# 72-статья. Коом тарабынан мүлктүн сатып алынышы же ээликтен ажыратылышы менен байланышкан ири бүтүмдөр

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1528)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282896..1282883>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 72-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-72

---

1. Ири бүтүмдөр болуп коом тарабынан мындай бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө чечим кабыл алган күнгө карата коомдун активдеринин баланстык наркы 10 жана андан ашык пайызын түзгөн бүтүм же өз ара байланыштуу бир нече бүтүмдөр эсептелет.

2. Ири бүтүмдүн жүйөсү болгон мүлктүн баасын аныктоо ушул Мыйзамдын 71-статьясына ылайык коомдун директорлор кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Ушул Мыйзамдын VIII главасынын талаптарын бузуу менен жасалган бүтүмдөр сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [711-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-711)  
Кийинки берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-73)
