# 21-статья. Чет өлкөлүктөр менен катышы бар юридикалык жактарды мамлекеттик каттоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190#diff=1271156..1271157>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 21-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-21

---

Чет өлкөлүктөр менен катышы бар юридикалык жактарды, ошондой эле алардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана жоюу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк инвестор кошумча төмөнкүдөй документтерди берет:

- уюмдаштыруучу катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жак - реестрден уюмдаштыруучу өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин ырастоочу, нотариус күбөлөндүргөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосунун мыйзамдаштырылган көчүрмөсүн. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерди мыйзамдаштыруу КМШ мамлекеттеринин катышуучуларынын юридикалык жактары үчүн талап кылынбайт;

- уюмдаштыруучу катары чыккан чет өлкөлүк жак - паспорттун көчүрмөсүн же адамдын инсандыгын ырастоочу башка документти (визанын мөөнөтүн көрсөтүү менен) мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун нотариуста күбөлөндүрүүсү менен.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-20)  
Кийинки берене: [211-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-211)
