# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-июлундагы № 309 "Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына тиешелүү меморандумду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-июлундагы № 309 "Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына тиешелүү меморандумду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 309
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11971>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2186/edition/882783/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11971.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-июлундагы № 309 "Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына тиешелүү меморандумду бекитүү жөнүндө" токтому (02.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11971

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 2-июлу № 309 Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына тиешелүү меморандумду бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына мамлекеттик тилде тиркелген тиешелүү Меморандум бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Меморандумду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
