Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Азык-түлүк коопсуздугу - 2003» Программасын ишке ашыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 июня 2018 года № 291 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-20.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 28-октябры N 794 "Азык-түлүк коопсуздугу - 2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы N 557 токтомунун редакциясына ылайык) Европалык Шериктештик Комиссиясы менен биргелешип аткарылып жаткан "Азык-түлүк коопсуздугу - 2003" Программасынын бардык шарттарынын аткарылышына жана республикага Европалык Шериктештик Комиссиясынын 9,5 млн.евро өлчөмүндөгү гранттык каражаттарынын өз убагында түшүшүнө контролдукту күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Азык-түлүк коопсуздугу - 2003" Программасын ишке ашырууга катышып жаткан министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана мамлекеттик комиссиялар Европалык Шериктештик Комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга карата реформалардын саясатынын тиркелген Матрицасында айтылган шарттарды кыйшаюсуз аткарышсын (N 1 жана N 2 тиркемелер).
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы "Азык-түлүк коопсуздугу - 2003" Программасына катышып жаткан министрликтердин, ведомстволордун бюджетинин статьяларын өз убагында жана толук көлөмдө каржыласын.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Меморандумга карата жеке менчик сектору тарабынан жүзөгө ашырылуучу азык-түлүк товарларын импорттоонун (N 3а, N 3б жана N 3в тиркемелер) мониторингин жана ырастоочу документтерди берүүнү камсыз кылсын.
4. "Азык-түлүк коопсуздугу - 2003" Программасын башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча комитеттин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы N 794 токтомуна тиркеме
"Азык-түлүк-коопсуздугу - 2003" Программасын ишке ашырууну башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча комитеттин КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы N 557 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, комитеттин төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, комитеттин тең төрагасы болуп; Комитеттин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары, бюджет үчүн жооптуу; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри; Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин жардамдарды координациялоо башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору; Европалык Шериктештик Комиссиясынын Кыргыз Республикасында, Тажикстан Республикасында аккредиттелген делегациясынын Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) жетекчиси; Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн начальниги, Европалык Комиссиянын Кыргыз Республикасында жана Тажикстан Республикасында аккредиттелген, Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) жетекчиси; Европалык Шериктештик комиссиясынын Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинде иштеген туруктуу эксперттери; Европалык Шериктештик Комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинде иштеген туруктуу эксперттери.
Премьер-министрдин Аппаратынын жетекчиси – министр
Б.Талгарбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий статистика иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп…Постановление · 22.04.2020 · № 212
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы N 557 "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын…Постановление · 02.08.2006 · № 557 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.