# 77-статья. Анын жасалышына кызыкчылыгы болгон бүтүм түзүү тартибине карата талаптар

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июня 2008 года № 110 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202320)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.06.2025 [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287) (күчүнө кире элек); 02.06.2008 [Закон КР от 2 июня 2008 года № 110 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=13459..34528>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 77-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-77

---

1. Ушул Мыйзамдын 75-статьясында аталган адамдар кызыкдар болгон коом тарабынан бүтүм түзүү жөнүндөгү чечим, коомдун директорлор кеңешинин аны жасоого кызыкпаган директорлордун көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

2. Коом тарабынан бүтүм түзүүгө кызыкдар болгондо, аны жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу ушул Мыйзам менен акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына тиешелүү болгон учурда, ал чечим акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан коомдун добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси менен кабыл алынат. Бул учурда бүтүмдү түзүүгө кызыккан акционерлердин акциялары жалпы добуштардын санын эсептегенге катышпайт, ошондой эле бул маселе боюнча добуш бербейт.

3. Ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүм төмөнкүдөй шарттарда гана түзүлүшү мүмкүн:

- ээликтен чыгарылган мүлк же көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн коом ачган нарк аталган мүлктүн же кызматтардын ушул Мыйзамдын 71-статьясына ылайык аныкталган рыноктук баадан төмөн эмес, же болбосо мүлктү же кызматтарды сатып алуунун наркы ушул Мыйзамдын 71-статьясына ылайык аныкталган ушул мүлктүн же кызматтардын рыноктук баасынан жогору эмес;

- финансылык отчеттуулуктун аудитине катышпаган эксперттин же аудитордук уюмдун ушул бүтүм боюнча отчету болсо.

4. Бүтүм түзүүгө, анын жасалышына кызыкдар болгондо ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген акционерлердин жалпы чогулушунун чечими талап кылынбайт, эгерде:

- бүтүм коомдун башка тарап менен ушул Мыйзамдын 75-статьясына ылайык таламдаш жак ушундай деп таанылган учурга чейин, кадимкидей эле чарбалык иш-аракетти жүзөгө ашыруу процессинде жасалса (акционерлердин кезектеги жалпы чогулушу өткөрүлө турган күнгө чейин мындай чечим талап кылынбайт).

5. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрө турган күнгө карата коом менен башка тараптын ортосунда чарбалык алакалардын уландысы катары жасалуучу бүтүмгө кийин кызыгуу пайда болорун аныктоо мүмкүн болбогон учурда ушул статьянын 3-пунктунун талаптары акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан коом менен башка тараптын ортосунда жасалышы мүмкүн болгон бүтүмдөрдүн мүнөзүн жана суммалардын жогорку чегин көрсөтүү менен келишимдик мамилелерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган шартта аткарылды деп эсептелинет.

6. Эгерде коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы кызыкдар жактар болуп саналса, бүтүм акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен ушул статьянын 3-пунктуна ылайык жасалышы мүмкүн.

7. Бүтүм жасоого кызыкдар болгондо аны түзүү тартибине карата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн.

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы № 110, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-76)  
Кийинки берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-78)
