты алдын ала сотко чейин чечүү келишиминде мыйзамда белгиленген же талашты алдын ала сотко чейин чечүү келишиминде тартибин сактабаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса;

2) эгерде иш бул сотко караштуу болбосо;

3) эгерде арыз башка доогер тарабынан берилсе;

4) эгерде арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;

5) эгерде арыз таламдаш жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса;

6) эгерде ушул эле же башка соттун, бейтарап соттун иш жүргүзүүсүндө ушул эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш жагынан иш бар болсо;

7) эгерде күйөөсү аялынын макулдугусуз аялынын кош бойлуу учурунда же бала төрөгөндөн кийин бир жылдын ичинде никени бузуу жөнүндө доо койсо, доо арызын кайра кайтарат;

8) эгерде жарандын бузулган укуктарын коргоо жөнүндөгү доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен арызына аны калыбына келтирүү өтүнүчү тиркелбесе, мындай калыбына келтирүүгө мыйзам жол берет.

2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө сот жүйөөлүү аныктама чыгарат. Аныктамада сот, эгерде иш бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин жана ишти козгоого тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү. Арызды кайра кайтаруу жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен бирдикте арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.

3. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө аныктама, эгерде сот кетирилген эреже бузууларды четтетпесе, доогер ошол эле иш боюнча арыз менен сотко кайталап кайрылышына тоскоолдук кылбайт. Арызды кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу же талап коюу берилиши мүмкүн.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [137-статья. Доо арызын кыймылсыз калтыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-137)

1. Сот доо арызы сотко ушул Кодекстин 132-статьясында жана 133-статьясынын 1-5-пунктчаларында баяндалган талаптарды сактабастан берилгендигин белгилеген соң, арызды карабай коюу жөнүндө аныктама чыгарат, бул жөнүндө доо арызын берген адамга гана кабарлайт жана ага кемчиликтерди оңдоо үчүн мөөнөт берет.

Бул статьянын талаптары администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүгө жайылтылбайт.

2. Эгерде доогер соттун көрсөтмөлөрүнө ылайык жана сот белгилеген мөөнөттө аныктамада көрсөтүлгөн талаптарды аткарса, доо арызы сотко алгачкы жолу коюлган күнү берилди деп эсептелет. Андай болбогон учурда арыз берилген жок деп эсептелет жана ага тиркелген бардык документтер менен бирдикте доогерге кайра кайтарылат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [138-статья. Утурлама доо коюу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-138)

Жоопкер иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин алгачкы доо менен бирдикте карап чыгуу үчүн доогерге утурлама доо коюуга укуктуу. Утурлама доону коюу доо коюу жөнүндө жалпы эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

### [139-статья. Утурлама доону кабыл алуунун шарттары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-139)

Сот:

1) эгерде тосмо талап алгачкы талапка кошуу үчүн жөнөтүлсө;

2) эгерде утурлама доону канаттандыруу алгачкы доону толугу менен же жарым жартылай канааттандырууну жокко чыгарса;

3) эгерде утурлама жана алгачкы доолордун ортосунда өз ара байланыш бар болсо жана аларды бирге карап чыгуу талашты кыйла тез жана туура карап чыгууга алып келсе, утурлама доону кабыл алат.

## 14-Глава

Доону камсыз кылуу

### [140-статья. Доону камсыз кылуу үчүн негиздер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-140)

1. Ишке катышкан жактардын арызы боюнча сот доону камсыз кылуу чарасын көрүшү мүмкүн. Эгерде ушундай чараларды кабыл албоо соттун, бейтарап соттун чечимин аткарууну кыйындатса же мүмкүнчүлүк бербесе, доону камсыз кылууга иштин бардык абалында жол берилет.

2. Туруктуу иштеген бейтарап сот тарабынан каралган бейтарап териштирүүдө тараптардын арызы боюнча доону камсыз кылуу чаралары, доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрү менен алмаштыруу, доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жана доону камсыз кылуу боюнча башка маселелер ушул главада каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

(КР 2013-жылдын 11-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [141-статья. Доону камсыз кылуу боюнча чаралар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-141)

1. Төмөнкүлөр:

1) жоопкерге таандык же анын карамагында же башка жактарда болгон мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу. Мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу доо суммасынын жана соттук чыгымдардын чектеринде салынат.

2) жоопкерге айрым иш-аракеттерди жасоого тыюу салуу;

3) мүлктү берүүгө же ага карата башка милдеттерди аткарууга башка жактарга тыюу салуу;

4) мүлктү камактан бошотуу жөнүндө доо коюлган учурда мүлктү сатууну токтотуу;

5) сот тартибинде карызкор талашып-тартышкан аткаруу документи боюнча өндүрүп алууну токтотуу доону камсыз кылуу боюнча чаралар болушу мүмкүн.

2. Зарыл учурларда сот ушул Кодекстин 140-статьясында көрсөтүлгөн максаттарга жооп берген доону камсыз кылуу боюнча башка чараларды көрө алат. Сот доону камсыз кылуунун бир нече түрүнө жол бериши мүмкүн.

21. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, банктын лицензиясын кайтарып алуу, Убактылуу администрация режимин киргизүү боюнча жана банкты реструктуризациялоо жагында чараларды көрүү боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кабыл алган учурларда сот мындай чечимдерге даттануу боюнча доону камсыздоо чараларын колдонбойт.

3. Ушул статьянын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн тыюу салуулар бузулган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Мындан тышкары доогер бул адамдардан доону камсыз кылуу жөнүндө аныктаманы аткарбай коюудан улам келтирген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [141-1-статья. Бейтарап териштирүү тарабынын доону камсыз кылуу тууралуу арызы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-141-1)

1. Бейтарап териштирүү тарабынын доону камсыз кылуу тууралуу арызы бейтарап соттун жайгашкан жери боюнча же болбосо жоопкердин жайгашкан же жашаган жери, же болбосо жоопкердин мүлкү жайгашкан жери боюнча берилет.

2. Бейтарап териштирүү тарабынын доону камсыз кылуу тууралуу арызына төмөнкүлөр тиркелет:

1) бейтарап териштирүүлөр демилгеленген, туруктуу иштеп жаткан бейтарап сот тарабынан күбөлөндүрүлгөн доо арызынын көчүрмөсү;

2) талашты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндө (бейтарап макулдашуу) макулдашуунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

(КР 2013-жылдын 11-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [142-статья. Доону камсыздоо жөнүндөгү арызды карап чыгуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-142)

Доону камсыздоо жөнүндөгү арызды сот ал сотко келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, жоопкерге жана ишке катышкан башка жактарга кабарлабастан карайт. Доону камсыз кылуу чараларын көрүү жөнүндө судья же сот аныктама чыгарат.

### [143-статья. Доону камсыздоо жөнүндө аныктаманы аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-143)

Доону камсыздоо жөнүндө аныктама соттун чечимин аткаруу үчүн белгиленген тартипте токтоосуз аткарылат.

### [144-статья. Доону камсыздоонун бир түрүн башкасы менен алмаштыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-144)

1. Ишке катышкан адамдын арызы боюнча доону камсыздоонун бир түрүн башкасы менен алмаштыруута жол берилет.

2. Доону камсыздоонун бир түрүн башкасы менен алмаштыруу жөнүндө маселе соттун отурумунда чечилет. Ишке катышкан адамдар отурумдун убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей коюушу доону камсыз кылуунун түрүн алмаштыруу жөнүндө маселени карап чыгууга тоскоолдук кылбайт.

3. Акчалай сумманы өндүрүү жөнүндө доону камсыздоодо жоопкер доону камсыз кылуунун сот тарабынан көрүлгөн чарасынын ордуна соттун депозиттик эсебине доогер талап кылган сумманы которууга укуктуу.

### [145-статья. Доону камсыздоону жокко чыгаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-145)

1. Доону камсыздоо тараптардын арызы боюнча же соттун демилгеси боюнча ошол эле сот тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.

2. Доону камсыздоону жокко чыгаруу жөнүндө маселе соттун отурумунда чечилет. Ишке катышкан адамдар отурумдун убактысы жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей коюшу доону камсыздоону жокко чыгаруу жөнүндө маселени карап чыгуу үчүн тоскоолдук болбойт.

3. Доодон баш тартылган учурда доону камсыздоо үчүн көрүлгөн чаралар чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сакталат. Бирок сот чечим менен бир эле учурда же өзүнүн токтомунан кийин доону камсыздоону жокко чыгаруу жөнүндө аныктама чыгара алат. Доо канаттандырылган учурда аны камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар соттун чечими аткарылганга чейин өз күчүн сактайт.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [146-статья. Доону камсыздоо маселелери боюнча аныктамаларга даттануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-146)

1. Доону камсыздоо маселелери боюнча бардык аныктамаларга жекече даттануу же сунуш берилиши мүмкүн.

2. Эгерде доону камсыздоо жөнүндө аныктама даттанууну, сунушту берген жакка кабарлабастан чыгарылса, даттанууну, сунушту берүү үчүн мөөнөт ага ушул аныктама белгилүү болгон күндөн тартып эсептелет.

3. Доону камсыздоо жөнүндө аныктамага жекече даттанууну же сунушту берүү бул аныктаманы аткарууну токтотпойт.

4. Доону камсыздоону алып салуу жөнүндө же доону камсыздоонун кылуунун бир түрүн башкасы менен алмаштыруу жөнүндө аныктамага жекече даттанууну же сунушту берүү аныктаманы аткарууну токтотпойт.

5. Бейтарап териштирүү тарабынын арызынын негизинде чыгарылган доону камсыз кылуу маселелери боюнча соттун аныктамасына даттанылган учурда, сот бейтарап соттон иштин материалдарынын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, жеке арызды кароо үчүн зарыл болгон материалдарды гана талап кылышы мүмкүн.

(КР 2013-жылдын 11-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [147-статья. Доону камсыздоодон келтирилген зыяндын ордун жоопкерге толтуруп берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-147)

Сот доону камсыздоого жол берүү менен, жоопкер үчүн мүмкүн болгон зыяндын ордун толтурууну доогерден талап кыла алат. Доодон жоопкер баш тартылган чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин ошол эле сотто доо коюу жолу менен доогердин өтүнүчү боюнча кабыл алынган доону камсыздоо боюнча чаралар менен жоопкерге келтирилген зыяндын ордун толтурууну доогерден талап кылууга укуктуу.

## 15-Глава

Соттук териштирүүгө ишти даярдоо

### [148-статья. Соттук териштирүүгө ишти даярдоо милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-148)

Судья арызды кабыл алгандан кийин 14 күндүн ичинде аны өз учурунда жана туура чечүүнү камсыздоо максатында соттук териштирүүгө ишти даярдайт. Соттук териштирүүгө ишти даярдоонун ар бир иш боюнча керектүү болгон милдеттер:

1) доонун эскирүү мөөнөтүн колдонуу жөнүндө маселени чечүү;

2) ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон жагдайларды тактоо;

3) тараптардын укуктук мамилелерин жана жетекчиликке алынууга тийиш болгон мыйзамды аныктоо;

4) ишке катышкан адамдардын курамы жөнүндө маселени чечүү;

5) ар бир тарап өз ырастоосун негиздөө үчүн сунуш кылууга тийиш болгон далилдердин аныктамасы болуп эсептелет.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [149-статья. Арыздын көчүрмөсүн жана ага тиркелген документтерди жоопкерге жөнөтүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-149)

Сот доо арызынын көчүрмөсүн жана ага тиркелген, доогердин талаптарын негиздеген документтерди жоопкерге жиберет же тапшырат жана өзү белгиленген мөөнөттө алар өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн жана өз каршы пикирлеринин негиздүүлүгүнүн далилдерин берүүнү талап кылат. Жоопкер соттун жыйналышына келбеген учурда жазуу жүзүндөгү тушүндүрмөлөрдү жана далилдерди бербей коюшу иште болгон далилдер боюнча ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт.

### [150-статья. Соттук териштирүүгө ишти даярдоо боюнча судьянын иш-аракети](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-150)

Судья соттук териштирүүгө ишти даярдоо тартибинде төмөнкүдөй иш аракеттерди жүргүзөт:

1) доогер койгон талаптардын маңызы боюнча аны сурайт, андан жоопкер тарабынан мүмкүн болгон каршы пикирлерди аныктайт, эгерде зарыл болсо, кошумча далилдерди берүүнү сунуш кылат, доогерге анын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;

2) жоопкерди чакырат, иштин жагдайлары боюнча аны сурайт, доого карата кандай каршы пикир бар экендигин жана алар кандай далил менен ырасталышы мүмкүн экендигин айкындайт, өзгөчө татаал иштер боюнча жоопкерге иш боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө берүүнү сунуш кылат, жоопкерге анын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;

3) ишке тең доогерлер, тең жоопкерлер жана үчүнчү жактар кириши жөнүндө маселени чечет, ушул статьянын 1- жана 2-пунктчалары жагынан аларды сурайт, ошондой эле тиешеси жок жоопкерди алмаштыруу маселесин чечет;

4) ишти териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө анын жыйынтыгына таламдаш, ишке катышууга тартылбаган жарандарга же уюмдарга кабарлайт;

5) күбөлөрдү соттун жыйналышына чакыруу жөнүндө маселени чечет;

5-1) ушул Кодекстин 45-статьясында каралган учурларда прокурордун ишти териштирүү убактысы жана жери жөнүндө билдирет;

6) экспертизаны, аны жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындайт, ошондой эле ишке катышууга адистерди тартуу жөнүндө маселени чечет;

7) ишке катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча уюмдардан, же жарандардан жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерди, үн жана көрмө жазууларды талап кылат;

8) кечиктирүүгө болбогон учурларда ишке катышкан адамдарга билдирүү менен жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерди жеринде карап көрөт;

9) соттук тапшырмаларды жөнөтөт;

10) доону камсыздоо жөнүндө маселени чечет;

11) доогердин өтүнүчү боюнча ал берген арызды кайра кайтаруу жөнүндө аныктама чыгарат;

12) доонун өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчтү чечет;

13) зарыл болгон башка процесстик иш-аракеттерди жасайт.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [151-статья. Соттук териштирүүгө ишти даярдоо жөнүндө аныктама](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-151)

Судья соттук териштирүүгө ишти даярдоо жөнүндө аныктама чыгарат жана жүргүзө турган иш-аракеттерди көрсөтөт.

### [152-статья. Бир нече доо талаптарын бириктирүү же бөлүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-152)

1. Доогер өз ара байланыштуу бир нече талаптарды бир доо арызына бириктирүүгө укуктуу.

2. Эгерде талаптарды өз өзүнчө карап чыгууну максатка ылайык деп тапса, судья талаптардын бириктирилген бир же бир нечесин өзүнчө иш жүргүзүүгө бөлүп алат.

Талаптар бир нече доогер тарабынан же бир нече жоопкерге карата коюлган учурда, эгерде талаптарды өз өзүнчө карап чыгууну максатка ылайык деп тапса, судья талаптардын бир же бир нечесин өзүнчө иш жүргүзүүгө бөлүүгө укуктуу.

3. Судья бул соттун иш жүргүзүүсүндө бир эле тараптар катышкан бир түрдүү бир нече иш же бир доогердин ар кандай жоопкерлерге карата же ар кандай доогерлердин бир эле жоопкерге карата доолору боюнча бир нече иши бар экендигин аныктап, эгерде бул иштерди бирге карап чыгуу үчүн бир иш жүргүзүүгө бириктирүү талаштарды кыйла тез жана туура карап чыгууга алып келсе, аларды бириктирүүгө укуктуу.

### [153-статья. Соттук териштирүүгө ишти коюу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-153)

Судья ишти даяр деп тапканда, аны соттун отурумунда териштирүүгө коюу жөнүндө аныктама чыгарат, ишти карап чыгуунун орду жана убактысы жөнүндө тараптарга жана процесстин башка катышуучуларына кабарлайт.

### [154-статья. Иш боюнча иш жүргүзүүнү токтото туруу, токтотуу жана ишти соттук териштирүүгө даярдоодо арызды карап чыкпастан калтыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-154)

Ушул Кодекстин 216, 217-статьяларында, 221-статьясынын 1-8-пунктчаларында жана 223-статьясынын 1-4, 8, 9-пунктчаларында каралган жагдай болгон учурда, иш боюнча кароо аны соттук териштирүүгө даярдоодо токтотула турушу, токтотулушу мүмкүн же арыз каралбастан калтырылышы мүмкүн. Доодон баш тартууга же тынышуу макулдашуусун бекитүүгө байланыштуу иш боюнча ишти токтотуу жөнүндө аныктама чыгаруу менен байланышкан процесстик иш-аракеттер протоколго жазылат, ал эми доодон баш тартуу же тынышуу макулдашуусу жөнүндө арыз ишке тиркелет. Тараптарга мындай процесстик иш-аракеттин натыйжасы түшүндүрүлөт.

## 16-Глава

Соттук териштирүү

### [155-статья. Жарандык иштерди карап чыгуу жана чечүү мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-155)

1. Ушул Кодекстин 134 жана 148-статьяларында көрсөтүлгөн убакытты кошпогондо, жарандык иштер арыз сотко келип түшкөн учурдан тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.

2. Жумушка кайрадан орношуу жөнүндө иштер, алиментти өндүрүү жөнүндө жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана кызмат адамдарынын чечимдерин, иш-аракеттерин (аракетсиздигин) талашып-тартышуу жөнүндө иштер, ошондой эле жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу (сатып алуу) жөнүндө же сатып алуу баасын белгилөө жөнүндө доолор боюнча иштер, ушул Кодекстин 134-статьясында көрсөтүлгөн убакытты кошпогондо, бир айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.

Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндөгү иштер иш козголгон күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен сот тарабынан каралат жана чечилет.

3. Ушул Кодексте жана мыйзамдарда жарандык иштердин айрым категорияларын карап чыгуунун жана чечүүнүн кыскартылган мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2016-жылдын 18-майындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [156-статья. Соттун отуруму](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-156)

Жарандык ишти териштирүү ишке катышкан адамдарга милдеттүү түрдө билдирүү менен соттун отурумунда жүргүзүлөт.

### [157-статья. Соттун отурумунда төрагалык кылган адам](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-157)

1. Ишти жеке өзү караган судья төраганын милдетин аткарат.

2. Төрагалык кылган адам тараптардын укуктарынын теңдигин камсыздөө үчүн бул Кодексте каралган бардык чараларды көрүү менен соттун жыйналышына жетекчилик кылат, иштин жагдайларын ар тараптан, толук жана объективдүү иликтөө үчүн зарыл шарттарды түзөт. Төрагалык кылган адам соттун отурумунун күн тартибинин сакталышын камсыз кылат, соттук териштирүүнүн бардык катышуучуларына алардын укуктары менен милдеттерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин түшүндүрөт.

Соттук териштирүүгө катышкан адамдардын кимдир бирөө төрагалык кылган адамдын иш-аракетине каршы пикирин билдирген учурда, бул каршы пикирлер соттун отурумунун протоколуна жазылат жана төрагалык кылган адам өзүнүн иш-аракеттери жагынан түшүндүрмө берет.

3. Төрагалык кылган адамдын буйруктарын процесстин бардык катышуучулары: ишке катышкан адамдар, өкүлдөр, күбөлөр, эксперттер, адистер, тилмечтер жана соттун отурумуна катышып отурган адамдар аткарууга милдеттүү.

### [158-статья. Соттук териштирүүнүн тикелей жана оозеки жүргүзүлүшү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-158)

1. Сот ишти маңызы боюнча кароодо иш боюнча далилдерди тикелей изилдөөгө: тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүнүктөрүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттердин корутундуларын угууга, жазуу жүзүндөгү далилдер менен таанышууга жана буюм далилдерди кароого, үн жана көрмө жазууларды көрүүгө милдеттүү.

2. Иш боюнча далилдерди изилдөөдө сот зарыл учурларда адистердин консультациясын жана түшүндүрмөлөрүн угат.

3. Ишти териштирүү оозеки жана соттордун курамын өзгөртүүсүз жүргүзүлөт. Эгерде ишти кароо учурунда судьялардын бири алмашылса, териштирүү кайра башынан башталууга тийиш.

### [159-статья. Сот отурумундагы тартип](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-159)

1. Судьялар сот отурум залына киргенде залда катышып отургандардын бардыгы турушат. Соттун чечимин жана иш чечим чыгарбастан аяктагандагы соттун аныктамасын соттун отурум залында катышып отургандардын бардыгы ордуларынан туруп угушат.

2. Процесстин катышуучулары судьяга кайрылганда жана өз көрсөтмөлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн бергенде туруп турушат. Бул эрежеден четтөөгө төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана жол берилет.

3. Ишти соттук териштирүү соттун кадимкидей иштөөсүн жана процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуучу шартта өтөт. Соттун отурум залында катышып отурган жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында төрагалык кылуучу ишти териштирүүгө катышууну каалаган адамдарды текшерүүгө, анын ичинде алардын ким экендигин тастыктаган документтерди текшерүүгө, алар алып кирген жүктөрдү кароого буйрук бере алат.

4. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кино жана фото сүрөткө тартуу, үн жана көрмө жазуу, түздөн-түз радио жана теле трансляция жүргүзүүгө ишке катышкан адамдардын пикирин эске алуу менен соттун уруксаты менен гана жол берилет. Булар сот отурумунун өз алдынча жүрүшүнө тоскоолдук кылууга тийиш эмес жана убактысы чектелиши мүмкүн.

5. Процесстин катышуучулары, ошондой эле соттун отурум залында катышып отурган бардык жарандар белгиленген тартипти сактоого милдеттүү.

### [160-статья. Сот отурумдагы тартипти бузуучуларга карата көрүлүүчү чаралар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-160)

1. Ишти териштирүү учурундагы тартипти бузган адамдарга карата төрагалык кылуучу соттун атынан эскертүү жасайт.

2. Тартип кайталап бузулган учурда процесстин катышуучусу соттун аныктамасы боюнча соттук териштирүүнүн бүткүл убактысында же анын бир бөлүгүндө соттун отурум залынан чыгарылышы мүмкүн. Кийинки учурда төрагалык кылуучу отурумдар залына кайра киргизилген адамга ал жок кезде жүргүзүлгөн процесстик иштерди тааныштырат. Ишти териштирүүгө катышкан жарандар тартипти кайталап бузгандыгы үчүн төрагалык кылуучунун буйругу менен залдан чыгарылат.

3. Сот Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот отурумундагы тартипти бузууга күнөөлүү адамдарды администрациялык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.

4. Эгерде сот отурумундагы тартип бузуучунун аракетинде кылмыштын белгилери бар болсо, сот материалдарды тийиштүү прокурорго жиберет.

5. Ишти териштирүүгө катышкан жарандар тарабынан тартип жапырт бузулган учурда сот ишке катышып жаткан бардык жарандарды сот отурум залынан чыгарат, ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат.

### [161-статья. Сот отурумун ачуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-161)

Ишти териштирүү үчүн белгиленген убакытта төрагалык кылуучу сот отурумун ачат жана кандай жарандык иш карала тургандыгын жарыялайт.

### [162-статья. Процесстин катышуучуларынын келгендигин текшерүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-162)

1. Сот отурумунун катчысы сотко бул иш боюнча чакырылган адамдардын кимиси келгендигин, келбей калгандар кабардар кылынгандыгын жана алардын келбей калышынын кандай себептери бар экендигин билдирет.

2. Төрагалык кылуучу келгендердин ким экендигин аныктайт, ошондой эле кызмат адамдары менен өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын текшерет.

### [163-статья. Тилмечке анын милдеттерин түшүндүрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-163)

1. Төрагалык кылуучу тилмечке сот иши жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамдардын түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, ал эми ал адамдарга ишке катышып жаткан адамдардын жана күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, жарыя кылынган жана ишке тиркелген документтерди, үн жазууларды, эксперттердин корутундуларын, адистердин консультация жана түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле төрагалык кылуучунун буйруктарын, соттун аныктамасын жана чечимдерин которуп берүү милдетин түшүндүрөт.

2. Төрагалык кылуучу атайылап туура эмес которгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилиги жөнүндө тилмечти эскертет. Тилмечтин бул тууралу колкаты сот отурумунун протоколуна тиркелет.

Тилмечти сотко келбеген же өз милдеттерин аткарбаган учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

3. Ушул статьянын эрежелери дудук же дүлөйлөрдүн белгилерин түшүнгөндөргө (сурдо котормочу) жана ишти териштирүүгө катышуу үчүн чакырылган адамдарга да жайылтылат.

### [164-статья. Күбөлөрдү соттун отурум залынан чыгаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-164)

Сотко келген күбөлөр соттун отурум залынан чыгарылат. Төрагалык кылуучу суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен сүйлөшпөгөндөй чара көрөт.

### [165-статья. Соттун курамы жөнүндөгү маселени чечүү жана өз алдынча баш тартуу жана четке кагуу эрежелерин түшүндүрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-165)

1. Төрагалык кылуучу соттун курамын жарыялайт, прокурор, тилмеч, эксперт, адис, сот отурумунун катчысы катары ким катышып жаткандыгын билдирет жана ишке катышкан адамдарга алардын өз алдынча баш тартуу жана четке кагуу укуктарын түшүндүрөт.

2. Өз алдынча баш тартуу жана четке кагуу үчүн негиз, четке кагуу арызын чечүүнүн тартиби жана андай арыздарды канааттандыруунун натыйжасы ушул Кодекстин 17-22-статьялары менен аныкталат.

### [166-статья. Ишке катышкан адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-166)

Төрагалык кылуучу ишке катышкан адамдарга жана алардын өкүлдөрүнө процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

### [167-статья. Ишке катышкан адамдардын өтүнүчтөрүн соттун чечиши](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-167)

Ишке катышкан адамдардын жана алардын өкүлдөрүнүн ишти териштирүүгө байланышкан маселелер боюнча өтүнүчтөрү ишке катышкан башка адамдардын пикирин уккандан кийин соттун аныктамасы менен чечилет.

### [168-статья. Ишке катышкан адамдардын жана алардын өкүлдөрүнүн сот отурумуна келбей коюшунун кесепети](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-168)

1. Ишке катышкан адамдар келбей калышынын себеби жөнүндө сотко билдирүүгө жана андай себептин жүйөөлүү экендигин далилдөөгө милдеттүү.

2. Сот отурумуна ишке катышкан адамдардын кимдир-бирөө келбей калган учурда, алардын кабардар болгондугу жөнүндө маалымат жок болсо, ишти териштирүү кийинкиге калтырылат.

3. Эгерде, ишке катышкан адамдар сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынган болсо, эгерде алардын келбей калышынын себеби жүйөөлүү экендиги жөнүндө тыянакка келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

4. Сот ишке катышкан сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар болгон адамдардын кимдир бирөө келбей калган учурда, эгерде келбей калуунун себептери жөнүндө маалымат жок болсо же сот алардын келбей калышынын себебин жүйөөлүү эмес деп тапса, ишти карай берүүгө укуктуу.

5. Тараптар соттон алардын ишин аларсыз эле кароону жана чечимдин көчүрмөсүн аларга жөнөтүүнү өтүнүүгө укуктуу. Сот иштин жагдайы боюнча зарыл болсо, тараптарды сот отурумуна сөзсүз катышууга тийиш деп таба алат.

6. Сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынган ишке катышкан адамдын өкүлүнүн келбей калышы ишти кароого бөгөт болуп саналбайт. Сот ишке катышуучу адамдын өтүнүчү боюнча анын өкүлү келбей калгандыгына байланыштуу ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

7. Соттук отурумга ишке катышкан адамдар жүйөөлүү себепсиз келбей калган учурда, эгерде алардан ишти териштирүүнү аларсыз эле жүргүзүү жөнүндө арыз түшпөсө, ишти кароо аларсыз мүмкүн болбосо, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу менен келбей калган адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.

8. Жоопкер сотко жүйөөлүү себепсиз келбей калганда сот өзүнүн аныктамасы менен аны мажбурлап алып келүүгө укуктуу.

Аны мажбурлап алып келүү менен байланышкан бардык чыгымдар жоопкерге жүктөлөт.

### [169-статья. Сот отурумуна күбөлөрдүн, эксперттердин, адистердин келбей калышынын кесепеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-169)

1. Сот отурумуна күбөлөр, эксперттер же адистер келбей калган учурда, сот процесстин катышуучулары келбей калса да карай берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү ишке катышкан жактардын пикирин угат жана соттук териштирүүнү улантуу же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Эгерде, чакыртылган күбө, эксперт же адис сот отурумуна сот тарабынан жүйөөсүз деп табылган себептер боюнча келбей калса, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Күбө экинчи жолу чакырууга жүйөөлүү себепсиз келбей койсо, ал мажбурлап алып келинет, бул жөнүндө сот аныктама чыгарат.

### [170-статья. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-170)

1. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу ушул Кодексте каралган учурларда, ошондой эле эгерде сот ушул соттук отурумда ишти кароону процесстин катышуучуларынын кимдир бирөө келбей калгандыгына, утурлама доо коюлгандыгына, кошумча далилдерди көрсөтүү же талап кылуу зарылчылыгына, ишке катышуу үчүн башка жактарды тартууга жана процесстик кандайдыр бир иштерди жүргүзүү зарыл болгон башка учурларга байланыштуу мүмкүн эмес деп эсептегенде гана жол берилет.

2. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууда кийинки сот отурумунда ишти чечүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү убакытты эске алуу менен кийинки сот отурумунун күнү дайындалат, бул жөнүндө келген адамдарга кол койдуруп алуу менен жарыя кылынат. Келбей калган жана процесске катышууга жаңыдан тартылган адамдарга кийинки соттук отурумдун убактысы жана орду жөнүндө билдирме жөнөтүлөт.

3. Кийинкиге калтырылгандан кийин ишти териштирүү кайра башынан башталат.

### [171-статья. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууда күбөлөрдү суракка алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-171)

Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууда сот келген күбөлөрдү өз ылайыгына жараша суракка алышы мүмкүн. Ушул эле күбөлөрдү кийинки соттук отурумга кайра чакыртууга зарыл учурларда гана жол берилет.

### [172-статья. Эксперт менен адиске алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-172)

Төрагалык кылучу эксперт менен адиске алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, экспертке атайылап жалган корутунду бергендиги үчүн, ал эми адиске атайылап жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет. Эксперт менен адистен алардын милдеттери жана жоопкерчилиги түшүндүрүлгөндүгү жөнүндө колкат алынат. Колкат соттук отурумдун протоколуна тиркелет.

### [173-статья. Ишти маңызы боюнча карай баштоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-173)

Ишти маңызы боюнча карай баштоо төрагалык кылуучу же судьялардын кимдир-бирөө тарабынан ишти баяндоодон башталат. Андан кийин төрагалык кылуучу доогерден өз талаптарын уланта тургандыгын, жоопкерден доогердин талаптарын мойнуна аларын же албасын жана тараптар ишти тынышуу макулдашуусу менен бүтүрүүнү каалашар же каалабасын сурайт.

### [174-статья. Доогердин доодон баш тартышы, жоопкердин доону мойнуна алышы жана тараптардын тынышуу макулдашуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-174)

1. Доогердин доодон баш тартышы жөнүндөгү арызы, жоопкердин доону моюнга алышы же тараптардын тынышуу макулдашуу шарты сот отурумунун протоколуна киргизилет жана ага тийиштүү түрдө доогер, жоопкер же эки тараптан тең кол коюшат. Эгерде, доодон баш тартуу, жоопкердин доону моюнга алышы же тараптардын тынышуу макулдашуусу сотко жазуу жүзүндө берилген болсо, анда бул арыздар ишке тиркелет, бул туурасында сот отурумунун протоколунда көрсөтүлөт.

2. Доодон баш тартууну же доону моюнга алууну же тараптардын тынышуу макулдашуусун ырастоодон мурда сот доогерге, жоопкерге же тараптарга тийиштүү процесстик аракеттердин натыйжалары жөнүндө түшүндүрөт.

3. Доодон баш тартууну же тараптардын тынышуу , макулдашуусун ырастоону кабыл алуу жөнүндө сот аныктама чыгарат, муну менен бир учурда эле иш боюнча сот иши токтотулат. Аныктамада тараптардын тынышуу макулдашуусунун сот тарабынан бекитилген шарты көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Жоопкер доону моюнга алган жана сот аны кабыл алган учурда талаптардын канааттандырылгандыгы жөнүндө чечим чыгарылат.

5. Сот жоопкердин доону моюнга алышын кабыл албаган же ушул Кодекстин 41-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча тынышуу макулдашуусун бекитпеген учурда, сот бул туурасында аныктама чыгарат жана ишти маңызы боюнча кароону улантат.

6. Ыктыярдуу түрдө аткарылбаган жарашуу макулдашуусу таламдаш тараптын арызы боюнча сот тарабынан берилген аткаруу баракчасынын негизинде мажбурлап аткартылат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [175-статья. Ишке катышкан жактардын түшүнүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-175)

1. Ишти баяндагандан кийин сот доогердин жана ишке анын тарабында катышкан үчүнчү жактын, ошондой эле ишке катышкан башка жактардын түшүнүктөрүн угат. Прокурор, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылган юридикалык жактар, жарандар биринчи болуп түшүнүк беришет. Ишке катышып жаткан жактар бири-бирине суроо берүүгө укуктуу. Судья ишке катышкан жактарга алар сүйлөп жаткан бардык учурда суроо берүүгө укуктуу.

2. Ишке катышкан жактардын жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрү, ошондой эле сот тарабынан ушул Кодекстин 66- жана 68-статьяларында каралган тартипте алынган түшүнүктөрү төрагалык кылуучу тарабынан окулуп берилет.

### [176-статья. Далилдерди иликтөө тартибин белгилөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-176)

Сот ишке катышкан жактардын түшүнүктөрүн угуп жана алардын пикирлерин эске алуу менен далилдерди иликтөө тартибин белгилейт.

### [177-статья. Күбөгө көрсөтмө берүүдөн баш тартуу жана атайылап жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-177)

1. Күбөнү суракка алууга чейин төрагалык кылуучу күбөнүн ким экендигин аныктайт, анын милдеттерин жана укуктарын түшүндүрөт жана көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилигин эскертет. Күбөгө милдеттери жана жоопкерчилиги түшүндүрүлгөндүгү жөнүндө колкат алынат. Колкат соттук отурумдун протоколуна тиркелет.

2. Он алты жашка чыга элек күбөгө төрагалык кылуучу иш боюнча ага белгилүү бардык нерселерди так айтып берүүгө милдеттүү экендигин түшүндүрөт, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө ага эскертилбейт.

### [178-статья. Күбөнү суракка алуу тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-178)

1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат.

2. Төрагалык кылуучу күбөнүн ишке катышып жаткан жактарга мамилесин тактайт жана күбөгө иштин жагдайы жөнүндө ага жеке белгилүү болгондордун бардыгын айтып берүүнү сунуш кылат.

3. Андан кийин күбөгө суроо берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча күбө чакырылган жак жана анын өкүлү, андан кийин ишке катышкан башка жактар жана алардын өкүлдөрү суроо беришет.

Судья күбөгө ал суракка алынып жаткан бардык учурда суроо берүүгө укуктуу.

4. Зарылчылык болгон учурда сот ошол же кийинки отурумда күбөнү кайталап суракка ала алат, ошондой эле күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндөгү карама-каршылыктарды аныктоо үчүн аларды беттештире алат.

5. Көрсөтмө бере элек күбөлөр ишти териштирүү учурунда соттун отурум залында боло албайт. Сурак берген күбө эгерде сот ага эртерээк кетүүгө уруксат бербесе, ишти териштирүү аяктаганга чейин соттун отурум залында калат.

### [179-статья. Күбөнүн жазуу жүзүндөгү материалдарды пайдаланышы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-179)

Күбө көрсөтмө берүүдө ал кандайдыр бир сандар же башка эске тутуп калуу кыйын болгон маалыматтар менен байланышкан учурда жазуу жүзүндөгү жазуулардан пайдалана алат. Ал жазуулар сотко жана ишке катышып жаткан жактарга берилет жана соттун аныктамасы боюнча ишке тиркелиши мүмкүн.

### [180-статья. Жашы жете элек күбөнү суракка алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-180)

1. Он төрт жашка чейинки курактагы күбөнү суракка алуу, ал эми соттун көз карашы боюнча он төрт жаштан он алты жашка чейинки күбөлөрдү суракка алуу сотко чакырылган педагогдун катышуусу менен жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда алардын ата-энелери, асырап алгандары, жашы жете элек күбөгө камкордук көрүүчү же көзөмөл кылуучулар чакыртылат. Аталган адамдар төрагалык кылуучунун уруксаты менен күбөгө суроо бере алат, ошондой эле күбөнүн жеке өзүнө жана ал берген көрсөтмөлөрүнүн мазмунуна тиешелүү өз пикирин билдире алат.

2. Иштин жагдайын аныктоо үчүн зарыл болгон өзгөчө учурларда, жашы жете элек күбөнү суракка алуу учурунда сот тарабынан отурум залынан соттун аныктамасы боюнча ишке катышкан тигил же бул жак чыгарылышы мүмкүн. Ал жак отурум залына кайтып келгенден кийин ага жашы жете элек күбөнүн көрсөтмөлөрү билдирилүүгө тийиш жана ага күбөгө суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилет.

3. Сот ал күбөнүн отурум залында калышы зарыл деп табылгандан башка учурларда он алты жашка чыга элек күбө сурак бүткөндөн кийин соттун отурум залынан чыгарылат.

### [181-статья. Күбөнүн көрсөтмөлөрүн жарыя кылуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-181)

Ушул Кодекстин 66, 68-статьяларында, 74-статьянын 3-пунктунда жана 171-статьяда каралган тартипте алынган күбөнүн көрсөтмөлөрү сот отурумунда жарыя кылынат, андан кийин ишке катышкан жактар ал көрсөтмөлөргө карата пикирин билдирип жана алар боюнча түшүнүк берүүгө укуктуу.

### [182-статья. Жазуу жүзүндөгү далилдерди изилдөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-182)

Жазуу жүзүндөгү далилдер же аларды кароонун ушул Кодекстин 66, 68, 78-статьяларынын жана 150-статьясынын 9-пунктчасында каралган тартипте түзүлгөн протоколдору сот отурумунда жарыя кылынат жана ишке катышып жаткан жактарга, алардын өкүлдөрүнө, ал эми зарыл болгон учурда эксперттерге, адистерге жана күбөлөргө берилет. Андан кийин ишке катышкан жактар түшүнүктөрүн бере алышат.

### [183-статья. Жарандардын жеке кат-кабарларын жана телеграф билдирүүлөрүн жарыя кылуу жана иликтөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-183)

Жеке кат-кабар алышуу жана жеке телеграфтык билдирүүлөрдүн купуялыгын сактоо максатында ал кат-кабарлар жана телеграф билдирүүлөр ачык сот отурумунда ал кат-кабарлар жана телеграф билдирүүлөрүн алышкан адамдардын макулдугу менен гана жарыя кылынышы мүмкүн. Андай болбогон учурда кат-кабар жана телеграф билдирүүлөрү соттун жабык отурумунда жарыя кылынат жана иликтенет.

### [184-статья. Буюм далилдерди иликтөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-184)

1. Буюм далилдер сот тарабынан каралат жана ишке катышкан жактага, алардын өкүлдөрүнө, ал эми зарыл болгон учурда - эксперттерге, адистерге жана күбөлөргө берилет.

2. Буюм далилдер көрсөтүлгөн жактар карап чыгуудагы тигил же бул жагдайга соттун көңүлүн бура алат. Алардын билдирүүлөрү сот отурумунун протоколуна киргизилет.

3. Ушул Кодекстин 66, 68, 84-статьяларында жана 150-статьясынын 9-пунктчасында каралган тартипте түзүлгөн буюм далилдин протоколу сот отурумунда жарыя кылынат, андан кийин ишке катышкан жактар ал боюнча түшүнүк бере алат.

### [185-статья. Жерине барып кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-185)

1. Сотко алып келүү кыйын болгон же мүмкүн болбогон жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдер алар турган жерде каралат жана иликтенет.

2. Жерине барып кароонун убактысы жана орду жөнүндө ишке катышып жаткан жактар, алардын өкүлдөрү кабардар кылынат, бирок, алардын келбей калышы карап чыгууга бөгөт болуп саналбайт. Зарыл болгон учурда эксперттер, адистер жана күбөлөр чакыртылат.

3. Карап чыгуунун натыйжасы сот отурумунун протоколуна киргизилет. Протоколго карап чыгууда түзүлгөн же текшерилген пландар, документтердин чиймелери, эсептер, көчүрмөлөрү, ошондой эле карап чыгуу учурунда жасалган жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдердин көрмө жазуулары, сүрөттөрү, ошондой эле эксперттин жазуу жүзүндөгү корутундусу жана адистин түшүндүрмөсү тиркелет.

### [186-статья. Жазылган үндү, көрмө жазууну угузуп-көрсөтүү жана аларды иликтөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-186)

1. Жекече мүнөздөгү жазылган үндү же көрмө жазууну угузуп-көрсөтүүдө, ошондой эле аларды изилдөөдө ушул Кодекстин 183-статьясында каралган эрежелер колдонулат.

2. Жазылган үндү, көрмө жазууну угузуп-көрсөтүү соттун отурум залында же бул максат үчүн атайын жабдылган жерде материалдын айырмалоочу белгилерин сот отурумунун протоколуна чагылдыруу жана алар көрсөтүлгөн убакытты белгилөө менен жүргүзүлөт. Андан кийин сот ишке катышкан жактардын түшүнүктөрүн угат. Зарыл болгон учурда жазылган үндү угузуу жана көрмөжазууну көрсөтүү толугу менен же анын кайсы бир бөлүгү кайра кайталанышы мүмкүн.

3. Үн жана көрмөжазууларда камтылган маалыматтарды аныктоо максатында сот адис чакырып, ошондой эле экспертиза дайындай алат.

### [187-статья. Жалган далил жөнүндө арыз](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-187)

1. Иштеги далилдер жалган экендиги жөнүндөгү арыз түшкөн учурда андай далилди берген жак соттон аны далилдердин катарынан чыгарып жана ишти башка далилдердин негизинде чечүүнү өтүнө алат.

2. Далилдин жалгандыгы жөнүндөгү арызды текшерүү үчүн сот экспертиза дайындап, ошондой эле тараптарга башка далилдерди көрсөтүүнү сунуш кыла алат.

3. Эгер сот далилдер жалган деген тыянакка келсе, анда ал далилдердин катарынан чыгарылат. Зарыл болгон учурда атайылап жалган далил сунуш кылган жакка тийиштүү чара көрүү үчүн материалды прокуратура органдарына жиберет.

### [188-статья. Эксперттин корутундусун иликтөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-188)

1. Эксперттин корутундусу сот отурумунда жарыя кылынат. Түшүндүрүп берүү жана корутундуну толуктоо максатында экспертке суроо берилиши мүмкүн.

2. Биринчи болуп арызы боюнча эксперт дайындалган жак жана анын өкүлү суроо берет, андан кийин ишке катышкан башка жактар жана алардын өкүлдөрү беришет. Соттун демилгеси боюнча дайындалган экспертке биринчи болуп доогер жана анын өкүлү суроо берет.

3. Сот экспертке аны суракка алуунун бардык учурунда суроо берүүгө укуктуу.

4. Эксперттин корутундусу сот отурумунда иликтенет жана башка далилдер менен катар эле сот тарабынан бааланат жана сот үчүн күн мурунтан белгиленген күчкө ээ эмес. Эксперттин корутундусуна соттун макул эместигинин жүйөөсү иш боюнча чечимде же кошумча жана кайталап экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада көрсөтүлүшү керек.

### [189-статья. Кошумча жана кайталап экспертиза өткөрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-189)

1. Корутунду так эмес же толук эмес болгон учурда сот кошумча экспертиза дайындай алат, аны өткөрүү ошол эле же башка экспертке тапшырылат.

2. Эгерде сот эксперттин корутундусуна анын негизсиздиги боюнча макул болбосо, ошондой эле бир нече эксперттердин корутундуларынын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда ал кайталап экспертиза дайындай алат. Кайталап экспертиза өткөрүү башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылат.

### [190-статья. Адистин консультациясы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-190)

1. Жазуу жүзүндөгү же буюм далилдерди кароодо, жазылган үндөрдү угууда, көрмөжазууларды көрүүдө, экспертиза дайындоодо, күбөлөрдү суракка алууда, далилдерди камсыз кылуу боюнча чара көрүүдө сот зарыл болгон учурда консультация берүү, техникалык түздөн-түз жардам көрсөтүү (сүрөткө тартуу, план жана схемаларды түзүү, экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алуу, мүлктү баалоо, ж.б.) жана түшүндүрмө берүү үчүн адистерди тарта алат.

2. Адис катары чакырылган адам сотко келүүгө, берилген суроолорго жооп берүүгө, оозеки же жазуу жүзүндө консультация жана түшүндүрмө берүүгө, зарыл болгон учурда сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Адис жазуу жүзүндө берген консультация сот отурумунда жарыя кылынат. Адистин оозеки консультациясы жана түшүндүрмөлөрү сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.

4. Консультацияны түшүндүрүп берүү жана толуктоо максатында адиске суроо берилиши мүмкүн. Биринчи болуп суроону арызы боюнча адис чакыртылган жак жана анын өкүлү, андан кийин ишке катышкан башка жактар жана алардын өкүлдөрү беришет. Соттун демилгеси боюнча чакыртылган адиске биринчи болуп доогер жана анын өкүлдөрү суроо берет.

5. Сот адиске ал суракка алынып жаткан бардык учурда суроо берүүгө укуктуу.

### [191-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-191)

Сот тарабынан ишке катыштырылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары сот отурумунда жарыя кылынат. Сот, ошондой эле ишке катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү бул органдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө корутундуну түшүндүрүп берүү жана толуктоо максатында суроо бере алышат.

### [192-статья. Ишти маңызы боюнча кароону аяктоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-192)

Бардык далилдер каралып бүткөндөн кийин төрагалык кылуучу ишке катышкан жактардан жана алардын өкүлдөрүнөн иштин материалдарына бир нерсе кошумчаларынын бар же жоктугун сурайт. Андай арыздар жок болгон учурда төрагалык кылуучу ишти териштирүү аяктагандыгын жарыялайт жана соттук жарыш сөздөрдү угууга өтөт.

### [193-статья. Соттук жарыш сөздөр](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-193)

1. Соттук жарыш сөздөр ишке катышкан жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн сөздөрүнөн турат.

2. Соттук жарыш сөздөрдө биринчи болуп доогер жана анын өкүлү, андан кийин жоопкер жана анын өкүлү сүйлөйт. Процесс башталгандан кийин талаштын предметине өз алдынча талабын билдирген үчүнчү жак жана анын өкүлү тараптардан жана алардын өкүлдөрүнөн кийин сөз сүйлөйт, талаштын предметине өз алдынча талабын билдирбеген үчүнчү жак жана анын өкүлү ишке үчүнчү жак катары өзү жактап катышып жаткан доогерден же жоопкерден кийин сүйлөйт.

Ушул Кодекстин 45-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн иштер боюнча сөз сүйлөгөн прокурор соттогу жарыш сөздө биринчи болуп сүйлөйт.

3. Сот жарыш сөздөрдү кандайдыр убакыт менен чектеп коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу, эгерде сөз сүйлөп жаткан адам сот карап жаткан иштин чегинен чыгып бараткан учурда гана аны токтотуп кое алат.

4. Жарыш сөздүн бардык катышуучулары сөз сүйлөп бүткөндөн кийин алар сөздөрдө айтылгандарга байланыштуу репликалар менен кайталап чыга алат. Соңку реплика укугу жоопкерге жана анын өкүлүнө таандык.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [194-статья. Ишти маңызы боюнча кайталап кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-194)

Эгерде, сот соттук жарыш сөздүн учурунда иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону же жаңы далилдерди иликтөөнү зарыл деп тапса, ал ишти маңызы боюнча кароону кайтадан баштоо жөнүндө аныктама чыгарат. Ишти маңызы боюнча кароо аяктагандан кийин соттук жарыш сөздөр жалпы тартипте жүрөт.

### [195-статья. Соттун чечим чыгарууга чыгып кетиши](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-195)

Соттук жарыш сөздөрдөн кийин сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетишет, бул туурасында төрагалык кылуучу соттун отурум залында отургандарга жарыя кылат.

### [196-статья. Чечимди жарыялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-196)

1. Чечимге кол койгондон кийин сот отурум залына сот кайтып келет, ал жерде төрагалык кылуучу соттун чечимин жарыя кылат. Андан кийин төрагалык кылуучу чечимдин мазмунун, ага даттануунун тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүп берет.

2. Чечим резолюциялык бөлүк менен чыгарылган учурда сот ишке катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү жүйөөлүү чечим менен тааныша ала тургандыгын жарыя кылууга милдеттүү.

## 17-Глава

Соттун чечими

### [197-статья. Чечим чыгаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-197)

1. Иш маңызы боюнча чечиле турган биринчи инстанциядагы соттун актысы чечим түрүндө чыгарылат. Чечим Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

2. Чечим кеңешүү бөлмөсүндө жашыруун чыгарылат. Чечим чыгаруу учурунда анда ошол ишти караган судья гана же ошол иш боюнча соттун курамына кирген судьялар гана боло алат. Кеңешме бөлмөсүндө башка адамдардын болушуна тыюу салынат.

3. Судьялардын кеңеши ушул Кодекстин 16-статьясында каралган тартипте өтөт. Судьялар кеңешүү учурунда айтылган ойлорду ачыкка чыгара албайт.

### [198-статья. Чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-198)

1. Соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүу болууга тийиш.

1-1. Чечим процесстик укуктун ченемдерин сактоо менен жана ушул укуктук мамилелерге карата колдонулууга жаткан материалдык укуктун ченемдерине ылайык чыгарылганда мыйзамдуу болуп саналат. 1-2. Чечим далилдер менен ырасталган, алардын караштуулугу жана жол берилүүсү жөнүндө мыйзамдын тиешелүү талаптарына жооп берген, ошондой эле аныктуулук фактылары бул иш үчүн мааниге ээ болгон жана белгиленген фактылардан келип чыккан соттун биротоло тыянактарынын чечимде камтылганы чагылдырылса негиздүү деп эсептелет.

2. Сот чечимин соттук отурумда иликтенген далилдерге гана негиздейт.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [199-статья. Чечим чыгарууда чечиле турган маселелер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-199)

1. Чечим чыгарууда сот:

- далилдерге баа берет;

- иш үчүн мааниси бар кандай жагдайлар белгиленгендигин жана эмнелер белгиленбегендигин аныктайт;

- ишке катышып жаткан жактардын укуктук мамилелери кандай экендигин аныктайт;

- ошол иш боюнча кандай мыйзам же кандай башка ченемдик-укуктук акт колдонулууга тийиш экендигин чечет;

- доо канааттандырууга жатып-жатпасын чечет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечет.

2. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, сот ишти доогер тарабынан берилген талаптардын чектеринде чечет.

3. Сот иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону же далилдерди кошумча иликтөөнү зарыл деп табуу менен ишти маңызы боюнча кароону кайра баштоо жөнүндө аныктама чыгарат. Иш маңызы боюнча каралып бүткөндөн кийин сот кайрадан соттук жарыш сөздөрдү угат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [200-статья. Чечимди баяндоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-200)

1. Чечим төрагалык кылуучу же судьялардын бири тарабынан жазуу жүзүндө баяндалат.

2. Соттун чечимине судьялар кол коюшат. Чечимге киргизилген оңдоолор судьялардын кол тамгаларынын алдында көрсөтүлүүгө тийиш.

### [201-статья. Чечимдин мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-201)

1. Чечим киришүү, баяндоо, жүйөөлөрүн көрсөтүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.

2. Чечимдин киришүү бөлүгүндө чечим чыгарылган убакыт жана анын орду, чечим чыгарган соттун аталышы, соттун курамы, сот отурумунун катчысы, ишке катышкан тараптар жана башка жактар жана алардын өкүлдөрү, талаштын предмети көрсөтүлөт.

3. Чечимдин баяндоо бөлүгүндө доогердин талабы, жоопкердин каршы пикири жана ишке катышкан башка жактардын түшүндүрмөлөрү көрсөтүлөт.

4. Чечимдин жүйөөлөр көрсөтүлгөн бөлүгүндө сот аныктаган иштин жагдайы, соттун укуктары жана милдеттери жөнүндөгү тыянактары негизделген далилдер, сот тигил же бул далилди четке каккан жүйөөлөр, сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик-укуктук актылар көрсөтүлөт. Жоопкер доону моюнга алган учурда чечимдин жүйөөлөрдү көрсөтүү бөлүгүндө доону моюнга алуу жана аны соттун кабыл алышы гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

5. Соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө доону канааттандыруу же доодон толук бойдон же анын бир бөлүгүнөн баш тартуу жөнүндө соттун тыянагы, мамлекеттик алымды бөлүштүрүү, чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлүүгө тийиш.

6. Доо жоопкер тарабынан таанылган учурда соттун чечиминин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө доонун таанылгандыгы жана анын сот тарабынан кабыл алынгандыгы гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Доо мөөнөтүнүн же сотко кайрылуу мөөнөтүнүн өткөрүп жиберилишинин себептерине доодон баш тартылган учурда соттун чечиминин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө сот тарабынан аныкталган ушул жагдай жөнүндө гана көрсөтүлөт. Никени бузуу жөнүндөгү иш боюнча соттун чечими киришүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турушу мүмкүн.

7. (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [202-статья. Мүлктү же анын наркын ыйгаруу жөнүндө чечим](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-202)

Мүлктү натуралай түрүндө ыйгарууда сот чечимде мүлктүн наркын көрсөтөт, ал чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк накталай түрүндө жок болуп калган учурда, жоопкерден өндүрүп алынууга тийиш болгон сумманы, ошондой эле ыйгарылган мүлктүн наркы доогерге кайтарылбаган учурда акча суммасы жоопкердин банктагы (ал бар болгондо) кайсы эсебинен алынууга тийиш экендиги көрсөтүлөт. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [203-статья. Жоопкерди кандайдыр бир белгилүү аракеттерди жасоого милдеттендирүүчү чечим](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-203)

1. Мүлктү же акча суммасын өткөрүп берүү менен байланышпаган кандайдыр бир белгилүү аракеттерди жасоого жоопкерди милдеттендирген чечим чыгарууда сот ошол эле чечимде, эгерде жоопкер белгиленген мөөнөт ичинде чечимди аткарбаса, анда доогер ал аракеттерди зарыл чыгымдарды өндүрүп алуу менен жоопкердин эсебинен жасай тургандыгы көрсөтүлөт.

2. Эгерде көрсөтүлгөн аракеттер жоопкер тарабынан гана жасалууга тийиш болсо, сот чечимде ал аткарылууга тийиш болгон мөөнөттү көрсөтөт.

3. Юридикалык жактарды же коллегиалдуу органдарды мүлктү же акча суммаларын өткөрүп берүү менен байланышпаган белгилүү бир аракеттерди жасоого (чечим кабыл алууга) милдеттендирген чечим сот тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде алардын жетекчилери тарабынан аткарылат. Чечим аткарылбай калган учурда, чечим чыгарган сот же сот аткаруучу юридикалык жактын же коллегиалдуу органдын жетекчисине карата Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндөгү мыйзамда каралган чараларды көрөт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [204-статья. Бир нече доогердин пайдасына же бир нече жоопкерге каршы чыгарылган чечим](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-204)

1. Бир нече доогердин пайдасына чыгарылган чечимде сот алардын ар бирине кандай үлүш туура келерин же өндүрүп алуу укугу жалпы боло тургандыгын көрсөтөт.

2. Чечим бир нече жоопкерге каршы чыгарылганда сот ар бир жоопкер кандай үлүш менен чечимди аткарууга тийиш экендиги же алардын жоопкерчилиги жалпы боло тургандыгын көрсөтөт.

### [205-статья. Жүйөөлүү чечим чыгаруу жана жарыялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-205)

1. Чечим ишти териштирүү бүткөндөн кийин дароо чыгарылат.

2. Жазуу жүзүндөгү жүйөөлүү чечим чыгаруу беш күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок, соттун чечими жазуу жүзүндө түзүлүшү жана чечиминин резолюциялык бөлүгү ишти териштирүү аяктаган жыйналыштын өзүндө жарыяланууга тийиш. Муну менен бир учурда сот ишке катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү акыркы (жазуу жүзүндөгү) жүйөөлүү чечим менен тааныша ала тургандыгын жарыялоого милдетүү. Чечимдин жарыя кылынган резолюциялык бөлүгүнө ошол ишти кароого катышкан бардык судьялар кол коюуга жана ал ишке тиркелүүгө тийиш.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [206-статья. Чечимдеги туура эмес жазууларды жана эсептик каталарды оңдоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-206)

1. Иш боюнча соттун чечими жарыялангандан кийин чечим чыгарган сот аны өзү жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуксуз.

2. Сот өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышкан жактардын арызы боюнча чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана эсептик каталарды оңдойт. Оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе сот отурумунда чечилет. Ишке катышкан жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок, алардын келбей калышы оңдоолорду киргизүү жөнүндөгү маселелерди кароо үчүн бөгөт болот саналбайт.

3. Чечимге оңдоолорду киргизүү жөнүндөгү маселе боюнча соттун аныктамасына жеке даттанылышы же талап кылынышы мүмкүн.

### [207-статья. Кошумча чечим](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-207)

1. Иш боюнча чечим чыгарган сот өз демилгеси боюнча же ишке катышкан жактардын арызы боюнча же өз демилгеси боюнча төмөнкү учурларда кошумча чечим чыгарышы мүмкүн:

1) эгерде, ишке катышкан жактар көрсөткөн далилдер жана берген түшүнүктөрдө коюлган алардын кайсы бир талабы боюнча чечим чыгарылбаса;

2) эгерде сот өткөрүп берилүүгө тийиш мүлккө укук жөнүндө маселени чечүү менен ал ыйгарылган мүлктүн суммасынын өлчөмүн же жоопкер жасоого милдеттүү болгон аракетти көрсөтпөсө;

3) эгерде сот тарабынан соттук чыгымдар жөнүндө маселелер чечилбесе.

2. Кошумча чечим чыгаруу жөнүндө маселе чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин коюлууга тийиш.

Кошумча чечим сот тарабынан соттук отурумда маселе каралгандан кийин чыгарылат жана ага даттанылышы мүмкүн. Ишке катышкан жактар сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок, алардын келбей калышы кошумча чечим чыгаруу жөнүндөгү маселени кароо жана чечүү үчүн бөгөт болуп саналбайт.

3. Кошумча чечим чыгаруудан баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына жекече даттанылышы же талап кылынышы мүмкүн.

### [208-статья. Чечимди түшүндүрүп берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-208)

1. Чечим түшүнүксүз болуп калган учурда ишти чечкен сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча чечимдин маңызын өзгөртпөстөн түшүндүрүп берүүгө укуктуу.

2. Эгерде, чечим али аткарыла элек болсо жана ал чечим мажбурлап аткарылууга тийиш болгон мөөнөт өтө элек болсо, чечимди түшүндүрүп берүүгө жол берилет.

3. Чечимди түшүндүрүп берүү жөнүндөгү маселе сот отурумунда чечилет. Ишке катышкан жактар сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок, алардын келбей калышы чечимди түшүндүрүп берүү жөнүндө маселени кароо үчүн бөгөт болуп саналбайт.

4. Чечимди түшүндүрүп берүү жөнүндөгү маселе боюнча соттун аныктамасына жекече даттанылышы же талап кылынышы мүмкүн.

### [209-статья. Чечимди аткарууну кийинкиге калтыруу жана мөөнөтүн узартуу, чечимди аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-209)

1. Ишти караган сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча тараптын мүлктүк абалына же башка жагдайларга негизденүү менен чечимди аткарууну кийинкиге калтырууга же мөөнөтүн узартууга, ошондой эле аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүүгө укуктуу.

2. Көрсөтүлгөн арыздар сот отурумунда каралат. Ишке катышкан жактар отурумдун убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок, алардын келбей калышы соттун алдына коюлган маселени чечүү үчүн бөгөт болуп саналбайт.

3. Чечимди аткарууну кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө, аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына жекече даттанылышы же талап кылынышы мүмкүн.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 51-р чечими

### [210-статья. Ыйгарылган акчалай суммаларды индексациялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-210)

1. Өндүрүп алуучунун арызы боюнча ишти караган сот сот тарабынан өндүрүп алынган акча суммаларына соттун чечимин аткаруу учуруна ылайык индексация жүргүзөт.

2. Көрсөтүлгөн арыздар сот отурумунда каралат. Ишке катышкан жактар сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбей калышы ыйгарылган акча суммаларын индексациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн бөгөт болуп саналбайт.

3. Ыйгарылган акча суммаларын индексациялоо жөнүндөгү соттун аныктамасына жекече даттанылышы же талап кылынышы мүмкүн.

### [211-статья. Соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-211)

1. Ушул статьянын 2-пунктунда саналып өткөн чечимдерден тышкары соттун чечими аппеляциялык даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин, эгер ага даттанылбаса, мыйзамдуу күчүнө кирет. Эгерде чечимге аппеляциялык даттануу берилсе, ал жокко чыгарылбаса, жогору турган сот тарабынан ишти кароо боюнча мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, шайлоо комиссияларынын жана жарандардын шайлоо укуктарын бузган кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштер боюнча сот чыгарган чечим жарыялангандан кийин дароо мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Чечимдин мыйзамдуу күчүнө кириши боюнча ишке катышкан тараптар жана башка жактар, ошондой эле алардын укук мурастоочулары сотко кайрадан арыз же доо талабын кое албайт, ошондой эле негизде башка процессте сот тарабынан белгиленген фактыларды жана укуктук мамилелерди талаша албайт.

4. Эгерде, жоопкерден мезгилдүү төлөмдөр ыйгарылган чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин төлөмдүн өлчөмүн же алардын узактыгын аныктоого таасир тийгизүүчү жагдайлар өзгөрсө, ар бир тарап жаңы доо коюу жолу менен төлөмдүн өлчөмүн жана мөөнөтүн өзгөртүүнү талап кылууга укуктуу.

### [212-статья. Чечимди аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-212)

Чечим аткаруу иши жөнүндөгү ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткарылат. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [213-статья. Соттун чечимди дароо аткарууну талап кылуу укугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-213)

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)

### [214-статья. Чечимди аткарууну камсыз кылуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-214)

Сот чечимди аткарууну камсыз кылуу үчүн ушул Кодекстин 14-главасында белгиленген эрежелер боюнча чара көрөт. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [215-статья. Ишке катышкан жактарга соттун чечиминин көчүрмөсүн жөнөтүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-215)

Ишке катышы бар жактарга соттун чечиминин көчүрмөсү акыркы чечим чыгарылгандан беш күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## 18-Глава

Сот ишин жүргүзүүнү токтото туруу

### [216-статья. Сот ишин кароону токтотууга соттун милдети](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-216)

Сот төмөнкү учурларда:

1) эгерде талашка түшкөн укуктук мамилелер укукту мурастоого жол берсе, иште тарап болуп саналган жаран өлгөндө же юридикалык жак кайра уюшулганда;

2) тарап аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо;

3) жоопкер Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн аракеттерине катышып жатса же Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн аракеттерине катышып жаткан доогердин өтүнүчү боюнча;

4) сот иши конституциялык, жарандык, жазыктык тартипте же администрациялык тартипте каралып жаткан башка иш чечилмейинче ошол ишти кароо мүмкүн болбосо;

5) сот ошол иште колдонулган же колдонууга жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келиши жөнүндө маселенин анык эместигин тапса же бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талап жөнөтсө сот ишин жүргүзүүнү токтото турат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [217-статья. Сот ишин жүргүзүүнү токтото турууга соттун укугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-217)

Сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча же өз демилгеси менен төмөнкү учурларда:

1) тараптар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө чакыруу боюнча же кандайдыр-бир мамлекеттик милдетти аткаруу үчүн тартылган аскердик кызматта турса;

2) тараптар узак мөөнөттүк иш сапарында болсо;

3) тараптар дарылоо мекемелеринде болсо же алардын оорусу сотко келүүгө жолтоо болсо жана медициналык мекеменин аныктама каты менен ырасталса;

4) ушул Кодекстин 130-статьясында каралган учурда жоопкер издөөдө болсо;

5) сот экспертиза дайындаганда;

6) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм асырап алуу иши боюнча асырандылардын жашоо шартын текшерүүнү дайындаганда;

7) ишти чечүүдө колдонулган же колдонууга жата турган мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчтү өз кароосуна кабыл алгандык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынан билдирме алганда;

8) сот тапшырмасы жөнөтүлгөндө сот ишин жүргүзүүнү токтото тура алат;

9) мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүү боюнча расмий суроо жиберүү.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [218-статья. Сот ишин жүргүзүүнү токтото туруу мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-218)

1. Сот ишин жүргүзүү төмөнкү учурлдарда:

1) ушул Кодекстин 216-статьясынын 1-2-пунктчаларында каралган учурларда - чыгып калган жактын укук мастоочусун аныктаганга же аракетке жөндөмсүз жактын өкүлүн дайындаганга чейин;

2) ушул Кодекстин 216-статьясынын 3-пунктчасында жана 217-статьясында каралган учурларда - тараптын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болушу токтогонго чейин, ал мамлекеттик милдетти аткаруусун аяктаганга чейин, кызматтык иш сапарынан кайтканга, дарылоо мекемесинен чыкканга же оорусунан айыкканга чейин, жоопкер табылганга чейин, сотко эксперттин корутундусу, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн текшерүү актысы берилгенге чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын тийиштүү чечими чыгарылганга же соттун тапшырмасы аткарылганга чейин;

3) ушул Кодекстин 216-статьясынын 4-пунктчасында каралган учурларда - соттун токтому, чечими, өкүмү, аныктамасы мыйзамдуу күчүнө киргенге же администрациялык тартипте каралып жаткан иш боюнча токтом чыгарылганга чейин;

4) ушул Кодекстин 216-статьясынын 5-пунктчасында каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өтүнүчтү караганга чейин токтотула турат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [219-статья. Сот ишин жүргүзүүнү токтото туруу жөнүндө соттун аныктамасына даттануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-219)

Сот ишин жүргүзүүнү токтото туруу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттанылат же сунуш берилет.

### [220-статья. Сот ишин жүргүзүүнү кайра баштоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-220)

Сот ишин жүргүзүү аны токтото турууга алып келген жагдайлар четтетилгенден кийин ишке катышкан жактардын арызы боюнча же соттун демилгеси менен кайра башталат. Сот ишин жүргүзүүнү кайра баштоодо сот аныктама чыгарат жана жалпы негизде ишке катышкан жактарды кабардар кылат.

## 19-Глава

Сот ишин жүргүзүүнү токтотуу

### [221-статья. Сот ишин жүргүзүүнү токтотуунун негиздери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-221)

Сот:

1) эгерде иш жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралууга жана чечүүгө жатпаса;

2) эгерде доогер ошол категориядагы иш үчүн мыйзамда белгиленген же тараптардын келишиминде каралган талашты сотсуз же сотко чейинки чечүүнүн алдын ала тартиби сакталбаса жана андай тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоюлганда;

3) эгерде ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө талдаш жана ошол эле негиздер боюнча чыгарылган соттун чечими болсо же доогердин доодон баш тарткандыгы же тараптардын тынчтык макулдашууга келишин бекитүү жөнүндө сот ишин жүргүзүүнү токтотуу жөнүндө чыгарылган соттун аныктамасы мыйзамдуу күчүнө кирсе;

4) эгерде доогер доодон баш тартса жана сот баш тартууну кабыл алса;

5) эгерде тараптар тынышуу макулдашуусуна жетишсе жана ал сот тарабынан бекитилсе;

6) эгерде ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча аксакалдар соту чечим чыгарса;

7) эгерде иш боюнча тараптардын бири болуп саналган жаран жекече ишкер өлгөндөн кийин укуктук талаш мамилелер укукту мурастоого жол бербесе;

8) эгерде иш боюнча тарап болуп чыккан юридикалык жак укук мурастоочуну аныктабастан жоюлганда;

9) эгерде талаштын предмети же тараптар жок болгондо сот ишин жүргүзүүнү токтотот;

10) ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча бейтарап сот чечим чыгарса;

11) эгерде биринчи инстанциядагы сот тарабынан чечим кабыл алынганга чейин тараптар талашты бейтарап сотуна берүү жөнүндө макулдашуу түзүшсө.

12) эгерде ишти соттук териштирүүгө даярдоо процессинде же талаш-тартышты маңызы боюнча кароо процессинде арыз берилгенге чейин доонун эскиришинин мыйзам менен белгиленген мөөнөтү өтүп кеткендиги белгиленсе жана ал калыбына келтирүүгө жатпаса же болбосо калыбына келтирүүдөн баш тартылса.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [222-статья. Сот ишин жүргүзүүнү токтотуунун тартиби жана кесепеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-222)

1. Сот ишин жүргүзүүнү токтотуу соттун аныктамасы менен токтотулат.

2. Сот ишин жүргүзүү токтотулган учурда ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет боюнча жана ошол эле негиздеги талаштар боюнча кайра кайрылууга жол берилбейт.

## 20-Глава

Арызды кароосуз калтыруу

### [223-статья. Арызды кароосуз калтыруунун негиздери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-223)

Сот:

1) эгерде доогер ошол категориядагы иш үчүн мыйзам менен белгиленген же тараптардын келишиминде каралган талашты сотко жеткирбей чечүү жол-жобосун сактабаганда жана андан тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарылганда;

2) эгерде арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;

3) эгерде таламдаш жактын арызына кол коюуга же доо коюуга ыйгарым укугу жок жак тарабынан кол коюлганда же берилгенде;

4) эгерде ушул же башка соттун бейтарап соттун сот ишинде ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча мурда козголгон иши бар болсо;

5) эгерде өздөрү жок кезде ишти териштирүү жөнүндө өтүнбөгөн тараптар экинчи жолу чакырууда сотко келбесе, ал эми сот иштеги материалдар менен ишти чечүү мүмкүн эмес деп эсептесе;

6) эгерде өзү жок кезде ишти териштирүү жөнүндө өтүнбөгөн доогер экинчи жолу чакырууда сотко келбесе, ал эми доогер ишти маңызы боюнча чечүүнү талап кылбаса;

7) эгерде доогер арызын кайра кайтаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, ал эми доогер ишти маңызы боюнча чечүүнү талап кылбаса;

8) эгерде аялы кош бойлуу мезгилде жана бала төрөлгөндөн кийин бир жыл ичинде анын макулдугусуз күйөөсү никени бузуу жөнүндө берген арызын судья доогерге кайтарбаганда;

9) эгерде арыз ушул Кодекстин 132-статьясынын жана 133-статьясынын 1-5-пунктчаларынын талаптарын бузуу менен берилгенде, доогер андагы кароого жана чечүүгө бөгөт болчу кемчиликтерди сот белгилеген мөөнөттө оңдобосо, сот арызды кароосуз калтырат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [224-статья. Арызды кароосуз калтыруунун тартиби жана анын кесепеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-224)

1. Арыз кароосуз калтырылган учурларда сот ишин жүргүзүү соттун аныктамасы менен аяктайт. Мындай аныктамада сот ушул Кодекстин 223-статьясында көрсөтүлгөн ишти кароого бөгөт болуучу жагдайларды көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Арызды кароосуз калтырууга негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин таламдаш тарап сотко кайра жалпы тартипте кайрыла алат.

3. Сот доогердин же жоопкердин өтүнүчү боюнча, эгерде тараптар алардын сот отурумуна келбей калышынын себеби жүйөөлүү экендигин жана ал жөнүндө сотко билдирүү мүмкүн болбой калгандыгын ырастаган далилдерди көрсөтсө, ушул Кодекстин 223-статьясынын 5- жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча арызды кароосуз калтыруу жөнүндөгү өз аныктамасын жокко чыгарат.

Андай өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттанылышы мүмкүн.

## 21-Глава

Соттун аныктамасы

### [225-статья. Аныктама чыгаруунун тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-225)

1. Иш маңызы боюнча чечилбей калган соттун актысы аныктама түрүндө чыгарылат.

Аныктама өз алдынча процесстик документ катары ушул Кодекстин 16-статьясында каралган тартипте сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө чыгарылат.

2. Анча татаал эмес маселелерди чечүүдө сот кеңешүү бөлмөсүнө барбастан эле аныктама чыгара алат. Мындай аныктама сот отурумунун протоколуна жазылат.

3. Аныктама кабыл алынаар замат дароо жарыя кылынат.

4. Соттун аныктамасы ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [226-статья. Аныктаманын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-226)

1. Аныктамада:

1) аныктама чыгарылган күн жана жер;

2) аныктама чыгарган соттун аталышы, соттун курамы жана сот отурумунун катчысы;

3) ишке катышкан жактар, талаштын предмети;

4) аныктама чыгарылган маселе;

5) тыянак чыгарууда сот негизденген жүйөөлөр жана ал жетекчиликке алган мыйзамдарга шилтемелер;

6) соттун токтому;

7) эгер аныктама даттанууга жатса, ага даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Сот кеңешүү бөлмөсүнө барбастан чыгарган аныктамада ушул статьянын 1-пунктунун 4, 5- жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар камтылууга тийиш.

### [227-статья. Соттун жеке аныктамасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-227)

1. Сот отурумунда мыйзамдын бузулгандыгынын учурлары аныктаганда сот жеке аныктама чыгарууга жана аны тийиштүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, алар жеке аныктаманын көчүрмөсү алынган күндөн баштап бир айлык мөөнөттө көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирилбеген учурда ага күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Мындай администрациялык жаза тийиштүү кызмат адамдарын, соттун жеке аныктамасы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүү милдетинен бошотпойт.

3. Эгерде ишти кароодо сот тараптардын, процесстин башка катышуучуларынын, кызмат жана башка адамдардын аракетинен кылмыш белгилерин тапса, ал жөнүндө прокурорго билдирет.

4. Жеке аныктамага даттанылышы же талап кылынышы мүмкүн.

### [228-статья. Ишке катышкан жактарга соттун аныктамасынын көчүрмөсүн салып жиберүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-228)

Сот отурумуна келбеген ишке катышкан жактарга сот ишин жүргүзүүнү токтото туруу же токтотуу жөнүндө же арызды кароосуз калтыруу жөнүндө соттун аныктамасы ал чыгарылган күндөн баштап үч күндөн кечиктирбестен салып жиберилет.

## 22-Глава

Протоколдор

### [229-статья. Протокол жүргүзүүнүн милдеттүүлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-229)

Ар бир сот жыйналышы боюнча протокол түзүлөт. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [230-статья. Протоколдун мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-230)

1. Сот отурумунун протоколу ишти териштирүүнүн бардык олуттуу учурларын чагылдырууга тийиш.

2. Сот отурумунун протоколунда:

1) сот отуруму болгон жыл, айы, күнү жана орду;

2) сот отуруму башталган жана аяктаган убакыт;

3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы жана сот отурумунун катчысы;

4) иштин аталышы;

5) ишке катышкан жактардын, алардын өкүлдөрүнүн, күбөлөрдүн, эксперттердин, адистердин, тилмечтердин келгендиги жөнүндө маалымат;

6) ишке катышкан жактарга, алардын өкүлдөрүнө, күбөлөргө, эксперттерге, адистерге, тилмечтерге алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү жөнүндө маалымат;

7) төрагалык кылуучунун буйругу жана соттун отурум залында сот чыгарган аныктама;

8) ишке катышкан жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн арыздары, өтүнүчтөрү жана түшүнүктөрү;

9) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин өз корутундуларын оозеки түшүндүрүүлөрү, адистерди түшүндүрмөлөрү;

10) жазуу жүзүндөгү далилдерди жарыя кылуу, жазылган үндү угуу, көрмө жазууларды көрүү, буюм далилдерди кароо жөнүндө маалыматтар;

11) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары;

12) соттогу жарыш сөздөрдүн мазмуну;

13) чечимдин жана аныктаманын мазмунун жарыя кылуу жана түшүндүрүү, аларга даттануунун тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтар;

14) протокол менен таанышуу жана ага сын пикирлерди берүү укуктарын ишке катышкан адамдарга түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар;

15) протокол түзүлгөн дата көрсөтүлөт.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [231-статья. Протокол түзүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-231)

1. Протоколду соттун отурумунда катчы тарабынан түзүлөт.

Протокол жазуу жүзүндө (кол менен же машинкага басуу менен) түзүлөт. Сот протоколдун толук түзүлүшүн камсыз кылуу үчүн соттун отурумунда үн- жана көрмө жазууларды колдоно алат. Мындай учурларда үн- жана көрмө жазуулар протоколго тиркелет, анда булар колдонулгандыгы жөнүндө белги коюлат.

2. Ишке катышкан адамдар жана өкүлдөр өздөрү олуттуу деп эсептеген жагдайлар жөнүндө маалыматтарды протоколго жазуу тууралу, протоколдун кандайдыр-бир бөлүгүн жарыя кылуу тууралу өтүнүч кылууга укуктуу.

3. Протокол соттун отуруму аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш.

4. Татаал иштер боюнча соттун отурумунун протоколу кыйла узагыраак убакытта, бирок соттун отуруму аяктагандан кийин жети күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө жана кол коюлуга тийиш.

5. Протоколго соттун отурумуна төрагалык кылган адам жана андагы катчы кол коет.

Протоколдогу бардык өзгөртүүлөр, толуктоолор, оңдоолор жазылууга жана алардын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [232-статья. Протоколго сын пикирлер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-232)

Ишке катышкан адамдар жана алардын өкүлдөрү протокол менен таанышууга жана ага кол коюлган учурдан тартып беш күндүн ичинде протоколго жазуу жүзүндөгү сын пикирди берүүгө укуктуу, мында протоколдо кетирилген туура эместиктер жана кемчиликтер көрсөтүлөт. (КР 2010-жылдын 19-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [233-статья. Протоколго сын пикирди карап чыгуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-233)

1. Протоколго сын пикирлерди ага кол койгон судья - иш боюнча төрагалык кылган адам карап чыгат, ал сын пикирлерге макул болгон учурда алардын тууралыгын күбөлөндүрөт, ал эми аларга макул болбогон учурда аларды толугу менен же жарым-жартылай четке кагуу жөнүндө жүйөөлүү аныктама чыгарат. Бардык учурда андай сын пикирлер ишке тиркелет.

2. Протоколго сын пикирлер алар берилген күндөн тартып беш күндүн ичинде каралууга тийиш.

## 23-Глава

Сырттан кароо жана сырттан чыгарылган чечим

### [234-статья. Сырттан кароонун негиздери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-234)

1. Соттун отурумуна отурумдун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган, келбей калуунун жүйөөлүү себептери жөнүндө билдирбеген жана ишти өзү катышпастан карап чыгуу жөнүндө суранбаган жоопкер келбей калган учурда, эгерде доогер каршы болбосо, иш сырттан кароо тартибинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Ишти ушундай тартипте карап чыгуу жөнүндө сот аныктама чыгарат.

Ушул главанын талаптары администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу иштерге жайылтылбайт.

2. Ишке бир нече жоопкер катышкан учурда соттун отурумуна бардык жоопкерлер келбей калганда иш сырттан кароо тартибинде каралышы мүмкүн.

3. Эгерде соттун отурумуна келген доогер ишти жоопкер жокто сырттан кароо тартибинде жүргүзүүгө макул болбосо, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат жана жоопкерге соттун отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабарды жөнөтөт. Тиешелүү түрдө кабарландырылган жоопкер дагы келбей калган учурда сот ишти сырттан кароо тартибинде жүргүзөт.

4. Доогер доонун предметин же негизин өзгөрткөн учурда сот ишти ошол соттун отурумунда сырттан кароо тартибинде жүргүзүүгө укуксуз.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [235-статья. Сырттан кароо тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-235)

Ишти сырттан кароо тартибинде карап чыгууда сот ишке катышкан адамдар берген далилдерди иликтейт, алардын айткандарын жана өтүнүчтөрүн эске алат жана чечим кабыл алат, ал сырттан кароо деп аталат.

### [236-статья. Сырттан чыгарылган чечимдин мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-236)

1. Сырттан чыгарылган чечимдин мазмуну ушул Кодекстин 201-статьясынын эрежелери менен аныкталат.

2. Сырттан чыгарылган чечимдин резолюциялык бөлүгүндө бул чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлүүгө тийиш.

### [237-статья. Сырттан чыгарылган чечимдин көчүрмөсүн жөнөтүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-237)

Соттун отурумуна келбеген тарапка сырттан чыгарылган чечимдин көчүрмөсү тапшыруу жөнүндө билдирүү менен ал чыгарылган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

### [238-статья. Сырттан чыгарылган чечимге даттануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-238)

1. Соттун отурумуна катышпаган тарап чечимдин көчүрмөсү тапшырылган учурдан тартып беш күндүн ичинде бул чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызды сырттан чечим чыгарган сотко берүүгө укуктуу.

2. Сырттан чыгарылган чечимге ошондой эле бул чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө мөөнөт аяктагандан кийин, ал эми мындай арыз берилген болсо, арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыккан учурдан тартып он күндүн ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Апелляциялык даттанууну берүүгө мөөнөт кандай болгон учурда да ушул Кодекстин 316-статьясында каралган мөөнөттөн кем болбоого тийиш.

### [239-статья. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыздын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-239)

1. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыз:

1) сырттан чыгарылган чечимди чыгарган соттун аталышын;

2) арыз берген жактын аталышын;

3) соттун жыйналышына тараптын келбей калышынын себеби жүйөөлүү экендигин ырастаган, ал өз учурунда сотко билдире албаган жагдайларды, ошондой эле чечимдин мазмунуна таасир этиши мүмкүн болгон далилдерди;

4) арыз берген адамдын өтүнүчүн;

5) арызга тиркелген материалдардын тизмесин камтууга тийиш.

2. Сырттан чыгарылган чечимди карап чыгуу жөнүндө арызга тарап же анын өкүлү кол коет жана ишке катышкан жактардын санына ылайык көчүрмөсү менен сотко берилет.

3. Арыз үчүн мамлекеттик алым төлөнбөйт.

### [240-статья. Арызды кабыл алган соттун иш-аракети](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-240)

Ишке катышкан адамдарга арызды карап чыгуу убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт жана аларга сырттан чыгарылган чечимди жана арызга тиркелген материалдарды кайра карап чыгуу жөнүндө арыздын көчүрмөлөрүн жөнөтөт.

### [241-статья. Арызды карап чыгуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-241)

1. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыз сотко арыз келип түшкөн учурдан тартып он күндүн ичинде сот тарабынан соттун отурумунда каралат.

2. Отурумдун убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылган адамдардын келбей калышы арызды карап чыгууга тоскоолдук кылбайт.

### [242-статья. Соттун ыйгарым укуктары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-242)

1. Сот сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызды карап чыгып, арызды канааттандыруудан баш тартуу же сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө жана ишти маңызы боюнча ошол эле же жаңы курамда карап чыгууну кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Арыз канааттандырылбастан калтырылган соттун аныктамасына жекече даттанылышы же талап коюлушу мүмкүн.

### [243-статья. Сырттан чыгарылган чечимди алып салууга негиздер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-243)

Эгерде сот жоопкердин соттун отурумуна келбей калышы ал өз учурунда сотко билдире албай калган жүйөөлүү себептерден келип чыккандыгын белгилесе жана мында ал чечимдин мазмунуна таасир этиши мүмкүн болгон далилдерди көрсөтсө, сырттан чыгарылган чечим ишти маңызы боюнча карап чыгууну кайрадан калыбына келтирүү менен жокко чыгарылат.

### [244-статья. Ишти карап чыгууну жаңыдан баштоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-244)

1. Сот сырттан чыгарган чечимди жокко чыгарганучурда ишти маңызы боюнча карап чыгуу кайрадан калыбына келтирилет жана ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

2. Иш боюнча чыгарылган чечим соттун отурумун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган жоопкер келбеген учурда да сырттан чыгарылган чечимге жатпайт. Жоопкер бул чечимди сырттан чыгарылган катары кайра карап чыгуу жөнүндө кайталап арыз берүүгө укуксуз.

### [245-статья. Сырттан чыгарылган чечимдин мыйзамдуу күчү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-245)

Сырттан чыгарылган чечим ушул Кодекстин 211-статьясында каралган эрежелер боюнча күчүнө кирет. II. БУЙРУК ИРЕТИНДЕГИ ИШ

## 24-Глава

Буйрук иретиндеги иш

### [246-статья. Соттун буйругу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-246)

1. Соттун буйругу судьянын токтомун билдирет, ал ушул Кодекстин 247-статьясында каралган учурларда карызкордон акча суммасын өндүрүү же кыймылсыз мүлк талап кылуу жөнүндө өндүрүүчүнүн арызы боюнча судья тарабынан жеке чыгарылат.

2. Соттун буйругу бир эле учурда аткарылуучу документ болуп саналат жана аткаруу иши жөнүндө ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында соттун актыларын аткаруу үчүн белгиленген тартипте аткарылат.

3. Ушул главанын талаптары администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу иштерге жайылтылбайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [247-статья. Соттун буйругу бериле турган талаптар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-247)

Төмөнкүдөй учурда:

1) эгерде талап нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделсе;

2) эгерде талап жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделгенде;

3) эгерде талап нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн төлөбөй коюу векселине протестке, бейакцептке же акцептке дата койбой коюуга негизделгенде;

4) эгерде аталыкты белгилөө, аталыкты (энеликти) талашып-тартышуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылчылыгы менен байланышпаган бойго жете элек балдарга алиментти өндүрүү жөнүндө талап билдирилсе;

5) эгерде салыктар жана башка салыктык эмес төлөмдөр боюнча калдыктарды жарандардан өндүрүү жөнүндө талап коюлганда;

6) эгерде кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талап коюлганда;

7) эгерде жоопкерди же карызкорду жана анын мүлкүн, ошондой эле карызкордон тартып алынган баланы соттун чечими боюнча издөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө ички иштер органы талап койсо соттун буйругу чыгарылат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [248-статья. Арыз берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-248)

1. Соттун буйругун берүү жөнүндө арыз сотко ушул Кодекстин 4-главасында белгиленген сотко караштуулуктун жалпы эрежелери боюнча берилет.

2. Соттун буйругун чыгаруу жөнүндө арызга "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өлчөмдө жана тартипте мамлекеттик алым төлөнөт.

### [249-статья. Арыздын формасы жана мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-249)

1. Арыз жазуу жүзүндө берилет.

2. Арызда:

1) арыз берилген соттун аталышы;

2) өндүрүп алуучунун аталышы, анын жашаган же турган жери;

3) карызкордун аталышы, анын жашаган же турган жери;

4) өндүрүп алуучунун талабы жана ал негизделген милдеттенмелер;

5) талаптын негиздүүлүгүн ырастаган документтер;

6) тиркелген документтердин тизмеси көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Кыймылсыз мүлк талап кылынган учурда арызда бул мүлктүн ордуна кабыл алууга арыз ээси макул болгон акчалай сумма көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Арызга өндүрүп алуучу же анын өкүлү кол коет. Өкүл бере турган арызга анын ыйгарым укуктарын ырастаган документ тиркелүүгө тийиш.

### [250-статья. Сот буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуунун негиздери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-250)

1. Судья сот буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан ушул Кодекстин 135- жана 136-статьяларында каралган негиздер боюнча баш тартат.

Мындан тышкары:

1) билдирилген талап ушул Кодекстин 247-статьясында каралбаса;

2) билдирилген талапты ырастаган документтер көрсөтүлбөсө;

3) карызкор Кыргыз Республикасынын сотторунун юрисдикциясынын чегинен тышкары болсо;

4) документтерде укук жөнүндө талаш-тартыш бар экендиги байкалса;

5) (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

2. Арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө судья арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат, ага жекече даттануу берилиши же талап коюлушу мүмкүн.

3. Сот буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу өндүрүп алуучу ошол эле талап боюнча доону өндүрүү тартибинде доо коюу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылбайт.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [251-статья. Сот буйругун чыгаруу тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-251)

1. Билдирилген талаптын маңызы боюнча сот буйругу арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө чыгарылат.

2. Сот буйругу соттук териштирүү жүргүзүлбөстөн жана тараптардын түшүндүрүүлөрүн угуу үчүн аларды чакырбастан чыгарылат.

### [252-статья. Сот буйругунун мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-252)

1. Сот буйругунда:

1) каралган иштин номери жана буйрук чыккан дата;

2) соттун аталышы, буйрук чыгарган судьянын фамилиясы жана инициалдары;

3) өндүрүп алуучунун аталышы, жашаган жери же турган жери;

4) карызкордун аталышы, жашаган жери же турган жери;

5) талап негизделген мыйзам же башка ченемдик укуктук акт;

6) өндүрүлүүгө тийиш болгон акчалай сумманын өлчөмү же талап кылынган кыймылдуу мүлктүн наркын көрсөтүү менен анын сүрөттөлүшү;

7) төлөтүп алуу мыйзамда же келишимде каралган учурда бышмана айып өлчөмү;

8) карызкордон тиешелүү бюджетке төлөнүүчү мамлекеттик алымдын суммасы көрсөтүлөт.

2. Бойго жете элек балдар үчүн алимент төлөө жөнүндөгү соттун буйругунда ушул статьянын 1-5 жана 8-пункттарынан тышкары: карызкордун туулган жери жана датасы, анын иштеген жери, багуу үчүн алимент төлөө белгиленген ар бир баланын аты жана датасы, карызкордон ай сайын алынуучу төлөмдүн өлчөмү жана аларды төлөө мөөнөтү көрсөтүлөт.

3. Атайын даярдалган бланкка жазылган сот буйругуна судья кол коет.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [253-статья. Карызкорго сот буйругунун көчүрмөсүн жиберүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-253)

1. Сот буйругу чыгарылгандан кийин ушул Кодекстин 247-статьясынын 1, 2, 4-7-пунктчаларында аталган талаптар боюнча судья токтоосуз түрдө анын көчүрмөсүн карызкорго тапшырылгандыгын билдирүү менен жөнөтөт.

2. Карызкор сот буйругунун көчүрмөсүн алгандан кийин он күндүк мөөнөт ичинде себептерин көрсөтүү менен билдирилген талапка өзүнүн каршы пикирин, анын сотко келип түшүүсүн камсыз кылган ар кандай байланыш каражаттарын пайдалануу менен жиберет.

### [254-статья. Сот буйругун жокко чыгаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-254)

Судья, ушул Кодекстин 247-статьясынын 1, 2, 4-7-пунктчаларында аталган талаптар боюнча чыгарылган сот буйругун, эгерде билдирилген талапка карата себептерин көрсөтүү менен карызкордун каршы пикири келип түшсө, жокко чыгарат. Сот буйругун жокко чыгаруу жөнүндөгү аныктамада судья төлөтүп алуучунун билдирилген талабы доо ишин жүргүзүү тартибинде берилиши мүмкүн экендиги жөнүндө түшүндүрмө берет. Сот буйругун жокко чыгаруу жөнүндөгү аныктаманын көчүрмөлөрү тараптарга ал чыгарылгандан үч күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

### [255-статья. Сот буйругун төлөтүп алуучуга берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-255)

1. Эгерде белгиленген мөөнөттө карызкордон себептерин көрсөтүү менен каршы пикир келип түшпөсө, анда судья төлөтүп алуучуга соттун герб мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн буйругун аткарууну талап кылуу үчүн берет. Төлөтүп алуучунун өтүнүчү боюнча сот буйругу сот тарабынан аткаруу үчүн жиберилиши мүмкүн.

Ушул Кодекстин 247-статьясынын 3-пунктчасында аталган талаптар боюнча соттун буйругу төлөтүп алуучуга берилиши же анын өтүнүчү боюнча буйрук чыгарылары менен түздөн-түз аткаруу үчүн жиберилиши мүмкүн.

2. Карызкордон мамлекеттик алымды тиешелүү бюджеттин эсебине төлөтүп алуу үчүн сот буйругунун герб мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн өзүнчө нускасы сот тарабынан аткаруу үчүн жиберилет.

3. Төлөтүп алуучуга берилген сот буйругунун көчүрмөсү сот ишинде калат.

III. АЙРЫМ КАТЕГОРИЯДАГЫ ИШТЕР БОЮНЧА СОТ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

## 25-Глава

Жарандардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө иштер боюнча сот ишин жүргүзүү

### [256-статья. Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-256)

1. Мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун, шайлоо комиссиясынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдеринен, аракеттеринен (аракетсиздигинен) улам жарандардын шайлоо укуктары бузулду деп эсептеген жаран же шайлоо процессинин башка катышуучусу, ушул главада каралган учурларды кошпогондо, жоопкер турган жердеги биринчи инстанциядагы сотко арыз (даттануу) менен кайрылууга укуктуу.

2. Арыз шайлоо процессинин катышуучусуна анын шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө маалым болгон учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде сотко берилиши мүмкүн.

3. Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыз, аны берген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө, бирок добуш берүү күнүнүн алдындагы күндөн кечиктирилбестен, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү келип түшкөн арыздар дароо каралууга тийиш.

4. Арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, бирок добуш берүү күнүнүн алдындагы күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.

5. Арыз сот тарабынан арыз ээсинин, тиешелүү шайлоо комиссиясынын, мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун өкүлүнүн катышуусу менен каралат. Сот отурумунун өткөрүлүүчү убактысы жана жери жөнүндө тийиштүү түрдө кабарландырылган көрсөтүлгөн жактардын сотко келбегени ишти карап чыгуу жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

6. Арызды (даттанууну) карап чыгуунун натыйжасы боюнча сот чечим чыгарат.

7. Соттун чечими ал чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана аны мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, шайлоо комиссиялары жана алардын кызмат адамдары үчүн аткарууга милдеттүү.

8. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими тийиштүү мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун жетекчисине же шайлоо комиссиясынын төрагасына жиберилет жана токтоосуз аткарылууга тийиш.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [257-статья. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине даттануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-257)

1. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимдерине арыздар (даттануулар) менен талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат.

2. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде берилет.

3. Арыздар (даттануулар) биринчи инстанциядагы сот тарабынан келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат. Соттун чечими арыз ээсине токтоосуз берилет.

4. Биринчи инстанциядагы соттун кабыл алган чечимине арыздар (даттануулар) чечим чыгарылган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде ушул Кодексте каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [258-статья. Соттун чечими, аны аткаруу жана даттануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-258)

1. Арыздын негиздүү экенин белгилөө менен, сот талашылып жаткан чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамсыз деп тааныйт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө же шайлоонун натыйжалары жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимин же болбосо шайлоо комиссиясынын башка чечимин жокко чыгарат.

2. Сот эгерде талашылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) мыйзамдуу экенин белгилесе, арызды канааттандыруудан баш тартат.

3. Биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими көзөмөлгө алуу тартибинде, ушул Кодекстин 41-главасында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылышы мүмкүн.

Мында даттануу көзөмөлгө алуу тартибинде чечимди чыгарган сот аркылуу берилиши мүмкүн. Даттанууну түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берүү даттанууну карап чыгууга тоскоолдук болуп саналбайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту көзөмөлгө алуу тартибинде берилген даттанууну, даттануу берилген күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде карайт.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы чечим болуп саналат жана ага даттанууга болбойт.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 25-1-глава Сот арачылыкка талапкерлердин акыркы тизмесине киргизүү же андан чыгаруу жөнүндө, ошондой эле сот арачылыкка талапкерлердин акыркы тизмесиндеги туура эмес жазууларды оңдоо жөнүндө арыздар боюнча сот ишин жүргүзүү (Глава КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [258-1-статья. Арыз берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-258-1)

1. Сот арачыларынын акыркы тизмесине киргизбей койду же негизсиз киргизди деп эсептеген, ошондой эле көрсөтүлгөн тизмеге өзүнө карата тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептеген жаран ушул Кодекстин 4-главасы менен белгиленген сотко караштуулук жөнүндө эрежелерди сактоо менен сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык арыз сот арачылыкка талапкерлердин акыркы тизмеси жарыяланган учурдан тартып он беш күндүн ичинде сотко берилиши мүмкүн.

### [258-2-статья. Арызды кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-258-2)

1. Ушул Кодекстин 258-1-статьясынын 2-пункту менен белгиленген мөөнөттө келип түшкөн арыз беш күндүк мөөнөттө каралышы керек.

2. Арыз арыз берүүчүнүн, сот администраторунун катышуусу менен каралат. Сот заседаниесинин убактысы жана орду жөнүндө тийиштүү түрдө билдирилген көрсөтүлгөн адамдардын сотко келбей коюшу ишти кароо жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

### [258-3-статья. Арыз боюнча соттун чечими жана анын аткарылышы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-258-3)

1. Талапкерлерди сот арачыларынын акыркы тизмесине киргизбөө же негизсиз киргизүү, ошондой эле сот арачыларынын акыркы тизмесиндеги туура эмес жазуулар аныкталган соттун чечими адамды сот арачылыкка талапкерлердин тизмесине киргизүү же болбосо чыгаруу, ошондой эле сот арачылыкка талапкерлердин акыркы тизмесиндеги туура эмес жазууларды оңдоо үчүн негиз болуп саналат.

2. Соттун чечими токтоосуз мыйзамдуу күчкө ээ болот жана апелляциялык даттанууга жатпайт. Соттун чечими тийиштүү соттун администраторуна аткаруу үчүн жөнөтүлөт.

## 252-глава.

Маалымат материалдарын экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган деп таануу жөнүндө арыздар боюнча өндүрүш

(Глава КР 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [2584-статья. Арыз берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-2584)

1. Прокурор өз компетенциясынын чегинде ушул Кодекстин 4-главасында белгиленген соттук караштуулук жөнүндө эрежелерди сактоо менен мындай материалдарды өндүрүүнү жүзөгө ашырган уюмдун алар табылган, жайылтылган же болгон жери боюнча мындай ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. Прокурордун арызы боюнча сот ушул Кодекстин 14-главасында каралган тартипте чечим чыгарылганга чейин маалыматтык материалдарга жеткиликтүүлүктү убактылуу чектөөгө укуктуу.

(КР 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [2585-статья. Арызды кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-2585)

1. Арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат.

2. Арыз талап билдирген прокурордун жана эгерде турган жери белгилүү болсо, арызда көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен сот тарабынан каралат. Сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар болгон арызда көрсөтүлгөн адамдардын сотко келбей коюшу ишти кароо жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Эгерде арызда көрсөтүлгөн адамдардын турган жери белгисиз болгон учурда, сот арызды алар жок эле карайт.

(КР 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [2586-статья. Соттун арыз боюнча чечими жана аны аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-2586)

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими жарыялоо үчүн юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жиберилет.

2. Соттун чечими ушул Кодекстин 41-главасында каралган соттук көзөмөлгө алуу тартибинде даттанылышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## 26-глава

Администрациялык иштер боюнча жарандык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү

(Глава КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [259-статья. Администрациялык иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-259)

1. Администрациялык иштер боюнча өндүрүштү соттор жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча, ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен жүзөгө ашырат.

2. Администрациялык иштер болуп тараптары мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, ошондой эле жарандар жана юридикалык жактар болгон администрациялык укуктук мамилелерден келип чыгуучу иштер эсептелет.

### [260-статья. Администрациялык иштердин атайын каралууга тийиштүүлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-260)

1. Соттор администрациялык иштер боюнча сот өндүрүшү тартибинде төмөнкүлөрдү карайт:

1) администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун толугу менен же айрым бөлүгүн жараксыз деп эсептөө жөнүндө арыздарды;

2) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын ченемдик эмес актыларын толугу менен же айрым бөлүгүн жараксыз деп эсептөө жөнүндө арыздарды;

3) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын толугу менен же айрым бөлүгүн жараксыз деп эсептөө жөнүндө арыздарды;

4) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын аракеттери же аракетсиздиги боюнча талаштар жөнүндө арыздарды.

2. Администрациялык-укуктук мамилелерден келип чыгуучу башка иштер да мыйзам менен администрациялык иштердин катарына киргизилиши мүмкүн.

### [261-статья. Администрациялык иштердин сотко караштуулугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-261)

1. Администрациялык иштер райондор аралык соттордо актылары, аракеттери же аракетсиздиги сотко даттанылган мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын турган жерлери боюнча биринчи инстанцияда каралат.

2. Бир нече мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын актыларына, аракеттерине же аракетсиздигине даттанууда арыз мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын биринин турган жери боюнча, арыз ээсинин тандоосу боюнча берилет.

### [262-статья. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын сот тартибинде даттанылуучу актылары, аракеттери (аракетсиздиги)](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-262)

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын жарандык сот өндүрүшү тартибинде даттанылуучу актыларына, аракеттерине (аракетсиздигине) төмөнкүдөй натыйжаларга алып келген жеке жана коллегиалдык актылар, аракеттер (аракетсиздик) кирет:

1) жарандын, юридикалык жактын укуктарын жана эркиндиктерин бузуу;

2) жарандын же юридикалык жактын өз укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруусуна тоскоолдук жаратуу;

3) жаранга, юридикалык жакка милдеттерди мыйзамсыз тагуу же аларды администрациялык жоопкерчиликке мыйзамсыз тартуу.

### [263-статья. Администрациялык иштер боюнча арыз берүү укугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-263)

1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын даттанылуучу актылары, аракеттери же аракетсиздиги укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир тийгизген жарандар, юридикалык жактар, ошондой эле прокурор ушул Кодекстин 45-статьясында каралган тартипте администрациялык иштер боюнча арыз берүүчүлөр боло алат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын актыларына, аракеттерине (аракетсиздигине) карата баш ийүү тартибинде алардан жогору турган органга же анын кызмат адамына же болбосо сотко даттанууга укуктуу.

3. Администрациялык иш боюнча арыз сотко мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын актысынын көчүрмөсүн алган күндөн тартып же, эгерде мыйзамда башкача мөөнөттөр белгиленбесе, арыз ээси андай акты чыгарылганын билген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.

Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттерине карата даттанууда арыздар сотко арыз ээси алардын жасалганын билген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын аракетсиздигине карата даттанууда арыздар сотко ал боюнча жооп берген же берген жообуна арыз ээси макул эмес болгон тийиштүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана алардын кызмат адамдарына кайрылган күндөн тартып бир айдын ичинде берилет.

4. Баш ийүү тартибинде жогору турган органга же анын кызмат адамына жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуусунда ушул статьянын 3-пунктунда сотко кайрылуу үчүн каралган мөөнөт кайрылган күндөн тартып бир ай өткөн жана жооп алынбаган же алардын арыздарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жооп алынган күндөн тартып башталат.

5. Сотко арыздын берилиши, администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө актыны кошпогондо, башка талаш болуп жаткан актынын же аракеттин колдонулушун токтотпойт.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 2-сентябрындагы N 10-р чечими

### [264-статья. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын актыларына, аракеттерине жана аракетсиздигине карата даттануу боюнча арыздын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-264)

1. Жарандын, юридикалык жактын, прокурордун арызы ушул Кодекстин 132-статьясында каралган талаптарга ылайык келиши жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) ушул актыны кабыл алган органдын же кызмат адамынын аталышы;

2) органдын же кызмат адамынын аракеттеринин же аракетсиздигин сыпаттоо жана жана алардын аталышы;

3) акты кабыл алынган, даттанылып жаткан аракет жасалган күн;

4) талаш болуп жаткан акты же анын көчүрмөсү берилген, бул акты менен тааныштырылган күн, сотко кайрылып жаткан жак даттанылчу аракеттин жасалганын билген күн;

5) ушул акты, аракет же аракетсиздик менен кайсы конкреттүү укуктар, эркиндиктер же мыйзамдуу укуктар бузулгандыгын көрсөтүү;

6) талаш болуп жаткан акты, аракет же аракетсиздик менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кайсы беренелери бузулгандыгын көрсөтүү;

7) арыз ээсинин даттанылып жаткан актыга, аракетке же аракетсиздикке карата талаптары.

2. Арызга даттанылуучу актынын же анын бөлүгүнүн көчүрмөсү тиркелет.

Эгерде ченемдик укуктук актыга карата даттанылып жатса, арыз ээси ал кайсы жалпыга маалымдоо каражатына жарыялангандыгын көрсөтөт. Арыз ээсинде даттанылып жаткан ченемдик эмес актынын көчүрмөсү жок болсо, арызда аны соттун сурап алышы жөнүндө өтүнүч камтылууга тийиш.

### [265-статья. Арызды кабыл алуу. Администрациялык иште катышуучу жактарга соттук териштирүү жөнүндө кабарлоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-265)

1. Арызды сот өндүрүшүнө кабыл алуу маселесин судья өзү арыз сотко түшкөндөн кийин үч күндүн ичинде чечет.

Судья арыздын кабыл алынганы жөнүндө аныктама чыгарат, анда иштин соттук жыйындын териштирүүсүнө дайындалгандыгы, анын өткөрүлүүчү күнү жана орду көрсөтүлөт.

2. Арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктаманын көчүрмөсүн сот иште катышуучу жактарга аныктама чыгарылгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жиберет.

3. Соттук териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө иште катышуучу жактарга сот тапшырылганы кайра кабарлануучу заказ кат түрүндө соттук актынын көчүрмөсүн почта аркылуу жиберүү, соттук актынын көчүрмөсүн чабармандан берүү же кечиктирилгис учурларда - телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш, электрондук почта же байланыштын башка каражаттарын пайдалануу аркылуу билдирет.

4. Иште катышуучу жактар сотко иш боюнча сот өндүрүшүнүн убагында даректери өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Андай билдирүү болбосо процесстик документтер иште катышуучунун белгилүү болгон акыркы дареги боюнча жиберилет жана адресат ал даректе турбаса да тапшырылды деп эсептелет.

### [266-статья. Арызды кайра берүү. Арызды карабастан калтыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-266)

1. Эгерде ушул Кодекстин 264-статьясынын талаптары аткарылбаса жана ошондой эле, төмөнкүдөй учурларда судья арызды жана ага тиркелген документтерди ушул Кодекстин 136-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча үч күндүк мөөнөттүн ичинде кайра жиберет.

1) арызга кол коюлбаса же ага кол коюуга укугу жок адам кол койгон болсо;

2) иште катышуучу жактарга арыздын көчүрмөсү жиберилгенине же тапшырылганына далилдер берилбесе;

3) бир арызда бир же бир нече жактарга карата бири-бири менен байланышы жок бир нече талап бириктирилсе;

4) эгерде арызды өндүрүшкө алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин арыз ээсинен арызды кайра берүү жөнүндө арыз түшсө.

2. Арыздын кайра берилиши жөнүндө судья аныктама чыгарат, ага карата даттанууга болот.

Ушул аныктама жогору турган сот тарабынан жокко чыгарылган учурда арыз биринчи ирет сотко кайрылган күнү берилди деп эсептелет. Арызды кайра берүү анын кайра берилишине негиз болгон жагдайларды жойгондон кийин ошол эле талап менен сотко жалпы тартипте кайрадан кайрылууга тоскоол болбойт.

3. Эгерде арыз ээси арызды өндүрүшкө алуу үчүн тоскоолдуктарды ушул статьянын 1-пунктунда каралган мөөнөттө жойсо администрациялык иштер боюнча арыздар жылышсыз калтырылышы мүмкүн эмес.

4. Сот арызды ушул кодекстин 223-224-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда кароосуз калтырат, эгерде:

1) арыз ээси мыйзамда белгиленген учурларда талашты сотко чейин жайгарууга чара көрбөсө жана андай жайгаруу мүмкүндүгү жоготула элек болсо;

2) ишти угуунун убактысы жана орду жөнүндө тийиштүү түрдө кабарланган арыз ээси же анын өкүлү соттун жыйынына келбесе жана ишти анын катышуусуз карала бериши жөнүндө билдирбесе.

5. Сот арыздын каралбастан калтырылганы жөнүндө аныктама чыгарат, ага карата даттанууга болот.

### [267-статья. Арызды кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-267)

1. Сот арызды иш өндүрүшкө кабыл алынган учурдан тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт.

2. Арыз берген жак, актысы, аракеттери (аракетсиздиги) боюнча сотко даттанылган мамлекеттик бийлик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана алардын кызмат адамдары соттук жыйындын убактысы жана орду жөнүндө кабарланышат.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн, тийиштүү түрдө кабарланган жактардын келбеши соттун ишти жүйөсү боюнча карашына тоскоол болбойт.

4. Актынын, аракеттин (аракетсиздиктин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети сотко даттанылган актыны чыгарган, аракетке (аракетсиздикке) жол берген мамлекеттик бийлик органына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, кызмат адамдарына жүктөлөт.

5. Сотто администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө ишти кароодо сот төмөнкүлөрдү текшерет:

1) администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтомдун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн;

2) ал мыйзамдын негизинде жана ага укуктуу орган же кызмат адамы тарабынан ишке ашырылгандыгын,

3) жакты администрациялык жоопкерчиликке тартуунун жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун мыйзамда белгиленген тартиби сакталганын;

4) жакты мыйзамда тийиштүү жоопкерчилик каралган администрациялык укук бузууну жасаганын;

5) жак ал жорукту жасаганы үчүн күнөөлүүлүгүн;

6) жазаны салууда жасалган жоруктун оордугу, жарандын ким экендиги жана анын мүлктүк абалы эске алынганын;

7) жазаны салуу жана токтомду аткаруу үчүн эскирүү мөөнөтү өтүп кетпегенин.

6. Сотто мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын актыларын кароодо сот төмөнкүлөрдү текшерет:

1) даттанылып жаткан актыны чыгарган мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын компетенциясын;

2) актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык келишин;

3) сотко кайрылган жактын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганын же болбосо ушул жактын өз укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырышына тоскоолдуктар жаралганын.

7. Администрациялык ишти кароодо сот мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын актысына, аракетине же аракетсиздигине даттануу боюнча арызда баяндалган жүйөлөргө байланбайт.

### [268-статья. Ишти кароону кийинкиге калтыруу. Соттук жыйындагы тыныгым](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-268)

1. Сот ушул Кодексте каралган учурларда, ошондой эле иште катышкан жак соттук жыйынга келбеген учурларда, эгерде ал жак соттук териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланганы жөнүндө маалымат жок болсо, ишти кароону кийинкиге калтыра алат.

Ишти кароонун кийинкиге калтырылышы ишти кароонун ушул Кодекстин 267-статьясында каралган мөөнөтүн үзгүлтүк кылбайт. Ишти кароо кийинкиге калтырылганы жөнүндө сот аныктама чыгарат.

2. Сот иште катышкан жактын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен соттук жыйында үч күндөн ашпаган мөөнөткө тыныгым жарыялай алат. Процесстин катышуучулары ишти угуунун убактысы жана орду жөнүндө соттук жыйындын протоколуна кол койдуруу менен кабарланат.

### [269-статья. Соттун чечими](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-269)

1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомун жараксыз деп табуу тууралу арызды кароонун жыйынтыгында сот чечим чыгарууга укуктуу, ал чечим менен:

1) администрациялык укук бузуунун курамы же администрациялык укук бузган учур жок болушунун натыйжасында жактын администрациялык жоопко тартылышы сот тарабынан негизсиз деп таанылган учурда, ошондой эле администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда саналып берилген, администрациялык укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу башка учурларда ошол токтом жараксыз деп табылат жана администрациялык укук бузуу жөнүндө сот өндүрүшү токтотулат;

2) жасалган администрациялык укук бузуунун мүнөзүн, укук бузуучунун ким экендигин, анын күнөөсүнүн даражасын, мүлктүк абалын, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү башка шарттарды эсепке алып жана мында администрациялык жаза белгилебестен же токтом чыгарылган адамдын абалын начарлатпастан токтом өзгөртүлөт;

3) эгерде токтом администрациялык орган же анын кызмат адамы тарабынан өз компетенцияларын бузуу менен чыгарылганы айкындалса жана эгерде администрациялык жаза колдонуу мөөнөтү өтө элек болсо токтом жараксыз деп таанылат жана администрациялык укук бузуу жөнүндө иш каралууга тийиштүүлүгүнө жараша жиберилет же болбосо, эгерде белгиленген мөөнөтү өтүп кеткен болсо, иш боюнча өндүрүш токтотулат;

4) эгерде токтом Кыргыз Республикасынын администрациялык укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын процесстик талаптарын орчундуу бузуу менен чыгарылганы аныкталса жана администрациялык жаза колдонуу мөөнөтү өтө элек болсо, ушул токтом жараксыз деп таанылат жана администрациялык укук бузуу жөнүндө иш администрациялык органга же кызмат адамына жаңыдан кароо үчүн жиберилет же болбосо, эгерде аталган мөөнөт өтүп кеткен болсо, иш боюнча сот өндүрүшү токтотулат.

2. Эгерде сот администрациялык органдын, кызмат адамынын администрациялык жаза колдонуу жөнүндө токтому мыйзамдуу жана негиздүү экендигин аныктаса, токтомду күчүндө калтырат, ал эми арыз канааттандырылбайт.

3. Ченемдик эмес актыны жараксыз деп таануу жөнүндө арызды, мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, алардын кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата даттанууну кароонун натыйжасында сот чечим чыгарууга укуктуу, ал чечим менен:

1) эгерде арыз негиздүү деп эсептелсе, талаш болуп жаткан актыны толугу менен же бөлүгүн жараксыз деп табат же болбосо даттанылган аракетке же аракетсиздикке жол берген органды же кызмат адамын арыз ээсинин алардын аракетинин (аракетсиздигинин) натыйжасында бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын толук көлөмдө калыбына келтирүүгө милдеттендирет;

2) эгерде мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, алардын кызмат адамдарынын актылары, аракеттери (аракетсиздиги) мыйзамга ылайык экендиги, алардын ыйгарым укуктарынын чегинде жасалгандыгы жана арыз ээсинин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбагандыгы аныкталса, арыз ээсинин талаптарын канааттандыруудан баш тартылат.

4. Ченемдик укуктук актыны жараксыз деп таануу жөнүндө арызды кароонун жыйынтыгында сот чыгарууга укуктуу, ал чечим менен:

1) эгерде арыздын негиздүүлүгү аныкталса, даттанылып жаткан акты толугу менен же бөлүгү жараксыз деп таанылат. Эгерде ушул акты мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган болсо, чечимдин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ошол жалпыга маалымдоочу каражаттарын чыгарылган чечим жөнүндөгү билдирүүнү сот белгилеген мөөнөттө жарыялоого милдеттендирет;

2) эгерде арыздын негизсиздиги аныкталса, аны канааттандыруудан баш тартылат.

5. Ченемдик укуктук актыны толугу менен же айрым бир бөлүгүн жараксыз деп тааныган сот чечими ушул актыны кабыл алган мамлекеттик бийлик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана кызмат адамы үчүн, даттанылган ченемдик актынын колдонулушу укуктарына жана эркиндиктерине таасирин тийгизген жарандар, юридикалык жактар, башка жактардын аныкталбаган чөйрөсү үчүн милдеттүү болуп саналат. Бул чечим преюдициалдык күчкө ээ болот жана чечим чыгарылган ченемдик укуктук актынын мыйзамдуулугу башка жарандар, юридикалык жактар, прокурор тарабынан жаңыдан талашка чыгарылышы мүмкүн, бирок анын соттук текшерүүнүн объектиси болбогон бөлүгүндө гана.

## 27-Глава

Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштер боюнча сот ишин жүргүзүү (Глава КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

## 28-Глава

Жарандар, юридикалык жактар, прокурорлор тарабынан ченемдик укуктук актылар талашылгандагы сот ишин жүргүзүү (Глава КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды) IV. ӨЗГӨЧӨ СОТ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ

## 29-Глава

Жалпы жоболор

### [270-статья. Өзгөчө сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу иштер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-270)

Өзгөчө сот ишин жүргүзүү тартибинде сот:

1) юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо жөнүндөгү;

2) жаранды дайынсыз жок деп табуу же жаранды өлгөн деп жарыялоо жөнүндөгү;

3) жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү;

4) бойго жете электи толук аракетке жөндөмдүү деп табуу (эмансипация) жөнүндөгү;

5) кыймылдуу мүлктү ээси жок деп табуу жөнүндөгү жана ээси жок кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндөгү;

6) жоголуп кеткен көрсөтүүчүгө карата баалуу кагаздарга жана ордердик баалуу кагаздарга карата укукту калыбына келтирүү жөнүндөгү (чакыруу ишин жүргүзүү);

7) жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндөгү;

8) жарандык абалды каттоодогу туура эместиктерди аныктоо боюнча;

9) нотариалдык иш-аракеттерди жасаганга же аны аткаруудан баш тартканга карата арыздар боюнча иштерди карайт.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен өзгөчө сот ишин жүргүзүүгө башка иштер да тийиш кылынышы мүмкүн.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [271-статья. Өзгөчө жүргүзүлүүчү иштерди кароо тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-271)

1. Өзгөчө жүргүзүлүүчү иштер сот тарабынан ушул Кодекстин 30-38-главаларында белгиленген алымча, кошумчалары менен доо ишин жүргүзүү эрежелери боюнча каралат.

2. Өзгөчө жүргүзүлүүчү иштер сотто арыз берүүчүнүн, таламдаш жарандардын жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн, ал эми мыйзамда жана ушул Кодексте белгиленген учурларда, прокурордун катышуусу менен каралат.

3. Эгерде өзгөчө жүргүзүлүүчү ишти сотто кароодо сотко караштуу укук боюнча талаш-тартыш бар экендиги аныкталса, анда сот аныктама чыгарып, анда арыз берүүчүгө жана таламдаш башка жактарга алардын талаш-тартыш маселени өзгөчө иш жүргүзүлүүчү сотто доо боюнча иш жүргүзүү тартибинде чечип алуу укугу түшүндүрүлөт. Аныктамада ошондой эле таламдаш жактар ушул Кодекстин 132- жана 133-статьяларынын талаптарын сот белгилеген мөөнөттө аткарууга тийиш экендиги түшүндүрүлөт. Бул талаптар аткарылбаган учурда арыз кароосуз калтырылат, ал эми таламдаш тараптар жалпы негизде доо коюуга укуктуу.

4. Талаш-тартыш пайда болгон ишти сот, таламдаш тараптар анын бул сотто каралышына каршы болгон учурда каралуу тиешелүүлүгү боюнча башка сотко өткөрүп берет.

## 30-Глава

Юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо

### [272-статья. Юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо боюнча иштер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-272)

1. Сот жарандардын же юридикалык жактардын жекече же мүлктүк укуктарынын пайда болушуна, өзгөрүшүнө жана токтотулушуна таасир этүүчү фактыларды аныктайт.

2. Сот төмөнкү фактыны аныктоо боюнча иштерди карайт:

1) жактардын бир тууганчылык мамилелерин;

2) жактын багууда болушун;

3) төрөлүүнү, багып алууну, никени, ажырашууну жана өлүмдү каттоо;

4) мыйзамда белгиленген учурларда, жубайлардын биринин өлүмүнө байланыштуу жарандык абалды каттоо органдарында никени каттоо мүмкүн болбосо, иш жүзүндө никеде болгондугун;

5) ата экендигин аныктоо;

6) документте көрсөтүлгөн аты, атасынын аты жана фамилиясы бул адамдын паспортундагы же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү атына, атасынын атына жана фамилиясына туура келбеген учурда укукту белгилөөчү документтин таандуулугун;

7) кыймылсыз мүлккө менчик укугунда ээлик кылууну, пайдаланууну жана тескөөнү;

8) кырсыктын болгондугун;

9) жарандык абалды каттоо органдары өлүмдү каттоодон баш тарткан учурда адамдын белгилүү бир убакта, белгилүү бир кырдаалда өлгөндүгүн;

10) мурасты кабыл алууну жана мурас ачылган жерди;

11) эгерде мыйзамдарда аларды аныктоонун бөлөк тартиби белгиленбесе, юридикалык мааниси бар башка фактыларды аныктоо боюнча иштерди карайт.

### [273-статья. Юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо үчүн зарыл шарттар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-273)

Сот юридикалык мааниси бар фактыларды арыз берүүчү бул фактыларды күбөлөндүргөн документтерди башкача жол менен ала албаган учурда же болбосо жоголуп кеткен документтерди калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурда аныктайт.

### [274-статья. Арызды берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-274)

Юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо үчүн арыз аны берүүчүнүн жашаган жери боюнча берилет. Буга кыймылсыз мүлктү менчик укугунда ээлөө, пайдалануу жана тескөө фактысын аныктоо боюнча арыз кирбейт, мындай арыз кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери боюнча берилет.

### [275-статья. Арыздын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-275)

Арызда бул факт арыз берүүчүнүн кайсы максаты үчүн аныкталууга зарыл экендиги, ошондой эле арыз берүүчүнүн бул фактыларды ала албагандыгын же болбосо жоголуп кеткен документтерди калыбына келтирүү мүмкүн болбогондугун ырастаган далилдер келтирилет.

### [276-статья. Арыз боюнча соттун чечими](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-276)

1. Сот фактыны аныкталды деп эсептеген учурда ал чечимде факт кайсы максат үчүн аныкталгандыгын, ошондой эле фактыны аныкталды деп табуу үчүн негиз болгон далилдерди келтирүүгө милдеттүү.

2. Соттун чечими фактыны ырастаган документ болуп эсептелет жана жарандык абалды каттоо органдарында катталууга же башка органдарда жазылууга тийиш болгон фактыга карата бул органдар тарабынан берилүүчү документти алмаштырбастан мындай каттоо жана жазуу үчүн негиз болот.

## 31-Глава

Жаранды дайынсыз жок деп табуу жана жаранды өлгөн деп жарыялоо

### [277-статья. Арызды берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-277)

Жаранды дайынсыз жок деп табуу же жаранды өлгөн деп жарыялоо боюнча арыз таламдаш жак тарабынан арыз берүүчүнүн жашаган жери боюнча берилет.

### [278-статья. Арыздын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-278)

Арызда арыз берүүчүгө жаранды дайынсыз жок деп табуу же жаранды өлгөн деп жарыялоо кайсы максат үчүн зарыл экендиги көрсөтүлөт, ошондой эле жарандын дайынсыз жок экендигин ырастаган жагдайлар же болбосо дайынсыз жок болгон жарандын өлүмүнө себеп болгон жагдайлар же аны кандайдыр бир кырсыктан курман болду деп эсептөө үчүн негиздер жазылат. Аскер кызматкерлери же согуштук аракеттерге байланыштуу дайынсыз жок болгон адамдар боюнча арызда согуш аракеттери токтотулган датасы жазылат.

### [279-статья. Арызды кабыл алгандан кийинки соттун иш-аракеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-279)

1. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судья дайынсыз жок болгон жаран жөнүндө кайсы жактар маалымат бере ала тургандыгын аныктайт, ошондой эле дайынсыз жок болгондун белгилүү болгон акыркы жашаган жана иштеген жери боюнча тиешелүү уюмдардан ал тууралуу болгон маалыматтарды сурап алат.

2. Арызды кабыл алгандан кийин судья дайынсыз жок болгон жарандын мүлкүнүн жайгашкан жери боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө мүлктү башкаруучуну дайындоону сунуш кыла алат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [280-статья. Арыз боюнча соттун чечими](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-280)

1. Жаранды дайынсыз жок болгон деп табуу жөнүндөгү соттун чечими анын мүлкүн үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм бул мүлктү ишенимдүү башкаруу (зарыл болгон учурда туруктуу башкаруу) жөнүндөгү келишим түзгөн жакка өткөрүп берүү үчүн негиз болот.

2. Жарандын өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндөгү соттун чечими жарандык абалды каттоо органы тарабынан жарандын өлгөндүгү жөнүндөгү жазууну жарандык абалды каттоо китебине киргизүү үчүн негиз болот.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [281-статья. Дайынсыз жок же өлгөн деп табылган жарандын келгендигинин же анын турган жеринин аныкталгандыгынын натыйжасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-281)

1. Дайынсыз жок деп табылган же өлгөн деп жарыяланган адам келген же анын жүргөн жери табылган учурда сот өзүнүн жаңы чечими менен өзүнүн мурдагы чечимин алып салат.

2. Мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттун жаңы чечими жарандын мүлкүн ишенимдүү башкарууну алып салуу үчүн үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө же жарандык абалды каттоо китебиндеги анын өлүмү жөнүндөгү жазууну жокко чыгаруу үчүн жарандык абалды каттоо органына жиберилет.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## 32-Глава

Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп табуу

### [282-статья. Арызды берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-282)

1. Спирт ичимдиктерин же баңги заттарды ашыкча пайдалангандыгынын, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун натыйжасында жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү иш анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн же прокурордун арызы боюнча козголот.

2. Жаранды психикасынын бузулушунан улам аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, аны менен чогуу жашагандыгына же жашабагандыгына карабастан жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, бир туугандарынын, эже-карындаштарынын) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн же прокурордун, психиатриялык дарылоо мекемесинин арызы боюнча козголот.

3. Жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү арыз ал жарандын жашаган жери боюнча, ал эми ал адам психиатриялык дарылоо мекемесине орноштурулса, анда бул дарылоо мекемесинин жайгашкан жери боюнча берилет.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [283-статья. Арыздын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-283)

1. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү арызда спирт ичимдиктерин же баңги заттарды ашыкча пайдалангандыгы, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылгандыгы менен өзүнүн үй-бүлөсүн оор материалдык шартка кабылткандыгын күбөлөндүргөн жагдайлар жазылууга тийиш.

2. Жаранды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү арызда адам өзүнүн аракеттеринин маанисин түшүнбөй же аларга жетекчилик кыла албай калгандыгынын себеби болгон акыл-эсинин бузулушун күбөлөндүргөн жагдайлар жөнүндө жазылууга тийиш.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [284-статья. Жарандын психикалык абалын аныктоо үчүн экспертиза дайындоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-284)

1. Сот ишти териштирүүгө даярдоо тартибинде жарандын жин оорусу менен ооругандыгы же акыл-эсинин начарлагандыгы жөнүндө жетиштүү негиз болгон учурда анын психикалык абалын аныктоо үчүн экспертиза дайындайт.

2. Аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө иш козголгон адам экспертизадан өтүүдөн анык качкан өзгөчө учурларда сот психиатрдын жана прокурордун катышуусу менен өткөн жыйналышында жаранды соттук-психиатриялык экспертизадан мажбурлап өткөрүү жөнүндө аныктама чыгара алат.

### [285-статья. Арызды кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-285)

1. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү иш сотто жарандын өзүнүн, арыз берүүчүнүн, прокурордун жана үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өкүлүнүн катышуусу менен каралат.

2. Жаранды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү ишти сот арыз берүүчүнүн, прокурордун жана үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өкүлүнүн сөзсүз катышуусу менен карайт. Аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө иши каралып жаткан жаран, эгерде анын ден соолугунун абалы мүмкүндүк берсе, соттун жыйналышына чакырылышы мүмкүн.

3. Жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү ишти кароого байланыштуу соттун чыгымдарын төлөөдөн арыз берүүчү бошотулат. Сот арыз берген үй-бүлө мүчөлөрү жарандын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөө же аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу максатында арыз берүү менен абийирсиз иш кылгандыгын аныктоо менен, алардан соттун бардык чыгымдарын төлөтүп алат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [286-статья. Арыз боюнча соттун чечими](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-286)

1. Жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун чечими үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген адам үчүн камкорчуну дайындоосуна негиз болот.

2. Жаран аракетке жөндөмсүз деп табылган соттун чечими үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн аракетке жөндөмсүз адам үчүн камкорчуну дайындоосуна негиз болот.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [287-статья. Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген дегенди алып салуу жана жаранды аракетке жөндөмдүү деп табуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-287)

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 65-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда, сот жарандын өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн же прокурордун арызы боюнча жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген дегенди алып салуу жөнүндө чечим чыгарат. Соттун чечиминин негизинде жаранга белгиленген камкордук алып салынат.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 64-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда сот камкорчунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын, психиатриялык дарылоо мекемесинин, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн, прокурордун арызы боюнча жана соттук-психиатриялык экспертизанын тиешелүү корутундусунун негизинде жаранды аракетке жөндөмдүү деп табуу жөнүндө чечим кабыл алат. Соттун чечиминин негизинде ага белгиленген камкордук алып салынат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## 33-Глава

Жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация)

### [288-статья. Арызды берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-288)

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 62-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда он алты жашка чыккан жашы жете элек өспүрүм аны толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо жөнүндөгү арыз менен жашаган жери боюнча сотко кайрыла алат.

2. Арыз сотто ата-энесинин, багып алган ата-энесинин экөөнүн тең же камкорчусунун макулдугу болбогон же үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм жашы жете электи аракетке жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тарткан учурда кабыл алынат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [289-статья. Арызды кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-289)

Арыз сотто сөзсүз түрдө арыз берүүчүнүн, ата-энесинин, багып алган ата-энесинин бирөөнүн же экөөнүн, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн катышуусу менен каралат. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [290-статья. Эмансипация жөнүндөгү арыз боюнча соттун чечими](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-290)

1. Сот арызды олуттуу карап чыгып, арыздын канааттандырылгандыгы же четке кагылгандыгы жөнүндө чечим чыгарат.

2. Арыз канааттандырылган учурда эмансипация жөнүндөгү соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он алтыга чыккан жашы жете элек толук аракетке жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп табылат.

### [291-статья. Эмансипация жөнүндөгү арызды алып салуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-291)

1. Жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп жарыялоо жөнүндөгү чечимди алып салуу тууралуу арыз ата-энеси, багып алган ата-энеси же камкорчусу, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр тарабынан жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алган сотко же мындай чечим кабыл алган үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча берилет.

2. Жетиштүү негиздер болгон учурда сот үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп жарыялоо жөнүндөгү чечимин алып салуу тууралуу чечим кабыл алат жана он алтыга чыккан жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тарта алат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## 34-Глава

Кыймылдуу мүлктү ээси жок деп табуу жана ээси жок кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [292-статья. Арызды берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-292)

1. Кыймылдуу мүлктү ээси жок деп табуу жөнүндөгү арыз ага ээлик кылууга киришкен жак тарабынан арыз берүүчүнүн жашаган же жайгашкан жери боюнча берилет.

2. Ээси жок кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндөгү арыз анын жайгашкан жери боюнча коммуналдык мүлктү башкаруу ыйгарым укугуна ээ болгон орган тарабынан берилет.

### [293-статья. Арыздын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-293)

1. Кыймылдуу мүлктү ээси жок деп табуу жөнүндөгү арызда кайсы буюм ээси жок деп табылууга тийиш экендиги, анын өзгөчөлөнгөн негизги белгилери жазылып, буюмдун ээси аны менчик укугун сактоого ниеттенбестен калтырып койгондугунун далилдери жана арыз берүүчүнүн ага ээлик кылууга киришкендигинин далилдери келтирилүүгө тийиш.

2. Коммуналдык мүлктү башкаруу ыйгарым укугуна ээ органдын кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндөгү арызында кыймылсыз мүлк качан жана ким тарабынан эсепке алынгандыгы көрсөтүлүүгө, ошондой эле буюмдун ээси аны менчик укугун сактоого ниеттенбестен калтырып койгондугун күбөлөндүргөн далилдер келтирилүүгө тийиш.

### [294-статья. Арызды кабыл алуудан баш тартуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-294)

Сот коммуналдык мүлктү башкаруу ыйгарым укугуна ээ органдын кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндөгү арызын, ал буюмдун мыйзамда белгиленген тартипте эсепке алынгандыгына үч жылдан аз убакыт өткөн учурда, кабыл алуудан баш тартат жана бул иш боюнча сот ишин жүргүзүүнү токтотот.

### [295-статья. Арызды кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-295)

Буюмду ээсиз деп табуу же кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндөгү арыз сотто иш боюнча таламдаш жактардын сөзсүз түрдө катышуусу менен каралат.

### [296-статья. Арыз боюнча соттун чечими](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-296)

1. Сот кыймылдуу мүлктүн ээси жок же ага карата менчик укугун сактоо ниетисиз калтырылган деп табуу менен кыймылдуу мүлктүн ээси жок деп табуу жана аны ага ээлик кылууга киришкен жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарат.

2. Сот кыймылсыз мүлктүн ээси жок же ага карата менчик укугун сактоо ниетисиз калтырылган жана мыйзамда белгиленген тартипте эсепке алынган деп табуу менен кыймылсыз мүлктүн ээси жок деп табуу жана ал мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө чечим чыгарат.

## 35-Глава

Талап кылуучунун баалуу кагаздарына жана ордердик баалуу кагаздарга карата жоголгон менчик укугун калыбына келтирүү (кайра чакыртуу ишин жүргүзүү)

### [297-статья. Арызды берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-297)

1. Талап кылуучунун баалуу кагаздарын жана ордердик баалуу кагаздарын (мындан ары - документ) жоготуп жиберген жак мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда жоголгон документтерди анык эмес деп табууну жана аларга карата укуктарын калыбына келтирүүнү соттон өтүнө алат. Тиешелүү түрдө эмес сакталгандыктан же башка себептерден улам документ төлөм боюнча сапаттарын жоготуп койгон учурда да документке карата болгон укуктар калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Жоголгон документтерди анык эмес деп табуу жөнүндөгү арыз ал документти берген мекеменин (жактын) жайгашкан жери боюнча берилет.

### [298-статья. Арыздын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-298)

---

> Текст кыскартылды: бул жерде документтин 394792 белгисинин алгачкы 249741 белгиси гана. Толук тексти - https://aqlex.ai/kg/doc/12 барагында

Бул жерге толук кирбеген беренелер (Markdown):

- [298-статья. Арыздын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-298.md)
- [299-статья. Арызды алгандан кийинки судьянын иш-аракеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-299.md)
- [300-статья. Документтерди кармоочунун арызы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-300.md)
- [301-статья. Документти кармоочудан арыз келип түшкөндөн кийинки соттун иш-аракеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-301.md)
- [302-статья. Жоголгон документти анык эмес деп табуу жөнүндөгү арызды кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-302.md)
- [303-статья. Арыз боюнча соттун чечими](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-303.md)
- [304-статья. Документти кармоочунун мүлктү негизсиз сатып алуу жөнүндө доо коюу укугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-304.md)
- [305-статья. Арыз берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-305.md)
- [306-статья. Арыз берүү мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-306.md)
- [307-статья. Арызды карап чыгуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-307.md)
- [308-статья. Иш боюнча чечим](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-308.md)
- [309-статья. Арыз берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-309.md)
- [310-статья. Арыздын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-310.md)
- [311-статья. Арыз боюнча соттун чечими](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-311.md)
- [312-статья. Арыз берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-312.md)
- [313-статья. Арыздарды карап чыгуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-313.md)
- [314-статья. Арыз боюнча соттун чечими](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-314.md)
- [315-статья. Апелляциялык даттануу укугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-315.md)
- [316-статья. Апелляциялык даттануу берүү тартиби жана мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-316.md)
- [317-статья. Алелляциялык даттануунун же талаптын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-317.md)
- [318-статья. Апелляциялык даттанууну же талапты карай турган соттор](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-318.md)
- [319-статья. Апелляциялык инстанциядагы ишти карап чыгуу мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-319.md)
- [320-статья. Апелляциялык даттанууну же талапты кыймылсыз калтыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-320.md)
- [321-статья. Апелляциялык даттанууну же талапты кайра кайтаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-321.md)
- [322-статья. Апелляциялык даттанууну же талапты алгандан кийин судьянын иш-аракети](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-322.md)
- [323-статья. Апелляциялык даттанууга кошулуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-323.md)
- [324-статья. Апелляциялык даттанууга каршы пикир](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-324.md)
- [325-статья. Апелляциялык даттануудан же талаптан баш тартуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-325.md)
- [326-статья. Доогердин доодон баш тартышы жана тараптардын жарашуу макулдашуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-326.md)
- [327-статья. Апелляциялык инстанциядагы соттун отурумун дайындоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-327.md)
- [328-статья. Ишти апелляциялык инстанциядагы сотто карап чыгуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-328.md)
- [329-статья. Апелляциялык инстанциядагы соттук териштирүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-329.md)
- [330-статья. Апелляциялык инстанциядагы соттун отурумунун протоколу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-330.md)
- [331-статья. Апелляциялык даттанууну жана талапты караган учурдагы аппеляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-331.md)
- [332-статья. Апелляциялык тартипте соттун чечимин алып салууга же өзгөртүүгө негиздер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-332.md)
- [333-статья. Иш боюнча ишти токтотуу же арызды карабастан калтыруу менен чечимди алып салуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-333.md)
- [333-1-статья. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгаруу жана ишти жаңыдан кароого кайтаруу үчүн негиздер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-333-1.md)
- [334-статья. Ишти кайрадан карап чыгууга кайтарууга негиздер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-334.md)
- [335-статья. Апелляциялык соттун актысы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-335.md)
- [336-статья. Апелляциялык чечимдин жана аныктаманын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-336.md)
- [337-статья. Апелляциялык инстанциядагы соттун жеке аныктамасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337.md)
- [337-1-статья. Кассациялык даттануу укугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-1.md)
- [337-2-статья. Кассациялык даттануу же талап берүү тартиби жана мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-2.md)
- [337-3-статья. Кассациялык даттануунун же талаптын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-3.md)
- [337-4-статья. Даттанууну же талапты карай турган соттор](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-4.md)
- [337-5-статья. Кассациялык инстанциядагы соттун ишти кароо мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-5.md)
- [337-6-статья. Кассациялык даттанууну же талапты кайра кайтаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-6.md)
- [337-7-статья. Судьянын кассациялык даттануу же талап алгандан кийинки аракеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-7.md)
- [337-8-статья. Кассациялык инстанциядагы соттун отурумун дайындоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-8.md)
- [337-9-статья. Ишке катышуучу адамдарга кабар кылуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-9.md)
- [337-10-статья. Соттун чечимин аткарууну токтото туруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-10.md)
- [337-11-статья. Кассациялык даттанууну же талапты кароонун тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-11.md)
- [337-12-статья. Кассациялык даттанууну же талапты кайра алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-12.md)
- [337-13-статья. Ишти кароонун чектери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-13.md)
- [337-14-статья. Кассациялык инстанциянын ыйгарым укуктары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-14.md)
- [337-15-статья. Кассациялык инстанциянын соттук актыларды бузушуна же өзгөртүшүнө карата негиздер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-15.md)
- [337-16-статья. Кассациялык инстанциянын токтому же аныктамасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-16.md)
- [337-17-статья. Кассациялык инстанциянын токтомунун же аныктамасынын мыйзамдуу күчүнө кириши](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-17.md)
- [337-18-статья. Кассациялык инстанциялык соттун жекече аныктамасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-18.md)
- [338-статья. Биринчи инстанциядагы соттун аныктамаларына апелляциялык тартипте даттануу укугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-338.md)
- [339-статья. Жеке даттанууларды же талаптарды берүү жана карап чыгуу мөөнөтү, тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-339.md)
- [340-статья. Жеке даттанууну же талапты карап чыгууда апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-340.md)
- [341-статья. Жеке даттануу же талап боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциядагы аныктама мыйзамдуу күчүнө кириши](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-341.md)
- [342-статья. Көзөмөл тартибинде кайра каралышы мүмкүн болгон сот актылары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-342.md)
- [343-статья. Көзөмөл тартибинде каралууга тийиш болгон даттанууларды жана талаптарды берүүгө укуктуу жактар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-343.md)
- [344-статья. Көзөмөл тартибинде даттанууларды же талаптарды берүү мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-344.md)
- [345-статья. Даттануунун же талаптын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-345.md)
- [346-статья. Көзөмөл тартибинде даттанууну, талапты берүү тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-346.md)
- [347-статья. Көзөмөл тартибинде даттанууну, талапты алгандан кийин биринчи инстанциядагы соттун иш-аракети](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-347.md)
- [348-статья. Ишти даттануулар жана талаптар боюнча көзөмөл тартибинде караган сот](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-348.md)
- [349-статья. Даттанууну же талап кылууну алдын ала кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-349.md)
- [350-статья. Соттун чечимин аткарууну токтото туруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-350.md)
- [351-статья. Даттанууну жана талап кылууну кароо тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-351.md)
- [352-статья. Даттанууну же талап кылууну чакыртып алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-352.md)
- [353-статья. Көзөмөл тартибинде даттанууларды жана талаптарды кароо мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-353.md)
- [354-статья. Ишти кароонун чектери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-354.md)
- [355-статья. Ишке катышкан жактарга кабар кылуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-355.md)
- [356-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын ыйгарым укуктары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-356.md)
- [356-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун ыйгарым укуктары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-356-1.md)
- [357-статья. Көзөмөл тартибинде сот актысын алып салуу же өзгөртүү үчүн негиздер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-357.md)
- [358-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актылары](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-358.md)
- [359-статья. Көзөмөл инстанциясындагы соттун токтомунун мыйзамдуу күчүнө кириши](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-359.md)
- [360-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жеке аныктамасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-360.md)
- [361-статья. Кайра кароонун негиздери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-361.md)
- [362-статья. Жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча сот актыларын кайра караган соттор](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-362.md)
- [363-статья. Арызды берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-363.md)
- [364-статья. Арыз берүү үчүн мөөнөттү эсептөө](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-364.md)
- [365-статья. Арызды кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-365.md)
- [366-статья. Ишти кайра кароо жөнүндө соттун аныктамасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-366.md)
- [367-статья. Чет өлкөлүк жактардын процесстик укуктары жана милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-367.md)
- [368-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-368.md)
- [369-статья. Чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын жарандык процесстик укук жөндөмдүүлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-369.md)
- [370-статья. Чет өлкөлүк жактар катышкан жарандык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун компетенциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-370.md)
- [371-статья. Өзгөчө компетенция](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-371.md)
- [372-статья. Өзгөчө сот иши боюнча компетенция](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-372.md)
- [373-статья. Сотко таандуулук эрежесин колдонуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-373.md)
- [374-статья. Сотко келишимдик караштуулук](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-374.md)
- [375-статья. Ишти кароочу жердин өзгөрбөстүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-375.md)
- [376-статья. Чет мамлекеттердин соттору караган иштин процесстик кесепеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-376.md)
- [377-статья. Соттук иммунитет](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-377.md)
- [378-статья. Соттук тапшырмалар](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-378.md)
- [379-статья. Чет мамлекеттин органдары берген документтерди таануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-379.md)
- [380-статья. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-380.md)
- [380-1-статья. Чет өлкөлүк укукту колдонуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-380-1.md)
- [381-статья. Чет өлкөлүк соттун аткарууну талап кылбаган чечимин таануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-381.md)
- [382-статья. Экономикалык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-382.md)
- [383-статья. Экономикалык иштердин атайын караштуулугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-383.md)
- [384-статья. Экономикалык иштердин сотко караштуулугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-384.md)
- [385-статья. Банкроттук жөнүндө иштердин сотко караштуулугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-385.md)
- [386-статья. Доо арызынын түрү жана мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-386.md)
- [387-статья. Доо арызына тиркелүүчү документтер](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-387.md)
- [388-статья. Доо арызын кабыл алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-388.md)
- [389-статья. Доо арызын кайра кайтаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-389.md)
- [390-статья. Арызды кароосуз калтыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-390.md)
- [391-статья. Иш боюнча сот ишин жүргүзүү учурунда даректин өзгөрүшү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-391.md)
- [392-статья. Соттун кабарламасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-392.md)
- [393-статья. Тиешелүү түрдө кабарлоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-393.md)
- [394-статья. Ишти кароо мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-394.md)
- [395-статья. Ишти кароону кийинкиге калтыруу. Соттун отурумундагы танапис](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-395.md)
- [396-статья. Экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-396.md)
- [397-статья. Апелляциялык даттанууну кайра кайтаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-397.md)
- [398-статья. Кассациялык даттанууну кайра кайтаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-398.md)
- [399-статья. Көзөмөл тартибиндеги даттанууну кайра кайтаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-399.md)
- [400-статья. Процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-400.md)
- [401-статья. Сот актыларын жана дагы башка органдардын актыларын аткаруу тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-401.md)
- [402-статья. Аткаруу баракчасын берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-402.md)
- [403-статья. Сот аткаруу баракчасынын же сот буйругунун көчүрмөсүн бериши](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-403.md)
- [404-статья. Аткаруу документин жоготкондугу үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-404.md)
- [405-статья. Аткаруу баракчасынын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-405.md)
- [406-статья. Аткаруу баракчасын аткарууга берүү мөөнөттөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-406.md)
- [407-статья. Аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөтүндөгү тыныгуу жана аны калыбына келтирүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-407.md)
- [408-статья. Аткарылууга тийиш болгон сот актысын же дагы башка органдын актысын түшүндүрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-408.md)
- [409-статья. Судьянын аткаруу ишин токтото туруу милдети](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-409.md)
- [410-статья. Судьянын аткаруу ишин токтото туруу укугу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-410.md)
- [411-статья. Аткаруу ишин кайра баштоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-411.md)
- [412-статья. Аткаруу ишин токтотуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-412.md)
- [413-статья. Аткаруу ишин токтото туруу же токтотуу тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-413.md)
- [414-статья. Сот аткаруучусунун чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-414.md)
- [415-статья. Сот актысын же дагы башка органдын актысын аткарган учурда башка адамдардын укуктарын коргоо](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-415.md)
- [416-статья. Сот актысын аткаруунун бурулушу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-416.md)
- [417-статья. Биринчи инстанциядагы сот тарабынан сот актысын аткарууну буруу тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-417.md)
- [418-статья. Аппеляциялык жана кассациялык инстанциядагы же көзөмөл тартибиндеги соттор тарабынан сот актысын аткарууну буруу тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-418.md)
- [419-статья. Банк же дагы башка кредит уюмдары жана башка адамдар тарабынан сот актысын же дагы башка органдын актысын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-419.md)
- [420-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-420.md)
- [421-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын түрү жана мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-421.md)
- [422-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-422.md)
- [423-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуунун негиздери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-423.md)
- [424-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-424.md)
- [425-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-425.md)
- [426-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын түрү жана мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-426.md)
- [427-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароо тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-427.md)
- [428-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуунун негиздери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-428.md)
- [429-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-429.md)
- [430-статья. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-430.md)
- [431-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу жөнүндө арыз](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-431.md)
- [432-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арыздын мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-432.md)
- [433-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арызды кароо тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-433.md)
- [434-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартуунун негиздери](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-434.md)
- [435-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-435.md)
- [436-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-436.md)
- [437-статья. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-437.md)
- [438-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан баш тартуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-438.md)
- [439-статья. Аткарууну талап кылбаган чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-439.md)
- [440-статья. Эларалык соттордун, эларалык арбитраждардын чечимдерин таануу жана аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-440.md)
- [441-статья. Чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын), эларалык бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерин таануу жана аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-441.md)
- [442-статья. Чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын), эларалык бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерин таануудан жана аткартуудан баш тартуу](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-442.md)
