Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 „Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-июну № 288 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн санаториялык-курорттук камсыздоо тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жободо: -1.3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2.2-пунктунун сегизинчи абзацынын бүткүл тексти боюнча "майыптуулук" деген сөздөр алып салынсын;
- 3.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.2. Жеңилдетилген санаториялык-курорттук дарыланууга укугу бар адамдарга жеңилдиктер аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5.4-пункт менен толукталсын:
"5.4. Аскердик санаториянын кабыл алуу бөлүмүндө, эсеп журналында каттоого алынган эс алууга жана дарыланууга келген адамдар тууралуу бардык маалыматтар электрондук базага киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык бөлүмдүн эсеп документтери сыяктуу шарттарда сакталууга тийиш.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 14 июля 2004 года N 531 "Об утверждении Положения о санаторно-курортном обеспечении в Вооруженных Силах Кыргызской Республики"Постановление · 14.07.2004 · № 531
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2012 · № 517 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча ТИПТҮҮ НУСКАМА (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген)Инструкция · 23.07.2012 · № 517 · Күчүн жоготкон