# 73-статья. Коом тарабынан ири бүтүмдөрдү жасоо

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1528)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282896..1282883>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 73-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-73

---

1. Бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата наркы коомдун активдеринин баланс наркынын 20дан 50гө чейинки пайызын түзгөн ири бүтүмдү жасоо тууралу чечим коомдун директорлор кеңеши тарабынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Коомдун уставында наркы коомдун активдеринин баланс наркынын 20 пайызынан аз болгон бүтүмдү жасоо тууралу директорлор кеңешинин чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн.

2. Бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата наркы коомдун активдеринин баланс наркынын 50 пайызын түзгөн ири бүтүмдү жасоо тууралу чечим коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан коомдун добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем болбогон добушу менен кабыл алынат.

Коомдун уставы менен акционерлердин жалпы чогулушунда коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 пайызынан азыраак нарктагы бүтүм жөнүндө чечим алынышы белгилениши мүмкүн.

3. Коом өзүнө таандык болгон социалдык-маданий максаттарга пайдалануучу объекттерди өзү каалагандай тескегенге укуктуу.

(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [72-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-72)  
Кийинки берене: [74-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-74)
