# 8-статья. Акча операцияларынын эркиндиги

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 06.08.2018 [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 30.04.2009 [Закон КР от 30 апреля 2009 года № 141 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190#diff=1271157..8226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 8-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-8

---

1. Валюталык операциялар инвесторлор тарабынан "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын валюталык жөнгө салуу тууралу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

2. Инвесторлор Кыргыз Республикасында инвестициялоого тиешелүү бардык төлөмдөрдү төлөөдө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын башка бардык валютага эркин алмаштырууга укуктуу.

3. Инвестицияга байланышкан Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк валютадагы бардык акча которуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эркин жана тоскоолдуксуз жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары чет өлкөлүк валютада акча которууларды чектеген ченемдер киргизилгенде, алар чет өлкөлүк инвесторлорго таралбайт. Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн мындай чектөөлөр террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатындагы мыйзамдын негизинде гана киргизилиши мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 141, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-9)
