# 9-статья. Коомду уюмдаштыруу

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 9-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-9

---

1. Уюмдаштыруу жолу менен коомду түзүү уюмдаштыруучулардын (уюмдаштыруучунун) чечими боюнча ишке ашырылат.

Коомдун уюмдаштыруучулары коомду уюмдаштыруу жагынан биргелешип иш жүргүзүүнүн тартибин, коомдун капиталынын өлчөмүн, уюмдаштыруучулардын ортосунда жайгаштырыла турган акциялардын категорияларын жана типтерин, аларды төлөөнүн өлчөмүн жана тартибин, коомду түзүү боюнча уюмдаштыруучулардын укуктары менен милдеттерин аныктаган аны түзүү жөнүндө нотариуста тастыкталган өз ара жазуу жүзүндөгү уюмдаштыруу келишимин түзүшөт. Коомду жалгыз адам түзгөн учурда аны уюмдаштыруу тууралу чечим жалгыз гана ушул адам тарабынан кабыл алынат.

2. Уюмдаштыруу чогулушунда уюмдаштыруучулар уставды бекитип, башкаруу органын шайлашат. Коомду түзүү тууралу уюмдаштыруу келишими кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана уюмдаштыруу акциясын чыгаруу жыйынтыгын баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салып туруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттаган учурга чейин колдонулат.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-10)
