# 68-статья. Коомдун акцияларын бириктирүү жана бөлүп жиберүү

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 68-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-68

---

1. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен коом жайгаштырылган акцияларды бириктирүүгө укуктуу, анын натыйжасында коомдун эки же андан көп акциясы ошол эле категориядагы жаңы акцияга конвертирленет. Мында коомдун уставына коомдун жарыя кылынган акцияларынын санына байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Бириктирген учурда бөлүнүн калган акциялар пайда болсо, алар коом тарабынан ушул Мыйзамдын 71-статьясына ылайык аныкталган рынок баасында сатып алынат.

2. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен коом жайгаштырылган акцияларын бөлүп жиберүүгө укуктуу, анын натыйжасында бир акция ошол эле категориядагы эки же андан көп акцияга конвертирленет. Мында коомдун уставына коомдун жарыя кылынган акцияларынын санына байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

3. Коомдун акцияларынын санынын өзгөрүшүн каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-67)  
Кийинки берене: [69-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-69)
