# 67-статья. Жайгаштырылган акциялардын коом тарабынан сатып алынышына чектөөлөр

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 67-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-67

---

1. Коом өзү жайгаштырган акцияларды төмөнкү учурларда сатып алууга укуксуз:

- коом тарабынан чыгарылган акциялардын жыйынтыгы катталганга чейин;

- эгерде сатып алуу учуруна карата коомдо Кыргыз Республикасынын ишканалардын банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык банкроттуктун (кудуретсиздиктин) белгилерине жооп берсе же аталган белгилер бул акцияларды сатып алуунун натыйжасында пайда боло турган болсо.

2. Коом бардык акцияларды сатып алмайынча жайгаштырылган акцияларды сатып алууга укуксуз, аларды сатып алуу талаптары ушул Мыйзамдын 70-статьясына ылайык коюлган.

---

Мурунку берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-66)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-68)
