# 16-статья. Кыргыз Республикасынын жараны болбогон кызматкерлерди тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 16-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-16

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвесторлор Кыргыз Республикасынын жараны болбогон кызматкерлерди эркин жалдоого укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жараны болбогон кызматкерлер ишкананын жетекчи органдарына жалданышы мүмкүн.

2. Инвестордун кызматкерге төлөөчү эмгек акы, сыйакы жана ордун толтуруунун башка түрлөрү, ошондой эле анын башка кирешелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө шарты менен Кыргыз Республикасынан тышкары которулушу мүмкүн.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында инвестициялык иш-аракеттин чегинде чет өлкөлүк жарандардын эмгектик иш-аракет мезгилинде алардын келүүсүнө, кетүүсүнө жана туруусуна көмөктөшөт.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-17)
