# 14-статья. Инвесторлорду колдоону жана коргоону, инвестицияларды илгерилетүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190#diff=1271156..1271157>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 14-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-14

---

1. Кыргыз Республикасында инвесторлорду мамлекеттик колдоо жана коргоо, инвестицияларды илгерилетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Жобого ылайык төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарат:

- мамлекеттик органдар менен инвесторлордун ортосунда байланышты камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасында инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана шарттар жөнүндө маалыматты даярдайт жана таратат;

- конкреттүү иш-аракеттерге карата юридикалык, экономикалык жана башка маселелер боюнча потенциалдуу инвесторлорго кењешин берет;

- инвесторлорго иш-аракет жүргүзүүгө уруксат берилген тартипке байланышкан керектүү маалыматты берет жана зарыл жардамды көрсөтөт;

- иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлорду, эгерде алар мамлекеттик же башка органдар тарабынан мыйзамсыз жана жолтоо болуучу ара-кеттерге кириптер болсо, колдоону жана коргоону кошо алганда, проблемаларын чечүүгө активдүү көмөк көрсөтөт;

- Кыргыз Республикасында инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгат;

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктарын аткарат жана өз компетенциясынын чегинде инвестициялар боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө же кеңештерге катышууга укуктуу;

- эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган чараларды көрөт, эл аралык кызматташтык боюнча иш-чараларды жүргүзөт, чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөөнү жана пайдаланууну уюштурат;

- инвестиция жаатындагы учурдагы же пландаштырылган саясат боюнча мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына кењешин берет;

- таламдаш министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте инвестициялык долбоорлордун жана программалардын конкурсун уюштурат жана өткөрөт;

- Кыргыз Республикасында инвестицияларды илгерилетүүгө, инвесторлорду колдоого жана коргоого багытталган башка функцияларды жүзөгө ашы-

рат.

2. Инвесторлор бирдей негизде инвестицияларды илгерилетүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүүчү өз кызыкчылактарын өнүктүрүү жана коргоо боюнча кызматтардан пайдаланууга укуктуу, бирок милдеттүү эмес.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-15)
