# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 313
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11982>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2192/edition/946312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11982.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому (17.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11982

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 626 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-июлу № 313 Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомунун редакциясына ылайык) "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте:

- 8-главасы жана 5-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
