# 85-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 85-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-85

---

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилсин.

"Эркин Тоо" газетасынын 2003-жылдын 8-апрелинде № 25 жарыяланды Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып акционердик коомдор 1 жыл ичинде коомдордун уставдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

2. Ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда камтылган ченемдер карама-каршы келген учурда, ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.

3. Ушул Мыйзам киргизилген учурдан тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамынын 2 бөлүгүнүн 4-главасынын 52-79-статьялары;

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-декабрындагы № 148 Мыйзамынын 2-статьясынын 6-11-пункттары;

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 Мыйзамынын 6-статьясынын 2-6-пункттары.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына тиешелүү болгон маселелер боюнча керектүү ченемдик актыларды кабыл алсын.

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

---

Мурунку берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-84)
