# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 263
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11893>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2131/edition/882787/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11893.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11893

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-июну № 263 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү боюнча функцияларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө'' токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясында:

- IV бөлүмүнүн 4.2-главасынын төртүнчү абзацы "укуктук тематика боюнча социалдык роликтерди түзүү жана көрсөтүү" деген сөздөрдөн кийин "; (ж) окуучулардын жана студенттердин арасында укуктук тематика боюнча конкурстарды өткөрүү" деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 1.10-пунктундагы "УКМК," деген аббревиатура алып салынсын;

- 2.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 2.9-пункту "БШК (макулдашуу боюнча)" деген сөздөрдөн кийин ", Жогорку сот (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;

- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 2.12-пунктундагы "2016-2017" деген цифралар "2016-2020'" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 2.16-пункт менен толукталсын:

"

2.16

Окуучулардын жана студенттердин арасында укуктук тематика боюнча конкурстарды өткөрүү

2018-2020-жылдары

Окуучулардын жана студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу

БИМ, ЮМ

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
