# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 290
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11937>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2172/edition/879648/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11937.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11937

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-июну № 290 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускамада:

- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн кайрылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам факсимилдик (факсимиле) кол тамгасын пайдаланууга укуктуу, аны менен нотариустун катышуусунда кол коёт, андан кийин нотариус кол тамганын үлгүсүн күбөлөндүрөт жана бул факсимиленин аныктыгы тууралуу күбөлүктү берет.";

- III бөлүмдүн VII бапынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"VII бап. Документтерде коюлган өз колу жана факсимилдик колдордун аныктыгын күбөлөндүрүү";

- 157-пунктунда:

биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "157. Нотариустар мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары мазмуну мыйзамга каршы келбеген жана бүтүмдү баяндабаган документтерде коюлган өз колу жана факсимилдик колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт."; төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: "Нотариустар "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 74-1-беренесине ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга факсимилдик кол тамганы күбөлөндүрүү жөнүндө күбөлүктү берет.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М.Абылгазиев
