69-статья. Акционерлердин талабы боюнча коом тарабынан акциялардын сатып алынышы
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Акционерлер - добуш берүүчү акциялардын ээлери өздөрүнө таандык болгон акцияларды толугу менен же бир бөлүгүн сатып алууну төмөндөгүдөй учурларда талап кылууга укуктуу:
- эгерде алар коомду кайра уюштуруу же бүтүм түзүү жөнүндөгү чечимге каршы добуш беришсе, коом кайра уюшулганда же ири бүтүм түзүлгөндө, мындай чечимди коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу кабыл алат;
- коомдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе же алардын укуктарын чектеген коомдун уставынын жаңы редакциясы бекитилсе, эгерде алар тиешелүү чечимдин кабыл алынышына каршы добуш беришкен болсо.
Банк иштерин жүргүзүүчү коомдун акционерлеринин коомдон акцияларды сатып алууну талап кылууга укуксуз.
2. Өздөрүнө таандык болгон акцияларды сатып алууну коомдон талап кылууга укуктуу акционерлердин тизмеси күн тартибине ушул Мыйзамга ылайык добуш берүү акцияларын сатып алууну талап кылуу укугунун пайда болушуна алып келүүчү маселелер киргизилген акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар коомдун акционерлеринин тизмеси түзүлгөн күнгө карата коомдун акционерлеринин реестринин маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
3. Коом тарабынан акциялардын сатып алынышы жалпы чогулушта акцияларды баалоону жана сатып алууну талап кылуу укугунун пайда болушуна алып келүүчү чечим кабыл алынгандан мурдагы алты ай ичиндеги орточо баасынан кем болбогон баа боюнча жасалат.
Эгерде ачык компаниянын акциялары же мындай акцияларга болгон укукту ырастоочу глобалдык депозитардык тил каттар уюштурулган тооруктарда кеминде алты ай бою жүгүртүлсө, мындай акцияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды сатып алуу баасы бул баалуу кагаздарды баалоону жана сатып алууну талап кылуу укугунун келип чыгуусуна алып келген, акционерлердин жалпы чогулушу чечим кабыл алган датадан мурунку алты ай ичинде уюштурулган тооруктардын жыйынтыгы боюнча аныкталган алардын орточо алынган баасынан төмөн болушу мүмкүн эмес. Бул учурда көз карандысыз баалоочуну тартуу талап кылынбайт. Эгерде мындай акциялар уюштурулган тооруктарда жүгүртүлбөгөндүгүнө байланыштуу акциялардын орточо алынган баасын аныктоо мүмкүн болбосо, бааны аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочу тартылат. Ушул статьяда каралган учурларда, банк-депозитарий тарабынан коомдун акцияларына укуктарды ырастоочу глобалдык депозитардык тил каттарды сатып алууда, коомдо акцияларды сатып алуу боюнча кошумча милдеттер пайда болбойт, аларга болгон укуктар алар сатып алган глобалдык депозитардык тил каттар менен күбөлөндүрүлөт.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
69-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алты ай ичиндеги орточо баасынан кем болбогон баа боюнча жасалат. кошулду: Эгерде ачык компаниянын акциялары же мындай акцияларга болгон укукту ырастоочу глобалдык депозитардык тил каттар уюштурулган тооруктарда кеминде алты ай бою жүгүртүлсө, мындай акцияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды сатып алуу баасы бул баалуу кагаздарды баалоону жана сатып алууну талап кылуу укугунун келип чыгуусуна алып келген, акционерлердин жалпы чогулушу чечим кабыл алган датадан мурунку алты ай ичинде уюштурулган тооруктардын жыйынтыгы боюнча аныкталган алардын орточо алынган баасынан төмөн болушу мүмкүн эмес. Бул учурда көз карандысыз баалоочуну тартуу талап кылынбайт. Эгерде мындай акциялар уюштурулган тооруктарда жүгүртүлбөгөндүгүнө байланыштуу акциялардын орточо алынган баасын аныктоо мүмкүн болбосо, бааны аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочу тартылат. Ушул статьяда каралган учурларда, банк-депозитарий тарабынан коомдун акцияларына укуктарды ырастоочу глобалдык депозитардык тил каттарды сатып алууда, коомдо акцияларды сатып алуу боюнча кошумча милдеттер пайда болбойт, аларга болгон укуктар алар сатып алган глобалдык депозитардык тил каттар менен күбөлөндүрүлөт. (КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-69" title="69-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>