# 5-статья. Инвестицияларды, мүлктү жана маалыматты Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга жана репатриациялоого кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 5-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-5

---

1. Инвестор ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган ордун толтурууну эркин алмаштыруучу валютада Кыргыз Республикасынын аймагындагы инвестициялардан алынган кирешелердей эле төмөнкүлөрдү кошуп, бирок чектелбестен алып чыгууга же репатриациялоого укуктуу:

а) дивиденддер, пайыздар жана түшүүлөрдүн башка түрлөрү катары инвестициялардан алынган пайданы;

б) Кыргыз Республикасында инвестициялык иш жарым-жартылай же толугу менен токтогондон кийин Кыргыз Республикасына же башка кредиторлорго карата инвестордун милдеттерин аткаруу боюнча зыян келтирбестен инвестициялардан, менчиктен жана мүлк укуктарынан ажыратылгандан кийин инвесторлор алган каражаттар.

2. Мүлктү жана документ түрүндө же электрондук алып жүрүүчүлөрдө жазуу жүзүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагына алгач инвестиция катары алып келген инвестор аталган мүлктү жана маалыматты Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алып чыгууга (квотасыз, лицензиясыз жана тышкы соода ишин тарифсиз жөнгө салуунун башка чараларын ага колдонуусуз) укуктуу.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-41)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-6)
