Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
60-статья. Коомдун коллегиалдуу аткаруу органы (башкарма, дирекция)
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Коомдун коллегиалдуу аткаруу органы коомдун уставынын, ошондой эле коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан бекитилүүчү коомдун ички документинин (жобосунун, регламентинин же дагы башка документтин) негизинде иш жүргүзөт, анда чакыруу мөөнөтү, чакыруу жана өткөрүү тартиби, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу тартиби белгиленет.
2. Коомдун коллегиалдуу аткаруу органынын жыйналышында протокол жазылат. Коомдун коллегиалдуу аткаруу органынын жыйналышынын протоколу коомдун директорлор кеңешинин, ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө (ички аудиторуна), аудитордук уюмга алардын талаптары боюнча берилет.
Коллегиалдуу аткаруу органынын жыйналыштарын өткөрүүнү анын жетекчиси уюштурат, ал коллегиалдуу аткаруу органынын бардык документтерине жана жыйналыштарынын протоколдоруна кол коет. Коллегиалдуу аткаруу органынын жетекчиси коомдун уставына, коомдун директорлор кеңешинин жана коллегиалдуу аткаруу органынын чечимдерине ылайык коомдун атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт.
3. Коомдун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөсүнүн милдетин аткарып жаткан адамга башка уюмдардын башкаруу органдарындагы кызмат менен айкалыштырып иштөөгө коомдун директорлор кеңешинин жана акционерлердин жалпы чогулушунун макулдугу менен гана (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) жол берилет.
4. Директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, коомдун уставына, түзүлгөн келишимдерге ылайык каалаган учурда коомдун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү, башкаруучу уюм же башкаруучу менен түзүлгөн келишимдерди буза алат.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органынын жыйналышынын протоколу коомдун директорлор кеңешинин, алынып салынды: текшерүү комиссиясынын кошулду: ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө алынып салынды: (текшерүүчүгө), кошулду: (ички аудиторуна), аудитордук уюмга алардын талаптары боюнча берилет.
Коллегиалдуу … түзүлгөн келишимдерди буза алат.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № алынып салынды: 122 Мыйзамынын кошулду: 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-60" title="60-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>