# 66-статья. Жайгаштырылган акциялардын коом тарабынан сатып алынышы

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282901..1282902>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 66-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-66

---

1. Коомдор, өздөрү жайгаштырган акцияларды өзүнүн акционерлеринин арасында жайылтуу, кийин сатып өткөрүү же жокко чыгаруу үчүн сатып ала алат. Мындай акциялар сатып алынган күндөн тартып бир жылдын ичинде сатылууга тийиш, андай болбогон учурда коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу үч айлык мөөнөт ичинде аталган акцияларды жокко чыгаруу аркылуу коомдун уставдык капиталын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

Коом тарабынан сатып алынган акциялар добуш берүү укугуна ээ болбойт, алар добуш берүүдө эсепке алынбайт, алар боюнча дивиденддер эсептелбейт. Коомдун өзү чыгарган жана сатып алган акциялары менен аларды сатып алгандан бир жыл өткөндөн кийин бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салынат. Коомдун өзү чыгарган жана сатып алган акцияларынын жалпы суммасы коом чыгарган акциялардын жалпы санынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.

2. Коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын азайтуу жөнүндөгү чечиминин негизинде сатып алынган акциялары сатып алынгандан кийин тындырылат.

Эгерде жүгүртүүдө калган акциялардын номиналдык наркы уставдык капиталдын ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мииималдуу өлчөмүнөн аз болуп калса, анда коом жайгаштырылган акциялардын бир бөлүгүн алардын санын азайтуу максатында сатып алуу аркылуу коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз.

3. Акцияларды сатып алуу жөнүндөгү чечимде сатып алынуучу акциялардын категориялары, ар бир категория боюнча сатып алынуучу акциялардын саны, сатып алуу баасы, төлөөнүн түрү жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

Коомдун акцияларды сатып алуу баасы ушул Мыйзамдын 71-статьясына ылайык аныкталат. Белгилүү категориядагы акцияларга ээ болгон ар бир акционер аларды сатып алуу жөнүндө чечимге келгенде аталган акцияларды сатууга укуктуу, ал эми коом аларды сатып алууга милдеттүү. Эгерде сатууга коюлган акциялардын жалпы саны ушул статьяда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен коом тарабынан сатып алына турган акциялардын санынан аша турган болсо, акционерлерден акциялар билдирилген талаптарга пропорциялуу түрдө сатып алынат.

4. Акцияларды сатып алуу жүргүзүлүүчү мөөнөткө кеминде 30 күн калганда коом акцияларын сатып алуу жөнүндө чечим чыгарылган белгилүү категориядагы акциялардын ээлерине - акционерлерге кабарлоого милдеттүү. Кабарламада ушул статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында келтирилген маалыматтар камтылууга тийиш.

5. Артыкчылыктуу акцияларды сатып алуу коомдун уставында каралган баа менен же акциянын рынок наркы боюнча жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [651-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-651)  
Кийинки берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-67)
