# 18-статья. Инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2022 года № 90 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике", "О третейских судах в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/112420)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190#diff=1271155..1271156>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 18-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-18

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялык талаш-тартыштар укуктук жактан коргоонун башка каражаттарын инвесторлор тарабынан пайдаланылышын жокко чыгарбаган, инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосунда алдын ала макулдашылган колдонулуучу бардык жол-жобого ылайык чечилет.

2. Мындай макулдашуу болбогон учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен инвесторлордун ортосундагы инвестициялык талаш-тартыш мүмкүн болушунча тараптар ортосундагы кеңешүү жолу менен чечилет. Эгерде тараптар мындай кењешүү үчүн жазуу жүзүндө кайрылууну алган күндөн тартып үч айдын ичинде талаш-тартышты тынышуу жолу менен жөнгө салбаса, эгерде чет өлкөлүк инвестор менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын ортосунда талаш-тартыш болгон учурда тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча кайрылуу жолу менен төмөнкүдөй жол-жоболордун бирине ылайык талаш-тартышты кароо жөнүндө чечим кабыл алынбаса, инвестор менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы инвестициялык бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын сот органдарында чечилет:

а) мамлекеттер менен башка мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча Конвенциянын же Борбордун секретариаты тарабынан угууларды өткөрүү үчүн кошумча каражаттарды пайдаланууну жөнгө салуучу эрежелердин негизинде инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык Борборго (ИТЧЭБ); же

б) Эл аралык соода укугу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун комиссиясынын арбитраждык эрежелерине ылайык түзүлгөн арбитражга же эл аралык убактылуу арбитраждык трибуналга (коммерциялык сот).

3. (КР 2022-жылдын 9-августундагы № 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Эгерде тараптар талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн башка бардык жол-жобо жөнүндө макулдаша албаса, чет өлкөлүк инвесторлор менен ата мекендик инвесторлордун ортосундагы бардык инвестициялык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде ички жана эл аралык арбитраж тарабынан каралат.

5. Чет өлкөлүк инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын жеке, юридикалык жактарынын ортосундагы талаш-тартыштар тараптардын макулдашуусу боюнча бейтарап сотунда, анын ичинде андан тышкары жайгашкан жерде чечилиши мүмкүн. Мындай макулдашуу болбогон учурда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-19)
