Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-июлу № 314 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 672-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-беренесинде:
а) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өзүнүн кесиптик кызматтык ишин жүзөгө ашыруу мезгилинде лицензия алган мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, лицензияны алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта иштеген мезгилине лицензияны колдонууну токтото туруу жөнүндө арызы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылууга милдеттүү.";
2) 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешининин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3832-VI "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 11.06.2020 · № 3832-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3833-VI "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 11.06.2020 · № 3833-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3834-VI "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 29.06.2020 · № 3834-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 135
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон