# 71-статья. Мүлктүн рыноктук баасын аныктоо

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 71-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-71

---

1. Мүлктүн рыноктук баасы коомдун акцияларынын же башка баалуу кагаздарынын баасын камтуу менен, мүлктүн наркы жөнүндө толук маалыматы болгон жана аны сатууга милдеттүү болбогон сатуучу сатууга макул боло турган баа, ал эми мүлктүн наркы жөнүндө толук маалыматы болгон жана аны сатып алууга милдеттүү болбогон сатып алуучу сатып алууга макул боло турган баа болуп саналат.

2. Эгерде коомдун уставында башкасы белгиленбесе, мүлктүн рыноктук баасы коомдун директорлор кеңешинин чечими менен таанылган рынок котировкаларынын же мүлктү көз карандысыз баалоочулардын корутундусунун негизинде аныкталат.

Ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган учурларда коом мүлктүн рыноктук баасын аныктоого милдеттүү.

3. Мүлктүн рыноктук баасын аныктоого көз карандысыз байкоочуну тартуу ушул Мыйзамдын 70-статьясына ылайык коомдун акционерлеринин өзүнө таандык болгон акцияларын сатып алган учурда милдеттүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [70-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-70)  
Кийинки берене: [711-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-711)
