# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы N 557 "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы N 794 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы N 557 "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы N 794 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 557
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11939>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2174/edition/879757/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11939.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы N 557 "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы N 794 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11939

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 2-августу N 557 "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы N 794 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы N 794 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча "Финансы министрлиги" деген сөз айкашы "финансы" деген сөздүн алдында "Экономика жана" деген сөздөр менен толукталсын;

- "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча комитеттин курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары, комитеттин тең төрагасы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик департаментинин директору;

- жогоруда аталган комитеттин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, комитеттин тең төрагасы болуп; комитеттин мүчөлөрү болуп: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин жардамдарды координациялоо башкармалыгынын начальниги.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ф. Кулов
