# Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына тиешелүү МЕМОРАНДУМ

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына тиешелүү МЕМОРАНДУМ
- Актынын түрү: Меморандум
- Номери: 309
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11973>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/32-2/edition/880998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11973.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына тиешелүү МЕМОРАНДУМ (02.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11973

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына тиешелүү МЕМОРАНДУМ Бишкек шаары, 2012-жылдын 23-августу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөттөрү (мындан ары "Тараптар" деп аталат) тарабынан 2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди" ишке ашыруу үчүн төмөндөгүлөр боюнча макулдашышты: 1-берене. Тараптар, 1995-жылдын 17-декабрындагы Бишкекте кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин ортосунда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Уставынын текстине тиешелүү Меморандум" жана анын тиркемесиндеги "Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Уставынын" ордуна мына ушул Меморандум жана "Кыргыз-Түрк "Манас'' университетинин Уставы (мындан ары "Устав" деп аталат) боюнча макулдашышты. Аталган Устав ушул Меморандумдун күчүнө кирген күндөн тартып өз күчүнө кирет. 2-берене. Бул Меморандумга түшүндүрмө берүүдө жана аны иш жүзүнө ашырууда келип чыккан талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет. 3-берене. Бул Меморандум, Тараптар Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү соңку билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишими" иштеп жаткан мөөнөтүндө жарактуу деп эсептелинет. Аталган келишим жокко чыгарылган учурда бул Меморандум дагы жокко чыгарылды деп эсептелинет. Бул Меморандумдун күчүнө кириши менен 1995-жылдын 17-декабрындагы Бишкекте кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин ортосунда Кыргыз-Түрк ''Манас" университетинин Уставынын текстине тиешелүү Меморандум" жана анын тиркемесиндеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Уставы" жокко чыгарылат. Бул Меморандум 2012-жылдын 23-августунда \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында кыргыз жана түрк тилдеринде ар бири эки нускада даярдалды жана эки тилдеги тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ болгон нускаларына кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан

Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан

Канат Садыков

Омер Динчер

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри

Түркия Республикасынын билим берүү министри
