# 75-статья. Кызмат адамдарынын жана алардын биригишкен жактарынын коом тарабынан бүтүм жасоого кызыкдарлыгы

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июня 2008 года № 110 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282888..1282889>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 75-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-75

---

Коом тарабынан бүтүм жасоого кызыкдар адамдар катары өзүнүн биригишкен адамы (адамдары) менен бирдикте коомдун добуш берүүчү акцияларынын 20 же андан ашык пайызына ээ болгон коомдун кызмат адамдары, акционер (акционерлер) таанылат, эгерде алар жана (же) алардын жакын туугандары жана (же) алардын аффилирленген адамдары:

- мындай бүтүмдүн тарабы болуп саналышса же ага өкүл же ортомчу катары катышса;

- бүтүмдүн тарабы болуп саналган же ага өкүл же ортомчу катары катышкан юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) 20 же андан ашык пайыздарына ээ болушса;

- бүтүмдүн тарабы болуп эсептелген же ага өкүл же ортомчу катары катышкан юридикалык жактын кызмат адамдары болуп саналышса.

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [74-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-74)  
Кийинки берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-76)
