# 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1190)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521); 13.09.2021 [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112294); 13.02.2015 [Закон КР от 13 февраля 2015 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205453); 06.02.2015 [Закон КР от 6 февраля 2015 года № 31 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205440); 23.06.2008 [Закон КР от 23 июня 2008 года № 127 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205030)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190#diff=1271156..1271157>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1137/edition/1271141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1190/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө, 1-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-1

---

1. Инвестициялар - бул пайда алуу жана башка пайдалуу натыйжага ээ болуу максатында экономикалык иш-аракеттин объектилерине салынган, инвестордун менчигинде турган же ал тарабынан тикелей же кыйыр түрдө көзөмөлдөнгөн активдердин бардык түрлөрүнүн төмөнкү түрдөгү материалдык жана материалдык эмес салуулары:

- акча каражаттары;

- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;

- мүлк укуктары (ипотека, мүлктү кармап турууга укук, күрөө жана башкалар);

- акциялар жана юридикалык жак катары катышуунун башка формалары;

- облигациялар жана башка карыз милдеттенмелери;

- мүлктүк эмес укуктар (анын ичинде ишкердик беделин, автордук укуктарды, патенттерди, товардык белгилерди, өнөр жай үлгүлөрүн, технологиялык процесстерди, фирмалык аталыштарды жана ноу-хауну кошо алганда интеллектуалдык менчикке укук);

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген лицензияларга же башка формага негизделген иш-аракетти жүзөгө ашыруучу бардык укуктар;

- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын издөөгө, иштетүүгө, казып алууга же эксплуатациялоого концессияны кошо алганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизделген концессиялар;

- инвестициялоодон алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагында реинвестицияланган пайдалар же кирешелер;

- инвестициялоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка формалары.

Мүлк инвестициялануучу форма же бул форманын өзгөрүшү инвестиция катары анын мүнөзүнө таасирин тийгизбейт. (КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2. Тике инвестициялар - Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн же кайра түзүлүүчү корпорацияланган ишканалардагы добуш берүүчү акциялардын же акционердик коомдун акционерлеринин добуштарынын үчтөн биринен кем эмес пайызына ээлик кылуу, болбосо сатып алуу же корпорацияланбаган ишканаларда мындай катыштын эквиваленти жана инвестор менен инвестициялануучу ишкананын ортосундагы бардык кийинки операциялар, Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүүчү юридикалык жактын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн негизги фонддоруна капитал салуу.

3. Инвестор - тике инвестиция формасында жеке, карыз же тартылган каражаттарды салууну ишке ашыруучу инвестициялык иш-аракеттин субъекти.

Ата мекендик инвестор - Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденти статусуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар; Чет өлкөлүк инвестор - ата мекендик инвестор болуп саналбаган жана Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салууну жүзөгө ашыруучу бардык эле жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде:

1) чет өлкөлүк жаран деп саналган жеке жак же Кыргыз Республикасынан тышкары такай жашоочу жарандыгы жок жактар;

2) юридикалык жак:

чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган; же чет өлкөлүктөрдүн катышы менен түзүлгөн, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюмдаштырылган төмөнкүдөй жактар;

а) чет өлкөлүк бир же андан көп жеке, юридикалык жактарга толук таандык; же

б) жазуу жүзүндө контракт, көпчүлүк добуш берүүчү акцияларды сатуу укугу, аткаруу же байкоочу органдардын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу чет өлкөлүк бир же андан көп жеке, юридикалык жактар контролдоочу жана башкаруучу; же

в) добуш берүүчү акциялардын же чет өлкөдө такай жашоочу чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок жактардын же ушул статьяда аталган юридикалык жактардын менчигинде турган акционерлердин добушунун жыйырмадан кем эмеси;

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жак;

4) юридикалык жак болуп саналбаган чет өлкөлүк уюм;

5) эл аралык уюм.

4. Инвестициялык иш-аракет - инвестордун өз инвестициясына карата иштиктүү аракетти жүзөгө ашыруусу.

41. Инвестициялык макулдашуу - бул инвестордун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, юридикалык жана жеке жактардын ортосунда түзүлүүчү, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тартибин аныктоочу келишим.

42. Инвестициялык долбоор - инвестициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылуучу, белгилүү бир мезгилде белгиленген натыйжага жеткенге чейин инвестицияларды ишке ашырууну караган иш-чаралардын жана документтердин комплекси.

43. Инвестициялык лоттор - бул өзүнө инвестициялык сунушту, долбоордун инфратүзүмүн, активдерди, чийки базаны жана сатуу рыногун талдоону, уруксат берүүчү документтерди жана преференцияларды берүүнү камтыган демилгеленген долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен инвесторго берилүүчү чечимдердин комплекси.

5. Реинвестирлөө - Кыргыз Республикасында инвесторлор инвестициядан алган кирешелердин же пайдалардын эсебинен Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишкерлик иш-аракеттин объекттерине тартылган инвестициялар.

6. Инвестициялык талаш-тартыштар - инвестор менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, кызмат адамдарынын жана инвестициялык иштин башка катышуучуларынын ортосунда инвестицияларды сатууда келип чыгуучу талаш-тартыштар.

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасында инвестицияны илгерилетүүгө жана инвестициялык ишти координациялоону ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик органы. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу орган жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

8. Инвестициялануучу ишкана - Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн, анын иш-аракетине инвестор инвестицияларды салууну жүзөгө ашырган чарбалык шериктик же коом.

9. Турукташтыруу режими - салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген учурда, инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана үчүн жагымдуу укуктук режим.

10. Өзгөчө инвестициялык режим - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган, Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө багытталган атайын режим.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-февралындагы № 31, 2015-жылдын 13-февралындагы № 32, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1190/st-2)
