# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 288
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2170/edition/879652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11935.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11935

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-июну № 288 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн санаториялык-курорттук камсыздоо тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жободо: -1.3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2.2-пунктунун сегизинчи абзацынын бүткүл тексти боюнча "майыптуулук" деген сөздөр алып салынсын;

- 3.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3.2. Жеңилдетилген санаториялык-курорттук дарыланууга укугу бар адамдарга жеңилдиктер аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 5.4-пункт менен толукталсын:

"5.4. Аскердик санаториянын кабыл алуу бөлүмүндө, эсеп журналында каттоого алынган эс алууга жана дарыланууга келген адамдар тууралуу бардык маалыматтар электрондук базага киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык бөлүмдүн эсеп документтери сыяктуу шарттарда сакталууга тийиш.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
