# 59-статья. Коомдун жеке аткаруу органы (директор, башкы директор)

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 59-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-59

---

1. Коомдун жеке аткаруу органы ишеним катсыз эле коомдун атынан иш жүргүзөт, анын ичинде анын таламдарын билдирет, коомдун атынан бүтүмдөрдү түзөт, кызмат орундарын бекитет, коомдун бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет.

2. Жеке аткаруу органынын милдетин аткарып жаткан адамга башка уюмдардын башкаруу органдарындагы кызмат менен айкалыштырып иштешине коомдун директорлор кеңешинин жана акционерлердин жалпы чогулушунун макулдугу менен гана (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) жол берилет.

3. Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы чогулушунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, коомдун уставына жана түзүлгөн келишимге ылайык каалаган убакта коомдун жеке аткаруу органы менен келишимди бузууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-58)  
Кийинки берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-60)
