# 79-статья. Коомдун бухгалтердик эсеби жана финансы отчеттуулугу

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282906..1282907>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 79-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-79

---

1. Коом Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансы отчетторун берип турууга милдеттүү.

2. Коомдогу бухгалтердик эсептин уюштурулушу, абалы жана аныктыгы, тиешелүү органдарга, Финансылык отчетуулуктун ачык депозитарийине отчетту жана башка финансы отчетторун өз убагында берип туруу, ошондой эле коомдун иштери жөнүндө акционерлерге, кредиторлорго жана массалык маалымат каражаттарына берилүүчү маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык коомдун аткаруу органы тартат.

3. Коомдун жылдык отчету акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө кеминде 30 күн калганда коомдун директорлор кеңеши тарабынан алдын ала бекитилүүгө тийиш.

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-78)  
Кийинки берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-80)
