# 61-статья. Коомдун катчысы

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 61-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-61

---

1. Акционерлеринин саны 50дөн ашыгыраак болгон акционердик коомдордо коомдун катчысынын кызмат орду белгиленүүгө тийиш. Коомдун катчысы - бул директорлор кеңеши же жалпы чогулуш (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) менен шайлана турган кызмат адамы, анын компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:

- коомдун акционерлери менен алардын өз укуктарын ишке ашыруу маселелери боюнча байланышуу;

- коомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча контролдук кылуу;

- акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартиби боюнча акционерлердин сунуштарын түзүү;

- акционерлердин жалпы чогулуштары боюнча материалдар менен коомдун акционерлерин камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдун акционерлеринин жалпы чогулуштарынын, директорлор кеңешинин жыйналыштарынын материалдарын сактоону камсыз кылуу.

2. Коомдун уставында коомдун катчысынын башка да милдеттери каралышы мүмкүн. Акционерлеринин саны 50 жана андан аз болгон акционердик коомдордо коомдун уставында жогоруда аталган маселелер компетенциясына тиешелүү болгон коомдун белгилүү бир адамы же органы көрсөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-62)
