# 4-статья. Инвестицияларды жана инвесторлорду коргоо кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июня 2004 года №76 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1462)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190#diff=1271153..1271142>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 4-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-4

---

1. Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын аймагында инвестицияларды жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк инвесторлорго Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына карата колдонулуучу экономикалык иштин улуттук режимин түзүп берет.

2. Кыргыз Республикасында инвестициялык иш-аракетке байланыштуу жүргөн чет өлкөлүк инвесторлор, алардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк кызматкерлер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында болуунун шарттары жана тартиби белгиленген аймактардан башка аймактарда эркин жүрүүгө укуктуу.

3. Кыргыз Республикасы өзү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын атынан жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жарандуулугуна, улутуна, тилине, жынысына, расасына, динине, алардын экономикалык иш-аракетти жүргүзүү ордуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам дарында каралган учурларды албаганда, инвесторлор же инвестициялар келген өлкөгө карабастан тењ инвестициялык укуктарды берет.

4. Кыргыз Республикасы өзү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, кызмат адамдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурда, инвесторлордун экономикалык иш-аракетине, укуктарына жана мыйзамдуу таанылган таламдарына кийлигишүүгө тыюу салат.

5. Ушул статьянын жоболорун сактабаган Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кепилденген инвесторлордун бузулган укуктарын жана таламдарын калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат.

7. Республиканын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарында жана социалдык чөйрөсүндө, ошондой эле белгилүү бир аймагында инвестицияларды жүзөгө ашыруучу инвесторлорго өнүгүүнүн мамлекеттик программаларына (долбоорлоруна) ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде инвестициялык жењилдиктер каралышы мүмкүн.

8. Инвестициялар объектке жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иш-аракеттин түрлөрүнө, анын ичинде "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштин лицензиялануучу түрлөрүнө бардык формада жүзөгө ашырылат.

(2004-жылдын 14-июнундагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-3)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-41)
