# 83-статья. Коом тарабынан маалыматтардын милдеттүү түрдө жарыяланышы

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203639)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282894..1282897>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 83-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-83

---

1. Коом ушул Мыйзамдын 81-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан бөлөк төмөндөгүлөрдү жарыялоого милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда коомдун акцияларын эмиссиялоо проспекти менен кудуреттүү инвесторлордун таанышып чыгуусунун тартиби жана жери жөнүндө маалыматты;

- ушул Мыйзамда белгиленген тартипте коомдун акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу дагы башка маалыматтарды.

2. Коом, анын ичинде жабык коом, облигацияларын жана баалуу кагаздарын ачык жайгаштырган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген көлөмдө жана тартипте маалымат жарыялоого милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-82)  
Кийинки берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-84)
