Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
58-статья. Коомдун аткаруу органы
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Коомдун учурдагы иштерине жетекчилик коомдун жеке аткаруу органы же коллегиалдуу аткаруу органы (башкарма, дирекция) тарабынан ишке ашырылат.
Эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо, коомдун аткаруу органынын мүчөлөрү акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан ушул Мыйзам же коомдун уставы менен аныкталган тартипте үч жылдан ашпаган мөөнөткө шайланат. Коомдун аткаруу органынын мүчөлүгүнө шайланган адамдар чексиз бир нече жолу кайрадан шайланышы мүмкүн. Эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо, директорлор кеңешинин, акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аткаруу органынын ыйгарым укуктары келишим боюнча коммерциялык уюмга (башкаруучу уюмга) же жеке ишкерге (башкаруучуга) өткөрүп берилиши мүмкүн. Эгерде коомдун уставында башкасы каралбаса, түзүлүүчү келишимдин шарттары коомдун директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. Акциялардын 50 пайызынан ашыгына мамлекет ээ болгон коомдун аткаруу органына шайланган адамдар, алардын иштеген мезгилинде коомдун финансылык көрсөткүчтөрү начарлаган жана/же рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча терс тенденциялар сакталган учурда кайрадан шайланышы мүмкүн эмес. Аны банкроттукка алып келген же канааттандырарлык эмес иши, кынтыктуу жүрүм-туруму же жумуш орду боюнча укук бузууларды жасагандыгы үчүн ээлеген кызматынан четтетилген коомдун кызмат адамдары акцияларынын мамлекеттик пакети бар коомдун башкаруу органдарына шайланышы мүмкүн эмес
2. Акционерлердин жалпы чогулушунун же коомдун директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо коомдун аткаруу органынын компетенциясына учурдагы иштерге жетекчилик кылуунун бардык маселелери кирет. Коомдун аткаруу органы акционерлердин жалпы чогулушунун жана коомдун директорлор кеңешинин чечимдерин аткарууну уюштурат.
3. Коомдун жеке аткаруу органынын, коомдун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, башкаруучу уюмдун же башкаруучунун коомдун учурдагы иштерине жетекчилик кылуу боюнча укуктары менен милдеттери ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары, коомдун уставы, коом менен түзүлүүчү келишим, коомдун укуктук документтери менен аныкталат. Келишимге коомдун атынан коомдун директорлор кеңешинин төрагасы же коомдун директорлор кеңеши ыйгарым укук берген адам кол коет.
4. Жыл сайын акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө кеминде 20 күн калганда коомдун аткаруу органы жылдык отчетту, балансты, кирешелердин жана чыгашалардын эсеп-кысаптарын, жылдык бюджетти даярдап, акционерлердин бул материалдарды алышы үчүн мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга тийиш.
Аткаруу органы жылдык отчетту, балансты, кирешелердин жана чыгашалардын эсеп-кысаптарын, жылдык бюджетти акционерлердин жалпы чогулушуна берүүгө тийиш.
5. Аткаруучу орган үзгүлтүксүз, бирок кварталында кеминде бир жолу директорлор кеңешинин алдында коомдун финансылык-чарбалык иштери жана коомдун максаттарын жана саясатын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.
(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 163, 2016-жылдын 22-мартындагы № 25, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 октября 2011 года № 163 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тарабынан ушул Мыйзам же коомдун уставы менен аныкталган тартипте алынып салынды: бир кошулду: үч жылдан ашпаган мөөнөткө шайланат.
Коомдун аткаруу органынын … № 128, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 163, 2016-жылдын 22-мартындагы № алынып салынды: 25 кошулду: 25, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-58" title="58-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>