Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 10-июлу № 317 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өтө эскирген автотранспорт каражаттарынын санын азайтуу жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын аймагына кыймылдаткычы электр, гибриддик автотранспорт каражаттарын ташып келүүсүнө өбөлгөлөрдү түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн транспорт каражаттарын ташып өткөрүү жөнүндө убактылуу нускамада: 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- ушул токтомдун кабыл алынышы жөнүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдарына белгиленген тартипте кабарласын;
- бир айлык мөөнөттө калкка жана тышкы экономикалык иштин субъекттерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдоо иш-чараларын уюштурсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн транспорт каражаттарын ташып өткөрүү жөнүндө убактылуу нускаманын 1-тиркемеси
Чыгарылган учурдан тартып өткөн мезгил
Чыгарылган жыл
Жеке жактар тарабынан ички пайдалануу үчүн автомобилди чыгаруу менен байланышкан иштерден алынуучу бажы жыйымдары
1 жыл
2018
Алты эсептик көрсөткүч
2 жыл
2017
3 жыл
2016
4 жыл
2015
Төрт эсептик көрсөткүч
5 жыл
2014
6 жыл
2013
7 жыл
2012
8 жыл
2011
9 жыл
2010
10 жыл
2009
11-12 жыл
2008-2007
13 жыл же андан ашык
2006 жана андан ашык
". 2-тиркеме
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн транспорт каражаттарын ташып өткөрүү жөнүндө убактылуу нускаманын 2-тиркемеси
Чыгарылган учурдан тартып өткөн мезгил
8703 10, 8703 21, 8703 22, 8703 23, 8703 31, 8703 32 товардык субпозициялардагы автотранспорттун бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы
8703 24, 8703 33 товардык субпозициялардагы автотранспорттун бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы
8703 40, 8703 50, 8703 60, 8703 60, 8703 70 товардык субпозициялардагы автотранспорттун бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы
8703 80 товардык субпозициялардагы автотранспорттун бир кВт/саат үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы
2018-2019-жылдар(***)
2018-2019-жылдар(***)
2018-2019-жылдар
2018-2019-жылдар
1 жыл
1,4
2,1
0,5
0
2 жыл
1,3
2,0
0,5
0
3 жыл
1,2
1,8
0,5
0
4 жыл
1,1
1,7
0,5
0
5 жыл
1
1,5
0,6
0
6 жыл
0,9
1,4
0,6
0
7 жыл
0,8
1,2
0,6
0
8 жыл
0,7
1,1
0,6
0
9 жыл
0,6
0,9
0,6
0
10 жыл
0,5
0,8
1
0
11-12 жыл
0,4
0,6
4
0
13 жыл жана андан ашык
6
6
6
0
2.2-таблица
Чыгарылган учурдан тартып өткөн мезгил
Чыккан өлкөсүнө карабастан автотранспорттун бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы(**)
3 жылдан ашык эмес
0,25
4-7 жыл
0,3
7 жылдан ашык
0,5
Эскертүү:
1. Ушул тиркемеде автотранспорт каражаттарына бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкалары көрсөтүлгөн:
(*) - ЕАЭБ ТЭШ ТН 8702 товардык позициясында классификациялануучу, айдоочуну кошкондо 12ден ашпаган адамды ташуу үчүн мотордук транспорт каражаттары; 8703 товардык позициясында, ошондой эле 8704 товардык позициясында да классификациялануучу, "PickUp" тибиндеги автотранспорт каражаттары; (**) - айдоочуну кошкондо 12ден ашпаган адамды ташуу үчүн мотордук транспорт каражаттарынан тышкары, 8702 товардык позициясында классификациялануучу, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн автотранспорт каражаттары; "PickUp" тибиндеги автотранспорт каражаттарынан тышкары, 8704 21, 8704 31 товардык субпозициясында классификациялануучу, жүк ташуучу транспорт каражаттары; (***) - бул графаларда белгиленген бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкалары Япониядан ташып келинген, дезактивациядан өткөн, радиациялык фону жогору болгон автотранспорт каражаттарына карата радиациялык фондун жогорулабашы жөнүндө кайталап радиациялык текшерүү актысы болгондо колдонулат. Бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын төлөө бул графага ылайык эсептелген бирдиктүү ставка боюнча ишке ашырылат. Мында бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын аныктоо максатында чыгарылган учурдан тартып өткөн жылдардын саны мындай автотранспорт каражаттары ташып келинген датага карата эсептелет. Радиациялык фону жогору болгон автотранспорт каражатын ташып келүү датасын ырастоочу документ болуп темир жол коштомо кагазы эсептелет. Мисалы: эгерде темир жол коштомо кагазында автотранспорт каражатынын ташып келинген датасы 01.01.2013-жыл экендиги көрсөтүлсө, ошондой эле мындай автотранспорт каражатынын чыгарылган жылы 2003-жыл болсо, анда бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын төлөөнү эсептөө максатында чыгарылган учурдан тартып 11 жыл өттү деп саналат жана ставка 1 куб.см үчүн 0,4 долларды түзөт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Временная инструкция "о перемещении транспортных средств через таможенную границу Евразийского экономического союза в Кыргызской Республике физическими лицами для личного…Инструкция · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Временная инструкция "о перемещении транспортных средств через таможенную границу Евразийского экономического союза в Кыргызской Республике физическими лицами для личного…Инструкция · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон