# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2140/edition/875986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11903

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 17-январы № 28

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби жөнүндө жободо:

9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө багытталган Атайын эсептин каражаттары:

- ведомстволук ишканалардын комплекстүү геологиялык-издөө иштерин (анын ичинде аналитикалык, усулдук, тематикалык иштерин) жүргүзүүнү финансылоого;

- ведомстволук ишканалардын комплекстүү геологиялык чалгындоо иштерин (анын ичинде аналитикалык, усулдук, тематикалык иштерин) жүргүзүүнү финансылоого;

- ведомстволук ишканалардын гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жана башка адистештирилген иштерин жүргүзүүнү каржылоо;

- Комитеттин ведомстволук ишканалары үчүн, издөө, геологиялык чалгындоо, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жана башка адистештирилген иштерин жүргүзүү боюнча негизги каражаттарды сатып алууга пайдаланылат.”.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ж.Исаков
