76-статья. Коом тарабынан бүтүм жасалышына кызыкдарлык жөнүндө маалымат
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
Ушул Мыйзамдын 75-статьясында аталган адамдар коомдун директорлор кеңешине, коомдун ички аудит кызматына (ички аудиторуна) төмөндөгүдөй маалыматтарды жеткирүүгө тийиш:
- өздөрү жеке же биригишкен адам (адамдар) менен бирдикте коомдун добуш берүүчү акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) 20 же андан ашыгыраак пайыздарына ээ болгон юридикалык жактар жөнүндө;
- башкаруу органдарында кызмат орундарын ээлеген юридикалык жактар жөнүндө;
- кызыкдар адамдар катары тааныла турган коом менен болжолдонуп жаткан бүтүмдөрдү (болгон кызыкчылыктын мүнөзүнө жана деңгээлине тийиш болгон бүтүмдүн шарттары жана мүнөзү жөнүндө, бардык олуттуу фактылар жөнүндө) жасоо жөнүндө.
Ачык коом ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдү алардын түзүшү жөнүндөгү маалыматты мындай бүтүм түзүлгөн күндөн тартып 5 күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо аркылуу ачышы, ошондой эле баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бүтүм жөнүндө (болгон кызыкчылыктын мүнөзүнө жана деңгээлине тийиш болгон бүтүмдүн шарттары жана мүнөзү жөнүндө, бардык олуттуу фактылар жөнүндө) маалыматты камтыган билдирүү жибериши керек. Ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдүн шарттары жана мүнөзү жөнүндө маалымат, анын ичинде болгон кызыкчылыктын мүнөзүнө жана деңгээлине тийиш болгон бардык олуттуу фактыларды ачуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коом тарабынан түзүлүүчү коомдун кварталдык, жылдык отчетторуна кошулушу керек. Коом каалаган акционердин талабы боюнча ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүм жөнүндө толук маалыматты берүүгө милдеттүү. (КР 2008-жылдын 2-июнундагы № 110, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
76-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 июня 2008 года № 110 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…75-статьясында аталган адамдар коомдун директорлор кеңешине, коомдун алынып салынды: текшерүү комиссиясына (текшерүүчүсүнө) кошулду: ички аудит кызматына (ички аудиторуна) төмөндөгүдөй маалыматтарды жеткирүүгө тийиш:
- өздөрү жеке же … 2008-жылдын 2-июнундагы № 110, 2025-жылдын 20-июнундагы № алынып салынды: 122 кошулду: 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-76" title="76-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>