# 65-статья. Коомдун кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 20.06.2025 [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287) (күчүнө кире элек); 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111304); 28.07.2008 [Закон КР от 28 июля 2008 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202395); 02.06.2008 [Закон КР от 2 июня 2008 года № 110 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=34528..34610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 65-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-65

---

1. Акционердик коомдун кызмат адамдары болуп төмөндөгүлөр саналат:

- директорлор кеңешинин мүчөлөрү;

- аткаруу органынын мүчөлөрү;

- ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) мүчөлөрү;

- коомдун катчысы;

- (КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Акционерлерге жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө түздөн-түз нускоолорду, буйруктарды же коомдун аткаруу органынын мүчөлөрүнө өтүнүч же сунуш түрүндөгү дагы башка көрсөтмөлөрдү берүү менен коомдун учурдагы ишин башкарууга кийлигишүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленгенден тышкаркы учурларда тыюу салынат.

3. Коомдун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн күнөөлүү иш-аракеттери (аракетсиздиги) менен келтирилген зыян үчүн коом жана акционерлер алдында жоопкерчилик тартышат.

Коомдун директорлор кеңешинин, аткаруу органынын, ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) коомдун зыян тартышына алып келген чечимге каршы добуш берген же добуш берүүгө катышпаган мүчөлөрү коомго келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартышпайт.

4. Ушул статьянын жоболоруна ылайык жоопкерчиликти бир нече адам тарткан учурда, алардын коом алдындагы жоопкерчилиги тилектеш болот.

5. Эгерде финансы-чарбалык иш жөнүндөгү отчет коомдун финансылык абалынын чагылдырылышын олуттуу түрдө бузса, анда коомдун аталган документине кол койгон кызмат адамдары мунун натыйжасында материалдык зыян келтирилген үчүнчү жактардын алдында субсидиардык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы № 110, 2008-жылдын 28-июлундагы № 181, 2016-жылдын 22-мартындагы № 25, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-64)  
Кийинки берене: [651-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-651)
