# 10-статья. Инвесторлордун экономикалык өз алдынчалыгы жана инвесторлордун укугун таануу

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 октября 2009 года № 284 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202728)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190#diff=1271147..1271148>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 10-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-10

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, инвесторлор түзүлүүчү юридикалык жактын уставдык капиталынын өлчөмүн, курамын жана түзүмүн эркин тандоого укуктуу.

2. Инвесторлор юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлор менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон экономикалык иш-аракетти жүргүзүүгө укуктуу.

3. Инвесторлор Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен туунду ишканаларды, ошондой эле филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзө алышат. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр башкы (негизги) коом бекиткен жоболордун негизинде иш жүргүзөт жана өз иш-аракетин аларды түзгөн коомдун атынан жүзөгө ашырат. Башкы (негизги) коом филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишине жоопкерчилик тартат.

4. Инвестор келишимдин негизинде өз укуктарын (талаптарга көнүү) жана милдеттерин (карыздарды которуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүүгө укуктуу.

5. Инвесторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу негизде Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат.

6. Инвесторлор Кыргыз Республикасына акча каражаттарын кредиттер, баалуу кагаздар эмиссиялары жана карыз түрүндө тартууга укуктуу. Инвестордун милдеттерин камсыз кылуучу катары анын мүлкү жана ар түрдүү мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарынын түрлөрү пайдаланылышы мүмкүн.

7. Инвестор мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө менчик укугун же менчиктештирилүүчү ишкананын уставдык капиталындагы үлүштөрдү, акцияларды (үлүштөрдү, салымдарды) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуу жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүүгө катыша алат.

8. Инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын баалуу кагаздарын, акцияларды жана мамлекеттик башка баалуу кагаздарды сатып алууга укуктуу.

9. Кыргыз Республикасы жана анын кызмат адамдары интелллектуалдык менчикке жана мүлккө карата инвесторлордун бардык укуктарын, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларга тиешелүү укуктарды тааныйт.

10. Курулуштарга жана курулмаларга менчик укугу өткөн учурда, бул объекттер менен бирге жер участокторун пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда өтөт.

11. Инвестор жер участогун ижаралоого укуктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте алышы мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-11)
