# 111-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүүчү инвестициялык макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521); 26.12.2020 [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178); 06.02.2015 [Закон КР от 6 февраля 2015 года № 31 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205440)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190#diff=1271156..1271157>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 111-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-111

---

1. Эгерде инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун демилгечиси болуп инвестор чыккан учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык макулдашууну түзүүгө укуктуу. Эгерде инвестициялык долбоорго инвестор тарабынан жүзөгө ашырылуучу инвестициялардын суммасы 10 миллион АКШ долларынан кем эмести түзгөн жана инвестор жалпы таанылган эл аралык иштиктүү беделге, иш-аракеттин окшош чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун уникалдуу билимдерине жана тажрыйбасына ээ болгон шартта, инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана инвестордун ортосунда тикелей сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлүшү мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана инвестордун ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган жеңилдиктерди жана преференцияларды берүүнү белгилей албайт.

3. Ушул статьянын жоболору Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүдө колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-февралындагы № 31, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-11)  
Кийинки берене: [112-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-112)
