# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11930>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2165/edition/879376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11930.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (12.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11930

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 12-июну № 282 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы № 197 "Кыймылдуу мүлктүн күрөөсүн каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасын андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
