Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
82-статья. Коом тарабынан акционерлерге маалыматтын берилиши
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Коом акционерлердин төмөндөгүдөй документтерди алышын камсыз кылат:
- коомдун уюмдаштыруу документтерин, коомдун уюмдаштыруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду;
- коомдун мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүлгөнү тууралу күбөлүктү;
- коомдун баалуу кагаздарынын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөргөндүгү тууралу күбөлүктү;
- коомдун ички документтерин;
- мамлекеттик органдарга берилүүчү жылдык, кварталдык, дагы башка отчетторду;
- коомдун баалуу кагаздарынын эмиссияларынын проспекттерин;
- коомдун акционерлеринин жалпы чогулуштарынын, коомдун директорлор кеңешинин жыйналыштарынын, коомдун ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) протоколдорун;
- акционерлерге тиешелүү болгон акциялардын санын жана категориясын көрсөтүү менен коомдун биригишкен адамдарынын тизмелерин;
- коомдун ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) аудитордук уюмдун, мамлекеттик финансы контролунун корутундуларын;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, коомдун уставы, коомдун ички документтери, акционерлердин жалпы чогулушунун, коомдун директорлор кеңешинин чечимдери караштырган дагы башка документтерди;
- коомдун финансылык-чарбалык ишкердигиндеги олуттуу фактыларга тиешелүү, анын ичинде ири бүтүмдөр жана ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр жөнүндө материалдарга.
2. Акционердин талабы боюнча коом ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген документтердин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген дагы башка документтердин көчүрмөсүн суроо-талапты алган күндөн тартып 5 жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө акысын төлөтүү менен берүүгө милдеттүү. Төлөмдүн өлчөмү коом тарабынан белгиленет жана ал документтин көчүрмөсүн даярдоого жана почта аркылуу жөнөтүүгө кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
(КР 2008-жылдын 2-июнундагы № 110, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 июня 2008 года № 110 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коомдун директорлор кеңешинин жыйналыштарынын, коомдун алынып салынды: текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) кошулду: ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) протоколдорун;
- акционерлерге тиешелүү болгон акциялардын санын жана категориясын көрсөтүү менен коомдун биригишкен адамдарынын тизмелерин;
- коомдун алынып салынды: текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) кошулду: ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) аудитордук уюмдун, мамлекеттик финансы контролунун корутундуларын;
- … тийиш.
(КР 2008-жылдын 2-июнундагы № 110, 2025-жылдын 20-июнундагы № алынып салынды: 122 кошулду: 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-82" title="82-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>