# 78-статья. Бүтүм жасоого кызыкдар болгондо ага карата талаптарды сактабоонун кесепеттери

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июня 2008 года № 110 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282888..1282889>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 78-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-78

---

1. Бүтүм жасоого кызыкдар болгондо ага карата ушул Мыйзамдын 76 жана 77-статьяларында каралган талаптарды бузуу менен жасалган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз деп табылышы мүмкүн.

2. Кызыкдар жак коомдун жана акционерлердин алдында коомго жана акционерлерге келтирилген зыяндардын өлчөмүндө жоопкерчилик тартат жана ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгында ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен бүтүмдөрдү түзүүдөн улам коомго жана акционерлерге келтирилген зыяндардын ордун толтурууга, ошондой эле коомго мындай бүтүмдөрдөн алынган бардык кирешени кайтарып берүүгө милдеттүү. Эгерде жоопкерчиликти бир нече жак тартса, анда алардын коом алдындагы жоопкерчилиги тилектеш болот.

3. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу аркылуу кызыкдар жак менен бүтүм түзүү жөнүндө чечим кабыл алган коомдун кызмат адамы мындай бүтүмдөн коомго жана акционерлерге келтирилген зыяндардын өлчөмүндө коомдун жана акционерлердин алдында жоопкерчилик тартат.

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык) X Глава Коомдогу эсеп жана отчеттуулук, анын документтери. Коом жөнүндө маалымат

---

Мурунку берене: [77-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-77)  
Кийинки берене: [79-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-79)
