14-статья. Инвесторлорду колдоону жана коргоону, инвестицияларды илгерилетүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Күчүн жоготкон · 12.08.2025 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 августа 2025 года № 198.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44
1. Кыргыз Республикасында инвесторлорду мамлекеттик колдоо жана коргоо, инвестицияларды илгерилетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Жобого ылайык төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарат:
- мамлекеттик органдар менен инвесторлордун ортосунда байланышты камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана шарттар жөнүндө маалыматты даярдайт жана таратат;
- конкреттүү иш-аракеттерге карата юридикалык, экономикалык жана башка маселелер боюнча потенциалдуу инвесторлорго кењешин берет;
- инвесторлорго иш-аракет жүргүзүүгө уруксат берилген тартипке байланышкан керектүү маалыматты берет жана зарыл жардамды көрсөтөт;
- иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлорду, эгерде алар мамлекеттик же башка органдар тарабынан мыйзамсыз жана жолтоо болуучу ара-кеттерге кириптер болсо, колдоону жана коргоону кошо алганда, проблемаларын чечүүгө активдүү көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктарын аткарат жана өз компетенциясынын чегинде инвестициялар боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө же кеңештерге катышууга укуктуу;
- эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган чараларды көрөт, эл аралык кызматташтык боюнча иш-чараларды жүргүзөт, чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөөнү жана пайдаланууну уюштурат;
- инвестиция жаатындагы учурдагы же пландаштырылган саясат боюнча мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына кењешин берет;
- таламдаш министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте инвестициялык долбоорлордун жана программалардын конкурсун уюштурат жана өткөрөт;
- Кыргыз Республикасында инвестицияларды илгерилетүүгө, инвесторлорду колдоого жана коргоого багытталган башка функцияларды жүзөгө ашы-
рат.
2. Инвесторлор бирдей негизде инвестицияларды илгерилетүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүүчү өз кызыкчылактарын өнүктүрүү жана коргоо боюнча кызматтардан пайдаланууга укуктуу, бирок милдеттүү эмес.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1190/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>