# 2-статья. Инвестициялар жана турукташтыруу режими жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 февраля 2015 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205453)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190#diff=1271149..1271150>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 2-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-2

---

1. Инвестициялык режимди жөнгө салуучу мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

2. Ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда, инвестор, ошондой эле ушул статья менен белгиленген шарттарга жооп берүүчү инвестициялануучу ишкана турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып он жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кошумча наркка болгон салыкты кошуп алганда, бирок башка кыйыр салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү албаганда, салыктарды төлөө боюнча (мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кошуп албаганда) өздөрүнө кыйла жагымдуу шарттарды тандап алууга укуктуу. Салыктык жана салыктык эмес укуктук мамилелерде турукташтыруу режимин колдонуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

Турукташтыруу режими турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол койгон инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын турукташтыруу жөнүндө макулдашуусуна кол коюлгандан кийин күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "белгиленген жагымдуу шарттарды пайдалануу укуктарын чектөө үчүн негиз боло албайт.

3. Турукташтыруу режиминин укугуна төмөнкүлөр ээ:

а) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып үч жылдын ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына, анын ичинде инвестициялануучу ишкананын уставдык капиталына жүгүртүүдөгү акциялардын санын, турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча аныкталуучу 3 (үч) миллиондон кем эмес АКШ долларына эквиваленттүү сом суммасындагы уставдык капиталды көбөйтүү жолу менен инвестицияларды салууну жүзөгө ашыруучу инвестор, ошондой эле инвестициялануучу ишкана өзү; же

б) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып беш жылдын ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына, анын ичинде инвестициялануучу ишкананын уставдык капиталына жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү жолу менен турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча аныкталуучу 20 (жыйырма) миллиондон кем эмес АКШ долларына эквиваленттүү сом суммасындагы уставдык капиталды көбөйтүүгө инвестицияларды салган, пайдалуу кендерди изилдөө, издөө, чалгындоо жана иштетүүгө байланышкан иш-аракетти жүзөгө ашыруучу инвестор, ошондой эле инвестициялануучу ишкана өзү.

4. Инвестор тарабынан инвестициялануучу ишканага инвестицияларды салуу боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгы турукташтыруу жөнүндө макулдашууну бузууга жана инвестордон, инвестициялануучу ишканадан алар тарабынан турукташтыруу режимин колдонуунун айынан төлөнбөгөн салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү өндүрүп алуу үчүн негиз болуп саналат.

5. Акционерлердин же инвестордун катышуучуларынын жана/же инвестициялануучу ишкананын курамынын өзгөрүүсү турукташтыруу режимин колдонууга укугунун токтотулушуна жана ушул Мыйзам менен белгиленген анын мөөнөттөрүнүн аякташына алып келбейт.

(КР 2015-жылдын 13-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-3)
