# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана сатып алуу чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана сатып алуу чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2126/edition/1196582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана сатып алуу чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (24.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11888

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 24-майы № 253 Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана сатып алуу чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомдорунун редакциясына ылайык) Жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин ишин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды, маалыматтык коопсуздукту коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Юстиция министрлигине" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды, маалыматтык коопсуздукту коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:

- 5-пунктундагы "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
