# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 302
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11967>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2183/edition/880968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11967.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11967

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 26-июну № 302 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Ченемдик укуктук актыдагы карама-каршылыктарды четтетүү, ошондой эле транспорт каражаттарын кайра каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:

- мамлекеттик тилдеги тексттин 22-пунктунун он сегизинчи абзацындагы "кыймылсыз" деген сөз "кыймылдуу" деген сөз менен алмаштырылсын;

- мамлекеттик тилдеги тексттин 24-пунктунун он экинчи абзацындагы "кыймылсыз" деген сөз "кыймылдуу" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 68-пунктунун үчүнчү абзацындагы "1" цифрасы "0,3" цифралары менен алмаштырылсын;

- 69-пунктунун биринчи абзацындагы "1" цифрасы "0,3" цифралары менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 3-июлунан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
